Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:24

Орусия: Улутчул маанай жоголбойт


Орусияда улутчулдук, түсүнө, динине карап жек көрүү идеологиясына таянган экстремисттердин саны артып баратат. Мындай топтор өлкөдө азыркы тапта 150дөн ашат.

Ушул жылдын биринчи жарымында улутчулдардын кол салуусу 370ке жеткен. Бул сан былтыркы жылга салыштырганда 40 пайызга көптүк кылат. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин өкүлү, генерал Сергей Гирько билдирди.

28-октябрда Москва шаардык соту эки улутчулдун ишин карап, Василий Кирецти өмүр бою эркинен ажыратып, анын досу Дмитрий Уфимцевди 22 жылга абакка кести. Алар 2007-2008-жылдары Борбор Азия жана Түндүк Кавказдан келген 15 кишини өлтүрүшкөн.

“Сова” аналитикалык борборунун маалыматына ылайык, Орусияда 2010-жылы улутчул маанайда 167 кишиге кол салынган, алардын арасынан 19 киши набыт болгон. 2009-жылы 242 кишиге кол салынып, 52си өлтүрүлгөн.

Орусиянын Ички иштер министрлиги 100дөн ашуун улутчул маанайдагы топту каттоого алган. Милиция “такырбаштардын” саны өстү десе, укук коргоочулар алардын катары азайганын ырастоодо. Укук коргоо бөлүмүнүн адиси Семен Чарный алардын санын так айтуу мүмкүн эместигин белгилейт:

- Алардын саны азыркыдан көп. Себеби мындай топтор тууралуу маалымат милиция аларды кармаганда гана айтылат.

Улутчул маанайдагы кол салуулардын азайышын укук коргоочулар милиция 2008-жылдан бери алардын артынан түшкөнү менен түшүндүрөт.

Ал арада улутчулдар 4-ноябрда Москвада “Орус маршын” өткөрүүгө уруксат алышты. Шаар бийлиги митингди Люблино аймагында өткөрүүнү сунуштады. Улутчул “Славяндар Союзу” уюмунун лидери Дмитрий Демушкин бул жолу шаар башчысы уруксатты оңой бергенин белгиледи.

“Башка Орусия” кыймылынын лидерлеринин бири Марина Литвинович да жаңы мэр менен тил табышуу оңой болуп атканын айтат.

Бирок “Тилектештик” кыймылынын мүчөсү Денис Билунов бийлик бардыгына макул бол берүү менен мындай акциялардын санын азайтууну каалай турганын айтат. Билуновдун ишениминде, бийлик көчөгө чыкчу кишилердин санын азайткысы келет:

- Жаңы бийлик мурунку бийликтен айырмалуу болгонун көрсөтүп, ошол эле учурда калкты сынап көргүсү келүүдө. Көңүлүнө жакпай баратса уруксат бербей коюушу да мүмкүн.

XS
SM
MD
LG