Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:30

“Азаттык” жарыялаган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды


"Азаттык" радиосунун Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу онлайн сынагы жыйынтыкталды.

Сынакка кыргыз жана орус тилдеринде 50дөй материал келип, жарактуу делген 30дан ашуун макала, баяндар azattyk.org сайтына жарыяланды.

Катышуучулардын көпчүлүгү 30 жыл ичиндеги өлкөдөгү оош-кыйыштарга токтолуп, өлкө экономикалык жактан бутуна тура албай жатканын, миграция көйгөйүн, коррупциянын кесепетин, коомдогу аң-сезим, билим берүүдөгү чабалдыктар, эгемендүүлүккө шек жараткан коркунучтарга кайрылып, өздөрүнүн идеяларын жазышкан.

Авторлордун курагы - мектеп окуучусунан тарта, студент, пенсионерлерге чейин. Эмгек миграциясында жүргөн мекендештер дагы катышты.

Жеңүүчүлөр:

Асылбек Жооданбеков (Эгемендиктин бекемделишине ар бирибиз таасир этебиз) - Эгемендикти бекемдеген эң маанилүү институттар тууралуу пикирин айтып, адискөйлүк калыптандыруу, таза, акыйкат атаандаштыктын шарданында шайлоо өткөрүү, идеялардын ачык күрөшүнө мүмкүнчүлүк берүү сыяктуу көз караштарын жазган.

Мират Алчикенов (Өлкөбүз өнүксүн десек ар бирибизден салым болсун) – Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча беш сунушун жолдоп, ар бир кыргызстандыкты колунан келген иши менен эгемендикти бекемдөөгө салым кошууга чакырат. Мират Түштүк Кореяда иштеп жүргөн кыргызстандык мигрант.

Дайырбек Мейманов (Эгемендүүбүз деп эдиреңдей берүүгө эрте) – Эгемендүүлүктүн бекемделишин социалдык, экономикалык, маданий, тил, идеологиялык аспектиден талдоого аракет кылган.

Эрлан Нурманбетов (Коррупция - империяларды тарыхтан өчүргөн) – Кыргызстанды алдыга сүрөгөн идеялар жетишпей жатканын, коомдук аң-сезимди өзгөртүү, реформа тууралуу көз караштары менен бөлүшкөн.

Орозгүл Койчуман кызы (Эгемендик артынан келген миграция) - саясий туруксуздук, жумушсуздук, чек ара, коомдогу зордук-зомбулук, миграция агымынын күч алышы сыяктуу көйгөйлөрдү эгемендикти бошоңдоткон көрүнүш катары атаган.

Болотбек Таштаналиев (Эгемендикти бекемдеген руханий азык) – Эгемендик алган жылдардан кийинки адабияттагы абалды талдайт.

Гүлзат Бектемир (Өлкөнү ач айкырык менен сүйө албайсың) - миграциянын кесепети тууралуу баяндап, коомдогу ажырым, талаш-тартыштарды сынга алат. Автор өзү Германияда иштеп жүргөн эмгек мигранты.

Орозгелди Жаңыбай уулу (Башкаларга үлгү болсок дейм…) - сөз эркиндигин, адам укугун, ар бир адамдын оюн сыйлоону жана улутуна, тилине, динине, жынысына карабай адамгерчиликтүү мамиле кылуу тууралуу жазган.

Роза Аман (Кыргызстанды өнүктүрүү татаал деле эмес) - өлкөнү өнүктүрүү жолдору тууралуу өз идеяларын айтып, өнүккөн өлкөлөрдөгү тажрыйбаларды мисал тарткан. (кызыктыруучу сыйлык).

Сынакка катышкан студенттерге кызыктыруучу сыйлыктар берилет.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо 20-сентябрда саат 13:00дө “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинде өтөт. Сынактын жеңүүчүлөрү паспорту менен келиши шарт. Эгерде чет өлкөдө болсо, жакындарына ишеним кат жана паспорт көчүрмөсүн бериши керек.

Жеңүүчүлөр алган сыйлыгынын киреше салыгын (10%) өздөрү төлөйт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG