Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:47

Ички Азия: Чыңгыз хан кайсы тилде сүйлөгөн?


Чыңгыз хандын Монголиядагы эң ири айкели. Тсонжийн Болдог жергеси. 23.9.2009.

Чыңгыз хандын Монголиядагы эң ири айкели. Тсонжийн Болдог жергеси. 23.9.2009.

Айрым ала-тоолук замандаш калемгерлер Чыңгыз-ханды (Темучинди) “теги жагынан кыргыз болчу” деп макалалар жана китептер чыгарып, "ачылыштары" тууралуу сыналгыдан жана интернеттен жарыялап үлгүрүштү. Тарыхчылар бул пикирди “беш өрдөк” катары кабыл алышууда.

Жаңы жомок

“Чыңгыз хан кыргыз болчу, анын чоң чоң энеси Алангоа – бул кыргыз санжырасындагы Наалы эженин нагыз өзү” деген пикирин байма-бай жарыялагандардын бири – мурдагы депутат Бегиш Ааматов агабыз.

Ат тезегин кургатпай кабинетибизге келип, өзү окуп чыккандарды үстөлгө жайып коюп, эрмек кылып кетет.

“Байке, баары бир мени ынандырган жоксуз, ишене турган башка кишилерге бул жоромолуңузду окутсаңыз” деп тамаша аралаштырып айтып кутулам.

Бирок “Чыңгыз ханды кыргыз деп расмий жарыялагыла” дегендер эми Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын каалгасын каккылай башташыптыр. Алардын тилеги - иши кылып дилетанттык жоромолдоруна окумуштуулардын көмөгү менен илимий "чапан" жаптырып алуу.

Албетте, чакан макаламда мен өз оюмду гана айта алам, дилетанттар болсо мага ишенбей коюуга толук акылуу, менин оюмду четке кагууга алардын конституциялык чоң укугу бар!

Оболу кыстара кетсек, Чыңгыз хансыз эле кыргыз тарыхы терең тамырлаганын айтып коюшубуз керек. Өз тарыхыбызды монголдордун тарыхынын эсебинен “кооздоп алуубузга” эч зарылчылык жок.

Текст сүйлөйт

Эми Чыңгыз хан жана анын урпактары сүйлөгөн тилге келсек, “Монголын ниуча тобчийан” (вариант: Moňqol-un niuca tobcaan) – “Монголдун жашырын тарыхы” (ханзуча “Юан чао биши” деген аталыш менен белгилүү) чыгарма дал ушул тилде жаралган.

Улуу хаан Өгөдөй.

Улуу хаан Өгөдөй.

Бул олуттуу тарыхый булак болгон чыгарма 1240-жылы Улуу хаан Өгөдөйдүн тушунда монголдордун эне тилинде жаралган.

Бул чыгарманын монголчо текстин Висконсин-Мэдисон университетинин профессору Жон Стрит (John C. Street) 1985-2013-жылдардын ичинде санарипке түшүргөн.

Демек, анын текстин дүйнө жүзүндөгү окурмандар өз алдынча оңой-олтоң текшере алышат.

“Монголдун жашырын тарыхы” чыгармасынын монголчо текстинен үзүндү келтирелик:

(§13) Dobun_ mergen ügüle=rün nökör širolqa-da ke:=jüü. Ög=sü kee=jü aušgi-tu jildü arasun in-u ab=cu cöe~ buqu-yin miqa gübcin-i Dobun_ mergen-e ög=BA.

Булак: John Street. Text Of The Secret History Of The Mongols. - 2-бетте: URL: http://altaica.ru/SECRET/SH-24UP.pdf

Монгол тилинен кыргызчага котормосу:

“Добун-мерген болсо айтат экен: “Досум, шыраалгага берсең?” “Сага да берейин”, - деп берки айтты да, өзүнө (аңдын) териси менен өпкө-боорун калтырып, үч жашар бугунун калган этин Добун-мергенге берди”.

Мындагы nökör (“нөкөр” - “дос” маанисинде), mergen (“мерген”), buqu (“бугу”) сөздөрүнөн тышкары širolqa (“шыраалга”) сөзү да бизге тааныш. Бирок тексттин өзү орто кылымдардагы монгол тилинде жазылганын жаземдебестен аңдай алабыз.

