Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:42

Ынтымак курултайында президент батыштык үлгүдөгү демократия кыргызга жукпай атканын айтып, “кеңешме демократиясы” аттуу демократия үлгүсүн көтөрүп чыккан эле. Эмне себептен демократиянын салттуу түрү кыргыз коомчулугуна жукпай келди?

Деги ошол демократиянын маңызын жайылтуу аракети чындап жасалды беле же ага атайылап тоскоолдуктар болуп келдиби?
Өткөн жыйырма жылдай аралыкта Кыргызстан өзүн дүйнөгө демократиялык өлкө катары таанытып келди. Эмнеси болсо да кагаз жүзүндө ошондой болчу, азыр да ошондой.
Акылмандардын ой-пикирлерине, кеңештерине ширелген курултайдан мен “кеңешме демократиясынын” үлгүсүн көрүп турам. К.Бакиев


Ошентсе да биринчи президент Аскар Акаевдин башкаруусунун башында демократиялык процесстер жакшы жүргөнсүгөнү менен, жалпылап айтканда 15 жылдык башкаруусу учурунда деле демократиялык мамлекеттердин тизмесинде Кыргызстан төмөнкү орундарда жүрдү. Учурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда деле ал көрсөткүчтөр жакшырган жок. Адам укуктары жаатында, сөз эркиндиги жаатында да Кыргызстанда көрсөткүчтөр жакшырбай, тескерисинче төмөн түшүүдө. Freedom House уюму жыл башында Кыргызстанды жарым-жартылай эркин өлкөлөрдүн катарынан, эркин эместердин катарына түшүргөн эле.

Президент Курманбек Бакиев болсо Ынтымак курултайынан "кеңешме демократиясынын" үлгүсүн көрүп турганын, буга чейинки адам укуктарына жана шайлоолорго негизделген демократия үлгүсү элге жугары күмөн экенин айтат:
К.Бакиев

- Акылмандардын ой-пикирлерине, кеңештерине ширелген курултайдан мен “кеңешме демократиясынын” үлгүсүн көрүп турам. Ынтымак курултайы – бул, эки күндүк же жылына бир жолу өтүүчү иш-чара эмес. Ал такай иштеген, бийликке акыл кошуп турган “кеңешме демократиянын” ордосу болууга тийиш. Курултайды чакырган кайрылуумда айткандай, өлкө жетекчилиги демократия түспөлүндөгү декоративдик органга муктаж эмес.

Баш мыйзамда Кыргызстан демократиялык баалуулуктарга таянган, жарандын укугун башкы баалуулук катары санаган өлкө экендиги жазылган. Бирок президент ошол эле курултайда жалгыз бир адамдын укуктары башка адамдардын, жалпы коомдун, жаратылыштын укуктарынан ажыратылып калып атканын айтып, адам укуктарынын батыштык системасы кыргыз коомуна сиңерине арсар экенин билдирди.

Демократия жукпай атабы же жуктурбай атышабы?

Чындап эле президент айткандай демократиянын батыштык үлгүсү кыргыз коомчулугуна сиңбей атабы? Деги буга чейин ошол демократиянын шайлоолор менен адам укуктарына негизделген батыштык үлгүсүн киргизүүгө чындап аракеттер жасалды беле?

Саясий илимдердин доктору, профессор Орозбек Молдалиевдин айтымында, тилекке каршы мурунку президенттин тушунда да, кийинки президенттин тушунда да чындап андай аракеттер жасалган жок. Тек гана демократиялык деген түр көргөзүлүп, иш жүзүндө тетири иштер болуп келди:
О.Молдалиев

- Демократиянын батыш үлгүсүнөн башка дүйнөгө модел болуп берчү башка үлгү жок тилекке каршы. Ал эми демократия элге сиңбей койду деген пикирге макул болууга болбойт. Анткени аны чындап киргизүү аракети болгон жок. Албетте, демократия бир күндө эле орноп кетпейт. Бирок жыйырма жылдын ичинде батыш үлгүсүндөгү ошол демократияга көнүп калсак болот эле.

Шайлоодо технологиялар колдонулуп кетет деген шылтоо айтылып атат. Технологияларды ким колдоно алат? Албетте бийлик гана колдоно алат да. Рычаг бийлик колунда да. Шайлоо бузулуп, эл арызданганда адилеттүү сот болбогондуктан ал маселе чечилбей калып атпайбы. Бизде азыр демократия жок. Демократияны чала-була жасап коюп, ошону кайра эле жамандап атабыз...

Демократиянын батыш үлгүсүнөн башка дүйнөгө модел болуп берчү башка үлгү жок тилекке каршы. Ал эми демократия элге сиңбей койду деген пикирге макул болууга болбойт.
О.Молдалиев

Ошондой эле профессор О.Молдалиевдин пикиринде, Ынтымак курултайынын үлгүсүн “кеңешме демократия” деп атоо такыр туура эмес. Анткени, байыркы грекчеден алганда “демократия” деген сөз “эл бийлиги” дегенди түшүндүрүп, өз ичине президент айткан “кеңешме” деген сөздү да камтып турат. Андан тышкары ошол курултайга келген 750 адамдын легитимдүүлүгү да чоң суроолорду жаратат. Себеби, курултай делегаттарынын баары шайланып келбей эле дайындалып келгени жана курултай учурунда тизме аркылуу, алдын-ала белгиленген адамдарга сөз берилип атканы даана көрүнүп турду. “Ошол себептүү бул көз боёмочулуктун бир түрү болуп калды”,- дейт О.Молдалиев.

Ынтымак курултайы жана Халк маслахаты. Окшоштуктар

Дагы бир саясий серепчи Марс Сариевдин айтымында, “кеңешме демократиясы” деген ураан аркылуу кыргыз элин бийликтер архаикалык доорго карай, алдыга эмес эле артка тарта башташты. Анын пикиринде, “кеңешме демократия” деген шылтоо менен бийликтегилер элди биротоло “кыңк” дедирбей башкаруу ниетин көрсөтүүдө жана мындай жол Түркмөнстандыкына окшош:
М.Сариев

- Демократия бир эле болот. Ал батыштан келаткан, өнүккөн өлкөлөрдөн келаткан демократия. Мындан жакшы демократияны дүйнөдө эч ким ойлоп таба элек. Бул “кеңешме демократия” деген нерсе бийликтин кызыкчылыгына байланыштуу. Биз араң батышка жакындап баратканда, демократияга баратканда анын тамырын чаап салып атабыз азыр. Өнүккөн демократияга эшик ачып атып, ошонун баарын кайра жаап салсак биз тап-такыр эле кыргызчылыкка малынып калабыз. Түрмөнстанга окшоп калабыз.

Түркмөнстан демекчи, ал жакта да убагында түркмөнбашы Сапармурат Ниязовдун демилгеси менен элдик бийликтин жогорку органы катары Ынтымак курултайы сыяктуу орган, Халк маслахаты чакырылган болчу. Алардын Халк маслахаты да “тагдыр чечээр, өлкөдөгү маанилүү маселелерди карайт, аларды өкмөткө жана парламентке сунуштайт, аткарылышын көзөмөлдөйт” деп түзүлгөн эле.

Халк маслахаты Сапармурат Ниязовго “түркмөнбашы” деген ат берип, 1999-жылы аны өмүрү өткөнчө президент болуп калары тууралуу чечим кабыл алган. 2006-жылдын 21-декабрында түркмөнбашы жүрөгү кармап капысынан каза таап, анын ордуна президент болгон Гурбангулы Бердымухаммедов 2008-жылы Халк маслахатын жоюп, мажилистин ыйгарым укуктарын кайтарган.

Ошол эле учурда коомчулукта Ынтымак курултайы Түркмөнстанда жоюлуп кеткен Халк маслахатына окшобостугун, Кыргызстанды бул өлкө менен салыштырууга болбостугун айткандар да жок эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG