Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Заманбап кыргыз этнография илиминин түптөөчүсү Саул Абрамзон


Саул Абрамзон, залкар кыргыз таануучу этнограф.
Саул Абрамзон, залкар кыргыз таануучу этнограф.

Быйыл даңазалуу этнограф, кыргыз таануучу Саул Абрамзонго (1905-1977)110 жыл толот. Анын чыгармачыл мурасы Кыргызстанда жана дүйнө жүзүндө кеңири маалым. Бирок ал өз эмгектери үчүн кыргызстандык коммунист аткаминерлердин жүйөсүз көр жемесине бир нече ирет кабылганы да эсте.

Өмүр жолу

Саул Менделевич Абрамзон 1905-жылы теке (июль) айынын 3үндө падышалык Орусиядагы акимдик борбору Орёл шаары болгон Орловск губерниясына караштуу чакан Дмитровск шаарында туулган. Бул шаарды учурунда Орусияга келип байырлаган Молдова өкүмдары Дмитрий Кантемир негиздеген экен.

Болочокку этнографтын атасы - Мендел Абрамзон - колунан көөрү төгүлгөн саатчы болгон (1916-жылы дүйнөдөн кайткан).

“Абрамзон” сөзү “Абрамдын уулу”, “Абрамдын тукуму” деп туюнтулат. Атасынын ысымын “Мендел” эмес,“Матвей” деп да жазып жүрүшөт (бул бир кездерде антисемиттик кысымдар күчөп турганда жөөт ысымын так айтуудан жазгануу учурлары менен байланыштуу болсо керек).

Саулдун энеси - Раиса Григорьевна Файн эле.

Саул жергиликтүү окуу жайда (Жогорку баштапкы окуу жай) таалим алып, аны 1922-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы Айыл чарба институтуна тапшырып, бирок эки жылдан соң Ленинград географиялык институтунун этнографиялык факультетине которулуп алган. 1925-жылы бул окуу жай Ленинград мамлекеттик университетине (ЛМУ, орусча ЛГУ) кошулат да, 1926-жылы Саул Абрамзон анын географиялык факультетинин этнография бөлүмүн аяктайт.

Атактуу түрколог С.Е.Малов Саул Абрамзондун окутуучуларынын бири болгон.

1926-жылдан 1931-жылга чейин Саул Абрамзон Кыргыз автономиялык облусунун Илим комиссиясынын чакыруусу менен Кыргызстанда иштеп, өлкөбүздө илимий мекемелерди түптөөгө салым кошот, андан тышкары музейлерди жандандыруу, чөлкөм таанууну өркүндөтүү жаатында талбай иш алып барат. Ошол жылдардан тартып кыргыз тилин жана этнографиясын иликтөө ишине да жан дили менен берилет.

Окумуштуунун Кыргызстандагы ырааттуу жашаган жылдары тууралуу профессор Өмүркул Караев (1930-2002) мындайча эскерет:

“Ал эмгек жолун облустук музейдин илимий кызматкеринен баштаган. Андан кийин адегенде Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Советинин алдындагы Край таануу боюнча илим изилдөө институтунун директорунун орун басары, анан институттун «Адам» секциясынын жетекчиси болгон. Мындан тышкары Мамлекеттик музейдин илимий катчысы катары иштеген. Андан соң Саул Матвеевич Кыргыз Эл агартуу комиссариатынын алдындагы Чыгыш таануу институтунун директорунун милдетин аткарган, 1931-жылы анын директорлугуна дайындалган...”

Саул Абрамзон, бирок, өз билимин андан ары өркүндөтүү үчүн кайра Ленинградга кайтып кеткен. 1931-жылы бир эле учурда СССР Илимдер академиясынын (ИА) аспиранты жана Мамлекеттик Орус музейинин этнография бөлүмүнүн кызматкери болуп иштейт.