Жогорудагы чыгармадан дагы бир үзүндү келтирелик:

(§ 149) <…> Tayiciu+d-un noyan Tarqutay_ kiriltuq hoyla=ju bü=küy-i öš-tü~ güün bü=lee

Булак: John Street. Text Of The Secret History Of The Mongols. - 66-бетте: URL: http://altaica.ru/SECRET/SH-24UP.pdf

Бул саптарды монгол тилин билбеген эч бир кыргыз өз эне тилинде окуй албайт, аңдай да албайт.

Эми бул тексттин кыргызча котормосун жазалык:

§ 149. <…> “Тайчилер (уруусунун) нойону Таргутай-Кирилтук – токойдо жашырынып алган жоо”...

Мында монголчо “ositu guun” сөзү — “кас душман”, “жоо” деп которулат.

Дагы бир булак: URL: ​ http://www.vostlit.info/Texts/rus10/Sokr_skaz/frameotryv1.htm

Чыңгыз хандын жана урпактарынын дипломатиялык каттары да эне тилинде - монгол тилинде жазылган (албетте, Евразиянын ири аймактарында кырдаал ар кыл болгон: Алтын Ордодо кыпчак тили, Ортоңку Чыгышта арап, фарсы тили, Юан сулалеси бийлеген Кытайда – ханзу тили, ж.у.с. да баарлашуу тилдери катары кошумча колдонулгандыгы түшүнүктүү).

Кыргыздар менен монголдор – тарыхый коңшулар

Чыңгыз хандын жана анын урпактарынын жортуулдарынын натыйжасында Кыргыз каганатынын калган-каткан бөлүгү биротоло ойрон болгон, кыргыздар Евразиянын көп аймактарына чачыраган. 1218-жылы жана 1290-жылдары кыргыздардын айрым топтору монгол хандарына каршы көтөрүлүш чыгаргандыгы жана катуу жазалоого учурашкандыгы маалым.

Албетте, бир катар монгол тектүү этностор кыргыздарга 12-15-кылымдарда жуурулушкан. Айрым монгол урууларынын аталыштары бара-бара нагыз кыргыз этнонимдерине айланган (ири "моңолдор" уруусун эле мисалга алсак болот).

Кыргыздын айрым уруулары болсо, тескерисинче, монгол тилдүү этносторго кошулган. Монголдордун заманбап лингвистикалык-этностук атласында түбү кыргыздан чыккан хара хыргыс, шара хыргыс, мөдөн хыргыс уруулары катталган. Монголияда Кыргыз-Көл (Хыргыс-Нур) көлү, Кыргыз сомон жергеси бар. Эски мүрзөлөрдү монгол тилдүү калктар "хыргыс хүүр" - "кыргыз көрлөрү" деп коюшат. Булардын бардыгы азыркы окуу китептерде кеңири жазылган.

Кыргызстандагы Дөрбөлжүн, Харахол, Боом сыяктуу жер-суу аттары монгол тилинен киргени айтылат.

"Манас" дастанындагы башкы каарман - хан Манастын сүрөтү.

"Манас" дастанындагы башкы каарман - хан Манастын сүрөтү.

Кыргыз элинин энциклопедиялык мазмунга эгедер “Манас” дастанында да кыргыздар менен монголдордун өз ара согушу гана эмес, тынч убактагы тыгыз этностук-маданий жана тарыхый кызматташтыгы, куда-сөөктүк байланыштары дагы мыкты чагылдырылган.

Кыргыздар бутпарас монголдор тууралуу мыкты кабардар болушкан.

Айрым монголдор ислам динин кабыл алса, айрым кыргыздар бутпарас динине өткөн (маселен, Тарбагатайдагы айтылуу "калмак кыргыздар").

Бул тарыхый алакаларды эч четке какпастан туруп, Чыңгыз хан – монголдун эле ханы экенин дагы бир жолу ишенимдүү айта алабыз.

Кыргыздын өз тарыхында, уламышында жана аң-сезиминде башка эч бир этнос талаша албаган Манас, Барсбек каган, Мукамбет Кыргыз, Тайлак Баатыр, Полот хан, Курманжан датка, Эшенаалы Арабай уулу, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Ысак Монуй уулу, Исхак Раззаков, Чыңгыз Айтматов, Бүбүсара Бейшеналиева, ж.б. далай чыгаандары бар. Ошолорду терең үйрөнөлүк. Ошолор тууралуу тарыхый эс-тутумду Теңир кут кылсын!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG