Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

Ала-Бука: аскер бөлүктөгү ок атуу иликтенет


Ала-Бука районунда аскер бөлүк. 28-март, 2013-жыл.
Ала-Бука районунда аскер бөлүк. 28-март, 2013-жыл.

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районундагы аскер бөлүктө жоокердин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду.

Президент Алмазбек Атамбаев баш прокурор Аида Саляновага бул окуяны иликтеп-териштирүүнү өз көзөмөлүнө алууну тапшырды. 11-декабрда Ала-Букадагы №30670 аскер бөлүктүн бир офицери кесиптешинин огунан ажал тапты.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы Штабынын маалыматы боюнча окуя 11-декабрда кечки саат 5 чамасында болгон. Башкы штабдын өкүлү Эрнис Элемановдун “Азаттыкка” билдиришинче, күзөттөгү 27 жаштагы кызматкер аны алмаштыруу үчүн келген 23 жаштагы жоокерди кокусунан атып алган. Бул окуя боюнча кызматтык териштирүү башталды:

- Нарядга жаңы келген офицер – ага лейтенантыбыз нөөмөткананын ичинде өзүнүн тапанчасы менен ойноп атып, аны алмаштырганы келген офицерди атып алган. Жарадар болгон бала Ала-Буканын райондук ооруканасына жеткирилип, операция учурунда каза болуп калды. Башкы штабдын жетекчисинин буйругу менен комиссия түзүлгөн. Башкы штабдын жетекчи орун басары дагы үч кызматкер менен Ала-Букага жөнөп кетти. Окуя болгон жерде кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Жыйынтыгын кийин кабарлайбыз.

Жалал-Абад облусунун аскер прокурору Сагындык Мукашев бул окуя боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлады. Ага ылайык, ок чыгарган аскер Жалал-Абад шаарына алынып келгенден кийин баш коргоо чарасы каралат. Ага “куралды этиятсыз колдонгон” деген айып тагылды:

- Ала-Буканын өзүндө биздин тергөө тобу иштеп жатат. Соттук-медициналык, соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды. Тиешелүү адамдардан түшүнүк каттар алынды. Сөөгү текшерилди. Оң жак далысынын алдына тийген октон каза болгону аныкталды.

Президент Алмазбек Атамбаев баш прокурор Аида Саляновага Ала-Бука аскер бөлүгүндөгү жоокердин өлүмүн иликтеп, териштирүүнү өз көзөмөлүнө алууну тапшырды.

Жоокер энелердин республикалык комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатованын айтымында, бул окуя боюнча эмки аптада аскердик кеңеш чогулганы жатат:

- Мен аябай таң калып жатам. Ушундай маселелер боюнча өткөндө түштүктөгү үч облусту тең кыдырып, армиялык педагогикалык кеңеш өткөрүп келгем. Дал ушул маселелерди талкууладык эле. Эмнеге ушундай окуялар катталып жатат, эмне үчүн өз жанына өзү кол салат деп алдын алуу чараларын сүйлөшкөнбүз. Ушул маселелер боюнча президент Атамбаевге, Коргоо кеңешине 17 пункттан турган кайрылуу да жөнөткөм. Эми эмки аптада чогулабыз. Булар атайын окуу жайды бүткөн, макамы жогору балдар да. Академияны бүткөн баланы “шалаакылык кылып атып алды” деп айтып жатышат. Ушундай болмок беле?

Өткөн айда Бишкектеги Абадан коргонуу аскер бөлүгүндө келишимдик негизде кызмат өтөгөн жоокер Бактияр Көчөрбаевге ок тийип, каза болгон эле. Аны ошол эле аскер бөлүктөгү кесиптеши мас абалында атып алганы маалым болгон.

Ала-Букадагы аскер бөлүктө буга чейин да чуулуу окуя катталган. Быйыл сентябрь айында аталган бөлүктүн 80дей кызматкери жаңы дайындалган командирге баш ийбей, ишке чыкпай койгон. Анын алдында белгисиз адамдар кайтарууда турган аскер шаарчасындагы командирдин кызматтык үйүнүн короосуна кирип барып унаасын талкалап кеткен. Кылмышка шектүүлөр эмгиче кармала элек.

XS
SM
MD
LG