Ал эми 1933-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин СССР ИАсынын Миклухо-Маклай атындагы Этнография институтунда эмгектенип, бир учурда бул кадыр-барктуу институттун директорунун милдетин да аткарган. Бул институт азыркы тапта Орусия ИАсынын Улуу Пётр атындагы антропология жана этнография музейи болуп аталып калды.

Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында, 1943-жылдын бугу (май) айынын 31инде ал Ташкен шаарында Борбордук Азия мамлекеттик университетинин (кийинки ТашкенМУнун) тарых факультетинин Илимий кеңешинде “Кыргыз элинин маданиятынын иликнаамасы” («Очерк культуры киргизского народа») деген аталышта кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Бул диссертация 1946-жылы Бишкекте (ал кездеги Фрунзе шаарында) кеңейтилип китеп болуп жарыяланган.

Саул Абрамзондун өмүрдүк эмгеги – “Кыргыздар жана алардын этностук-генетикалык жана тарыхый-маданий алакалары” (“Киргизы и их этногенетические и историко-культурные связи”) деген көлөмдүү монография.

Ленинградда 1971-жылы жарык көргөн бул китеп 1990-жылы профессор Салмоорбек Табышалиевдин баш сөзү менен Фрунзе (Бишкек) шаарында кайра басылган.

Профессор Чынар Жакыпова “Кыргызстан-Сорос” корун жетектеп турган чакта бул китеп Саул Абрамзондун башка эмгектери менен кошо кыргызчага Сатыбалды Мамбеталиев, Дардайыл Сулайманкулов жана Советбек Макенов тарабынан которулуп, аталган кор тарабынан 1999-жылы Бишкекте кыргыз тилинде жарык көргөн.

Чыгаан этнограф Саул Абрамзон 1977-жылы аяк оона (сентябрь) айынын 1инде Орусиянын Ленинград (азыркы Санкт-Петербург) шаарында дүйнөдөн кайткан.

Кыргыз таануудагы салымы үчүн сындалган илимпоз

Кыргыз таануу жана кыргыз этнографиясы жаатында Саул Абрамзон жазган илимий эмгектер 20-кылымдагы кыргыз этнография илимин өз доорунун жогорку сересине чыгаргандыгын кимдер гана билбейт! Бирок Кыргызстанда пост-советтик доордо гана анын ишине расмий калыс баа берилген.

Совет мезгилинде Кыргызстанда азганактай кишилер (арасында жазуучулар Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Кеңеш Жусупов, тарыхчылар Өмүркул Караев, Какен Мамбеталиева, Имел Молдобаев, ж.б.) Саул Абрамзон тууралуу жылуу пикирлерин айткан, ал эми Кыргызстандын коммунист цензурачылары ага улам жаңы айып тагып турган учурлар белгилүү.

Оболу, 1947-жылдын тогуздун айынын (октябрынын) 14-ндө Кыргызстан КП БКнын үгүт жаатындагы катчысы Керимкул Орозалиев “Советская Киргизия” гезитинде Саул Абрамзондун кыргыз маданиятына арналган китебин бир жактуу сынга алган. К.Орозалиев бул макаласында Саул Абрамзон заманчы акындар (Арстанбек, Молдо Кылыч ж.б.) тууралуу таптык көз караштан алганда жаңылыш баа берген, кыргыз элинин Орусияга бириктирилишин терс маанайда чагылдырган деген сыяктуу кинелерин жазган.

Г.Самарин деген башка бир сынчы болсо Саул Абрамзонду “буржуазиялык тарыхый-салыштырма усулга” ык койгон деген сынын 1949-жылы чын курандын (апрелдин) 5инде “Советская Киргизия” гезитинде жарыялаган макаласында жазат.

1973-жылы, Саул Абрамзондун даңазалуу монографиясы чыккандан эки жылдан соң, ага жылуу сөз айтуунун ордуна кыргызстандык коммунисттердин жетекчиси Т.Усубалиев жана ошол кездеги “лөк” тарыхчылар (С.Ильясов, А.Г.Зима менен К.Орозалиев) ленинграддык этнограф аксакалды идеялык жана методологиялык жактан жаңылыш көз караштар камтылган китеп жазды деп сынга алышкан.

Буюртмага ылайык макала жазган бул тарыхчылар С.Абрамзондун эмгегиндеги, маселен, урук-урууларды иликтөө аракети жасалганына шилтеме кылышып, мындай санжыралык “жиликтөөлөр” жаштарды биримдүүлүккө тарбиялабастан, алардын арасында «жиктелүүнү» күчөтөт, дегендей доолорун айтышкан. Айтмакчы, этнографияда санжыраны иликтөөсүз эч кандай терең изилдөө болушу мүмкүн эмес. Ушундай эле айыптоо менен кыргызстандык “идеологдор” 1987-жылы профессор Сабыр Аттокуровго да асылышканы маалым.

Тарыхчы Өмүркул Караев адилет белгилегендей, кыргыздын залкар жазуучусу жана ойчулу Чыңгыз Айтматов Саул Абрамзонго 1973-жылы жалган куран (март) айынын 10унда кат жолдоп, ага өз тилектештигин мындайча билдирген экен: “...Саул Матвеевич, кыргыз интеллигенциясы өз кишиси жана чаалыкпас, таланттуу илимпоз катары Сизди абдан барктаарын жана жогору баалаарын эч унутпаңыз!»

Саул Менделевичке жазуучу Кеңеш Жусупов да атайын барып жолугуп, калпак кийгизген экен.

Эс-тутум

Азыркы тапта Саул Абрамзондун кыргыз тарых илимине кошкон залкар салымы тууралуу калыс жана ар тараптуу пикирлер камтылган эмгектер арбын чыгууда. Кыргызстандагы окуу китептерде жана энциклопедиялдык жыйнактарда да С.Абрамзон тууралуу калыс маалымат камтылган. Үстүбүздөгү жылы ар кыл илимий жыйындарда жана тегерек үстөлдөрдө С.Абрамзон тууралдуу баяндамалар сунушталууда.

2005-жылы Ж.Ж.Пиримбаева С.М.Абрамзондун кыргыз этнографиясын изилдөөгө кошкон салымы тууралуу кандидаттык диссертациясын коргоду.

Арийне, даңазалуу этнограф тууралуу жакында бир кыргызстандык окумуштуу текебердик менен “ал кыргызча жакшы билчү эмес” деген кыязда терс пикирин билдирди. Бир кезде Кыргызстан Компартиясынын тарыхы институтун жетектеген ал кишинин сөзү ойлондурбай койгон жок.

Азыр да Саул Менделевич Абрамзондун илимий мурасына жана анын жаркын элесине акаарат кылгысы келгендер четтен чыгат экен. Азыр да кыргыз этнография илиминде жаңычыл жана эскичил көз караштар өз ара күрөшүп жаткан экен. Азыр да Вильгельм (Василий) Бартольд, Саул Абрамзон, Константин Юдахин сыяктуу залкарлардын кыргыз таануу жаатындагы көөнөргүс салымдарын улам коомчулуктун эсине салып турушубуз зарыл экен.

Бишкекте 5-микрорайонду аралап баратып сурап калдым: “Бул көчөнүн аты эмне?” “Анын аты жок... Бул көчөнүн атын билбейт экенмин...” дегендей жоопторду уктум. Бишкек четиндеги кээ бир көчөлөргө коомубуз үчүн эч кандай көрүнүктүү салымы болбогон чоң аталарынын атын ыйгартып үлгүргөн эпчилдер да болгонун айтып келишет.

Атаганат, Кыргызстандын ар кыл дубандарында В.Бартольд, С.Абрамзон, Ахмед Зеки Велиди Тоган, Өмүркул Караев, азыр көзү тирүү болсо деле Юлий Худяков, Реми Дор, Мухамед Ху Чженхуа сыяктуу даңазалуу кыргыз таануучулардын (көзү тирүү В.Путиндин атын деле чокуга берип жатышпайбы) ысымдарын жаңы көчөлөргө ыйгарса кандай сонун болмок!

XS
SM
MD
LG