Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

Куушкан курултайлар – «кеңешме демократиясы»


17-марттагы Элдик курултай, Бишкек, 2010
17-марттагы Элдик курултай, Бишкек, 2010

Элдик, Ынтымак курултайларын улай эми 7-апрелден тарта жер-жерлерде элдик жыйындар өткөрүлгөнү турат. Бийлик курултайлар аркылуу «кеңешме демократиясынын» келечегине үмүт артып олтурса, оппозиция анын артында дагыле К.Бакиевдин үй-бүлө кызыкчылыгы башбактап жатканын ырастоодо.

Курултайга кур барба!

«Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусу Кыргызстандагы саясий жагдайга арналды. Ага Ынтымак курултайынын төркеңеш төрагасынын орунбасары Абдыжапар Тагаев менен Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрага орунбасары Эмилбек Каптагаев катышат.


- Учурдагы саясий кырдаалдын уламдан-улам курчуп баратышы жайында көп айтыла баштады. Абдыжапар мырза, Ынтымак курултайынан кийин коомдогу жагдай кадыресе жумшарды деп айта аласызбы?

Абдыжапар Тагаев: - Айта алам. Мен көп кишилер менен сүйлөштүм. Курултайда
негизги көйгөйлөр козголду. Үмүт чоң.

- Эмил мырза, кош-кош курултайлар курчуп бараткан кырдаалдын жөнгө салынышына өбөлгө түзө алдыбы?

Эмил Каптагаев: - 17-марттагы Элдик курултайда 7 маселе коюлду. Анда тариф, үй-бүлөлүк башкаруу, стратегиялык объекттердин сатылышы маселелери бар. Ошол 7 талапка президент даңаза кылган курултайда жооп берет деген үмүт бар болчу. Бирок алар Ынтымак курултайында козголгон жок. Тескерисинче президентке ушул багытты уланта берүү, реформаларды жасай берүү сунуштары айтылды. Бул эл талабын эске албай, каалагандай сата бер, элди каалагандай жакырданта бер дегендей чечим. Ага жооп кылып мына кечээ “Чыгышэлектр” компаниясын, Нарын менен Ысык-Көл облусун электр менен камсыз кылчу компанияны 1 миллион долларга сатып жиберишти.

Тоодой тоскоолдун томуктай жообу

Президент курултайда биздин өнүгүүнү уруучулук менен коррупция тосуп жатат, ушуга пикириңер кандай десе макулдар тобу кайсы үй-бүлө буттан-колдон тушап атканын так айтканга жараган жок. Бул курултайдан кийинки саясий кырдаалды курчутту. Бүгүнкү күндө Элдик курултайларга жер-жерлерде даярданып жатышат. 7-апрелде элдик бийликти калыбына келтирүү талабы менен бардык жерде курултайлар өтөт.

- Абдыжапар мырза, “кеңешме демократия” жөнүндө пикириңиз кандай? Ал айтылгандан бери Кыргызстанда саясий куугунтук күчөп кетти, деген пикирлер айтылууда. Ушундай сөздүн чындыгы барбы?

Абдыжапар Тагаев: -
Эмил мырза, Элдик курултайдын 7 талабын айтып атпайбы. Элге маалымат жетпей калары жөнүндө көп айтылууда. Мен деле Интернетти пайдаланам, гезиттерди окуйм, бирок ошол курултайдын алган чечимдеринен кабарсыз калыпмын. Мындан улам маалыматты элге жеткирүүнү чындап ойлонушубуз керек экен деп ойлоп калдым.

Анан “кеңешме демократия” жөнүндө. Сиздер аны Батыш демократиясынан баш тартуу деп айтып атпайсыздарбы. Бирок сүйлөнгөн сөздү көңүл коюп жакшылап окуп көрсөк андай чакырык жок экен. Батыш демократиясын четке какпай, биздин элдин кулк-мүнөзүнө, салтына жараша ойлонуп иш жүргүзсөк деген эле пикир.

- Эмил мырза, мына ушул “кеңешме демократия” айтылгандан кийин сөз эркиндигине кысым, адам укугунун басмырланышы көбөйүп кеткени айтыла баштады. Ошондой эмеспи?

Эмил Каптагаев: - Анын чындык экенин Абдыжапар аке деле айтып кетти го. Бийлик элдик дудук кылууга аракет кыла баштады. Интернет карап, телевизор көрүп отурган кишинин Элдик курултайды укпай калышы анын далили. Бийлик “Азаттыкты” жабышка куштар. “Форум”, “Ачык саясат”, “Назар” гезиттерин сот колу менен жабууга киришти. Мына мурда күнү “Стан ТВга” барып зордук кылып, анын жабдууларын иштетпей, баарын жаап, бекитип атышы бүгүнкү бийликтин жүзү. Азыркы саясат эл билбесин, укпасын деген эле сөз. Мунун баарын Кыргызстанды талап-тоноп аткан Максим Бакиев, Е.Гуревичтердин жасаган иштерин эл билбесин деген сөз. Күн-түн иштеп аткан орустун телевидениеси Кыргызстан жөнүндө көрсөтө баштаганда реклама берип, кино көрсөтүп, элден ачык сөздү жашырып жатышат.

Бар менен жоктун ортосу

Анан демократия жөнүндө. Чынында ал бар же жок. Аны аркыл түскө боей бериш болбойт. Азыр Кыргызстанда авторитардык эмес, криминалдык-тоталитардык бийлик орнотулуп атат. Бирдеме дегенди коркутмай, кысымга алмай, өлтүрмөй. Мындай бийликтин келечеги жок. Ушу студиядан чыгып көчөдөгү элден эле сурайлычы, жүз кишиден бирөө жакшы десе К.Бакиев дагы 5 жыл отурсун, бирок бирөө да антпейт да.

- Абдыжапар мырза, Ынтымак курултайында көп маселелер козголду, көп кишилерге сөз жетпей калды. Кайсы проблемалар козголбой калды?

Абжапар Тагаев: - Келген өкүлдөрдүн баарынын сүйлөшкө мүмкүндүгү болгон жок. 52 киши сүйлөдү. Анан кечээ Төркеңештин отуруму болду. Курултайга келип түшкөн сунуш, пикирлер, өтүнүчтөр 400 ашуун болду. Конкрет маселелерди бөлө келгенде 1000 ашуун. Аларды иргеп тармак-тармакка бөлүп жатабыз. Аларды тийиштүү мекемелерге жөнөтүп, аткарылышын көзөмөлдөйбүз. Эң чоң маселе тариф болбодубу. Бул өкмөттүн кемчилдиги. Аны жок дегенде бир квартал кечиктирип киргизгенде эл мынчалык кыйналбайт эле. Ынтымак курултайы жемиштүү иштеди.

- Президент ошол курултайда демократияга ызы-чуусуз, тынч бара тургандыктарын айтып, “кеңешме демократия” курултайлар аркылуу ишке ашырыларын белгиледи. Эмил мырза, сиздин пикир.

Эмил Каптагаев:
- Президент К.Бакиев дүйнөнү таң калтырган калтыс ой айтты. Ал шайлоодо капчыктуулар менен чет элдик технологдордун жардамына таянгандар гана жеңгенин ырастады. Мындай шайлоо болбойт деди. Мындан чыкчу жыйынтык, акыркы шайлоодо К.Бакиев, парламенттик шайлоодо “Акжол” утушка ээ болгон. Демек бул экөө капчыктуулар менен чет элдик технологдордун айтканын жасаган шылуундар дегенди айтты. Президент жеке адам укугу болбостугун, баарынан жалпы укукту жогору коюш керектигин айтты. Жалпы укук бул Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн укугу. Ушундан улам Кыргызстанга демократияга үмүт жоктугу, жаркын жашоого үмүт жоктугу айтыла баштады.

Анан тариф маселеси. Өкмөт аны мажбур көтөрүп жатканын айтууда. Электр энергиясынын өздүк наркы 8 тыйынга жетпейт. Ал эми Бишкек ТЭЦиники 1 сомдон ашуун. Бирок ал 6% гана энергия чыгарат. Жабдыктары эскирди деш да калп. Акыркы 15 жылда 385 миллион доллар энергетикага жумшалган. Андан сырткары өзүбүздүн ички акчадан 5 миллиардга жакын сом жумшалган. 2002-жылдан 2007-жылга чейин Токтогул ГЭСи толук капиталдык оңдоодон өткөн. Таш-Көмүр 2006-жылы, Шамалды-Сай ГЭСтери толук кубаттуулукта 2002-жылдан тарта иштей баштаган. Азыр болсо улуттук биринчи долбоор деп жар салып атышат. Эгемендик жылдары эле Таш-Көмүр ГЭСи курулган. Эми болсо калп айтып, үй-бүлөлүк саясатын актап-жактап, элдик акчаны Гуревичтер аркылуу сыртка алып чыгып кетип, элди сызга отургузуу аракети жүрүүдө.

- Абдыжапар мырза, эки жээкте эки курултай болууда. Булар кырдаалды жөнгө салууга көмөгүн көрсөтө алабы?

Абдыжапар Тагаев: - Мына Эмикем боекту коюу сүртүп, баарын үй-бүлөлүк башкарууга такап койгону менен эл бизден башка нерсени күтүп атат. Мен бу кишинин позициясы менен макул эмесмин. Ынтымак деп атканыбыздан кийин мунасага келишибиз керек. Ошондой аянтча пайда болгондон кийин элдин өкүлдөрү, баарыбыз чогулуп, кеңешип, позицияларыбызды салыштырып алышыбыз абзел. Алардын бирдейлерин өкмөткө сунуш кылсак жаман болбос эле. Антпей бир жээкте туруп алып шыбап жатсак, биз болсо бул жакта туруп алып андай эмес деп олтурсак, анда элдин да башын айландырып коебуз.

-Урматтуу студия коноктору! Ишиңиздерге ийгилик болсун! Сиздерге ден соолук, ишиңиздерге ийгилик каалайм!

XS
SM
MD
LG