Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:13

М.Эдилова: Аял-эркекке бирдей кароо керек


Кыргызстанда гендердик теңчилик тууралуу пикирлер ар түрдүү. Расмий тараптар бул маселе эбак чечилгенин айтып, бийлик бутактарына аялзатынын калың катмары тартылганын белгилейт. Адистер тескерисинче, өлкөнүн чабал экономикасы ириде аялдарга кедергисин тийгизип, анын кесепети бүтүндөй коомго таасир этип жатканын тастыкташат.

Философия илимдеринин доктору, профессор, гендердик теңчилик боюнча адис Мариям Эдилова “Азаттыкка” маек куруп, өз сөзүн Кыргызстандагы гендердик изилдөөлөргө токтолуу менен баштады.

- Гендердик маселеге кызыгуу Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин башталды да, соңку учурда кичине солгундап калды. Себеби гендердик өнүгүү көп тармактарда жүрөт. Илимий изилдөө иштери – академиялык гендер деп коебуз, ошондой эле мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдар, окуу жайлары да бул багытта иш жүргүзөт.

Ошол эле учурда кандайдыр бир ийгиликке жеткенибиз бул жаатта иштин солгундап калышына себеп болду го деп ойлойм. Бийликтин бутактарына кыз-келиндердин тартылышы, маселен парламентке 70/30 деген пайыздык катыш менен партиялык тизме аркылуу кыз-келиндердин келиши бизди токпейил кылып койгондой.

Президентибиз Курманбек Салиевич да мурдагы биздин бир изилдөөдө респондент катары жооп берген эле. Ал кезде ал депутат болчу. Анда ал киши өзүнүн гендердик сезгичтигин, же гендерди жакшы түшүнгөндүгүн көрсөткөн. Президенттин учурдагы саясатында да иш билги кыз-келиндерди өкмөткө, бийлик органдарына тартканы жакшы эле жыйынтыктарга алып келди деп ойлойм.

- Сиз белгилеп кеткендей, бийлик бутактарына кыз-келиндерди тартуу сандык көрсөткүч менен чектелип, аял кызматкерлер мамлекеттик башкарууга таасир тийгизе албайт деген кескин сындар айтылып келет. Буга сиз кошуласызбы?

- Бул жерде Парламенттин курамы, алар кандай иштеп жатканын айтса болот. Анын ичинде кыз-келиндердин келиши – партиялык тизмеге кандай кыз-келиндер тартылат, көз карашы боюнчабы, же иштеген ишине жарашабы - аны тактап изилдеп көрүү керек. Азырынча муну изилдебей туруп так айтуу мүмкүн эмес.

Менин маалыматым боюнча Парламентте деле кыз-келиндер көндүм болуп калган эле социалдык маселелер менен алектенгендей. Кыз-келиндер үй тиричилигинде, социалдык маселелер менен чектелген деген стереотип көз караш бар. Мына ошону тастыктап жаткандай сезилет. Парламенттин комитеттериндеги аялдар да ошол эле гендер, аялдар, балдар маселесине тартылган жагдайда. Албетте алардын ичинде илимий деңгээли жогору, мурдатан кызматта иштеп жүргөн, татыктуу эже-сиңдилер бар.

- Кыргызстандагы социалдык-экономикалык жагдай биринчи кезекте аялзатына өтө чоң сокку берип, анын кесепети жалпы коомго тийүүдө. Бул болсо өлкөнүн гендер саясаты алсыз экендигин далилдеп жатат деген пикирге кандай карайсыз?

- Биздеги көйгөйлүү маселелер кайсы дегенде эле, албетте, жакырчылыкты айтабыз. Ал жагынан алганда кошулса да болот. Бирок менин айтайын дегеним - эркектердин абалы. Айрыкча алардын репродуктивдик ден соолугу, бул деген тукум калтыруу, бала төрөтүү сыяктуу эркектердин потенциалына байланыштуу көп жагдайлар бар.

Салттуу коомдогу көз караш, тарбия, гендердик стереотиптерге байланыштуу аялдар өз ден соолугу тууралуу ачык айта алышат, ал эми эркектер болсо өз көйгөйүн сыртка чыгара албайт. Себеби эркектерди "арызданба, сен дайыма күчтүүсүң, сенде маселе жок" деп тарбиялагандыктан, алар бир нерсе айтуудан уялат. Аялдарда эле чечилбеген маселелер бар, эркектерде эч көйгөй жок деген көз карашта проблема көмүскөдө калат.

- Кыргызстандагы гендердик теңчиликти камсыз кылуу үчүн мамлекеттик саясат кандай болуш керек?

- Программалар жазылабы, долбоорлор кабыл алынабы, инвестиция болобу – аял-эркекке тең бирдей кароо керек. Алардын экономикалык, социалдык тармактагы катышы болобу, медициналык жактанбы эч кандай бири-бирине артыкчылык бербей кароо керек.

Биздин изилдөө көрсөткөндөй, аялдарга эле көп көңүл бурулуп, иликтеп-талдап келчүбүз. Эми ал да жок болуп баратат, ал эми эркектер такыр көз жаздымда калат экен.Үй-бүлө курулат, бала төрөлбөйт, баягы эле аялды күнөөлөй беребиз. Чындыгында эркектерде да маселе болуп жатат.

Демек гендердик өнүгүүнүн программаларында аял-эркек экөөнүн тең кызыкчылыктары эске алынышы керек. Андай болбосо да бир жагына ооп кетишибиз мүмкүн. Эки жактын тең маселесин бирдей карап, чечкенге аракет кылуу керек.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG