Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:17

Түркия премьери Кыргызстанга келатат: маек


Режеп Тайып Эрдоган Истанбулдагы маалымат жыйынында, 2010-жылдын 12-сентябры.
Режеп Тайып Эрдоган Истанбулдагы маалымат жыйынында, 2010-жылдын 12-сентябры.

Кыргызстанга бүгүн расмий иш сапары менен Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган келет. Эки өлкө ортосундагы алака-катыштар тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов кеп салып берди.

Ал Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу, инвестиция тартуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Абылов: Кыргызстан Түркиядан көптү алса болот

Эки өлкө ортосунда алака-катыштар тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов кеп салып берди.

Абылов:
Совет доорунда Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда байланыш болгон эмес. Биз Москванын саясий аренасында тургандыктан, өзүбүздүн тилибизди, маданиятыбызды жерий баштаган элек. Эгемендикти алганы түрктөр менен ымала күтүп, улуттук аң-сезимибиздин көтөрүлгөнү байкалат. Себеп дегенде түрктөр өзүнүн улуттук маданиятына, тилине абдан терең караган эл болот экен. Ошонун таасири бизге да тийди.

Азаттык: Түркиянын Кыргызстанда кандай кызыкчылыктары болушу мүмкүн?

Абылов: Сурооңуздун төркүнүн байкап турам. Кыргызстанга келип иштеп жаткан түрк ишкерлеринин бардыгы эле Түркиянын саясатын жүргүзүп жаткан жери жок. Кыргызстанда иштеп жаткан түрк ишкерлерин кыргыз элинин ичинде көп жактырбастык бар. Бул деген түрк мамлекетинин саясатынын кесепети эмес. Бул ошол Түркиядан келген чалагайым иш адамдардын жасап жаткан кылыктары. Ошондуктан Түркия менен Кыргызстандын ортосунда байланышты абдан өнүктүрүш керек, бир тууган боордош эл болгондуктан, алардын мүмкүнчүлүктөрүн Кыргызстанга пайдаланыш керек. Түркиянын саясаты, көзү бизге абдан түз.

Азаттык: Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода көлөмү канча?

Абылов:
Мен Түркияга элчи болуп 2005-жылы бардым. Мен барганга чейинки он беш жылдын ичинде соода-сатыктын көлөмү сексен миллион доллардан ашкан эмес экен. Мен кетип жатканда үч жүз жыйырма миллионго чыккан. Азыр канча экенинен кабарым жок.

Азаттык: Түркия НАТОдо эң күчтүү армиясы бар мамлекет болуп эсептелет. Андыктан АКШ өз кызыкчылыктарын түрк тилдүү өлкөлөрүндө Анкара аркылуу да ишке ашырат деп айтылып калганы бар.

Абылов: Эми сиздин айтып жатканыңыз геосаясат да, туурабы? Ар бир эле мамлекет кубаты артканда геосаясий оюндарга аралашып калат экен да. Биз деле Орусия, Кытай, АКШ деп отурбайбызбы. Түркияда да ошондой кырдаал болгон. Ошондо булар багытты Америкага ыктап кабыл алган экен башында эле. Ошондуктан, булар НАТОго мүчө болгондогусу да ошол, Америка менен бир топ жакшы иштешет.

Азаттык:
Демек, Американын кызыкчылыктарын Кыргызстанда да алып жүрүшү мүмкүнбү?

Абылов: Биздин өзүбүздүн түздөн-түз эки өкмөт менен тең байланышыбыз бар. Маселен, АКШ менен кыргыз өкмөтү ортомчусу жок эле түздөн-түз байланышат. Ошентсе да, айрым оор маселелерге келгенде мамлекеттер аралык кеңешүү жүргүзүп, бири-бирине кайрылышы мүмкүн. Эми муну факт катары айткан жерим жок, бирок жалпы тенденциядан муну байкаса болот.

XS
SM
MD
LG