Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:01

Карзай президент деп жарыяланды


Доктор Абдулла 7-ноябрдагы кайра шайлоого катышуудан баш тартып, жеңишти президент Карзайга оодара салды.
Доктор Абдулла 7-ноябрдагы кайра шайлоого катышуудан баш тартып, жеңишти президент Карзайга оодара салды.

Президенттикке талапкер Абдулла Абдулла кайра шайлоого катышуудан баш тартканга байланыштуу, БШК Хамид Карзайды жаңы шайланган президент деп жарыялады.

Ооганстандын көз карандысыз шайлоо комиссиясынын төрагасы Азизулла Лудин 7-ноябрда президенттик кайра шайлоо болбойт деп билдирди жана Хамид Карзайды жаңы шайланган президент деп жарыялады. Лудин “узакка созулуп кеткен саясый жараяндын саясый-экономикалык кесепетин” эске алуу менен жана “коопсуздук жагдайынын начарлап кетүүсүнө жол бербөө үчүн” 7-ноябрда шайлоо
Ооганстандын көзкарандысыз шайлоо комиссиясынын төрагасы Азизулла Лудин. Кабыл. 2-ноябрь.
болбойт, деп түшүндүрдү:

-Мына ушул жүйөлөрдүн негизинде жана Конституциянын 156-беренеси менен Шайлоо кодексинин 49-беренесине ылайык, биринчи айлампада көп добуш алган Хамид Карзай мырза экинчи айлампага катышчу бирден бир талапкер болгондуктан, шайлоо комиссиясы Карзай мырзаны жаңы шайланган президент деп жарыялайт.

Бул жарыя БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун Кабылда президент Карзай жана оппозиция лидери Абдулла Абдулла менен кездешкенден көп узабай жасалды. Доктор Абдулла шайлоо калыс жана ачык өтпөйт деп, 1-ноябрда кайра шайлоого катышпай турганын билдирген.

Абдулла жекшемби күнү Карзай менен жолукканда БШКнын башчысын алмаштырууну жана шайлоого тиешеси бар деген бир катар министрлерди кызматтан четтетүүнү талап кылган. Бул жөнүндө президент Карзай 1-ноябрда “Азаттыкка” берген интервьюда айтып
Президент Хамид Карзай "Азаттык" радиосуна интервью берүүдө. Кабыл. 1-ноябрь.
берди:

-Мен ага ырасмий адамдар, министрлер жана БШКнын төрагасы кызматтан мыйзам негизинде гана алына турганын айттым. Ооганстандын көз карандысыз шайлоо комиссиясынын төрагасы нукура мекенчил адам деп ойлом. Мен аны сыйлайм. Биз эки шайлоо ортосунда турганда, талапкер талап кылууда деп эле БШКнын төрагасын кызматтан алып, ордуна жаңы бирөөнү дайындагандай укук президентте жок.

Президент Карзай 7-ноябрдагы кайра шайлоого байланыштуу БШК кандай чечим чыгарбасын, ага моюн сунарын да кошумчалаган.

Пан Гимун 2-ноябрда Кабылда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Шайлоо комиссиясы алдыдагы шайлоо боюнча өз
БУУнун башкатчысы Пан Гимун Кабылда кабарчылардын суроолоруна жооп берүүдө. Кабыл. 2-ноябрь.
бүтүмүн мыйзам чегинде жасайт деген үмүтүн айткан эле:

-Мен доктор Абдулла Абдулланын экинчи айлампага катышуудан баш тартканын жолдо келатып эшиттим. Чечим мыйзамга ылайык кабыл алынат деп ишенем. Ооганстандын көз карандысыз шайлоо комиссиясы конституцияга ылайыктуу чечим жасайт.

Маалымат булактарынын кабарлашынча, батыштык дипломаттар чөйрөсүндө доктор Абдулла жарыштан чыкканга байланыштуу 7-ноябрда шайлоо өткөрүүнүн зарылдыгы жок деген пикир үстөмдүк кылып жаткан.

БШК акыркы бүтүмүн айтардан бир нече саат илгери анын жооптуу кызматкери Дауд Али Нажафи комиссия кайра шайлоо боюнча чечимди мыйзамдын нокотун бузбастан туруп жасайт деп убада кылган:

-Ушуга чейин биз пикирибизди Конституциянын негизинде, шайлоо мыйзамынын негизинде жасаганбыз. Кайра шайлоо боюнча чечим чыгарганда да ушул нуктан чыкпайбыз.

Улуттар Уюму колдогон иликтөө 20-августтагы шайлоодо добуштар көбүн эсе президент Карзайдын пайдасына бурмаланганын аныктагандан кийин, 7-ноябрга кайра шайлоо жарыяланган эле. Саясый өнөктүктүн биринчи айлампасында Карзайды шайлоочулардын 49 проценти колдогон.

Ооганстан: Абдулла шайлоодон баш тартты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:58 0:00

XS
SM
MD
LG