Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:15

Президенттик шайлоо алдындагы кол чогултуу жана башка иштерде добуштарды бөлүүгө кызыкдар атайын топтор иш алып барып жатышат. Бул тууралуу “кол чогулта алган жок” деген себеп менен президенттик жарыштан четтетилген 34 адамдын бири Акылбек Сариев “Азаттыкка” маек курду.

- Президенттикке талапкерлерди колдоп кол чогултуу инструкциясындагы кемчиликтер боюнча сотко кайрылдыңыз. Буга эмне себеп болду?

- Негизги себеп – президенттикке талапкерлерди колдоп кол чогултуу тууралуу инструкция мурдагы тартип боюнча жазылып, сакталып калыптыр. Анда ар бир жаран кол коюп атканда өзү тууралуу маалыматты өз колу менен жазып толтуруш керек деген ченем кала берген, бул азыркы мыйзамдарга каршы келет.

Биринчиден, бул БШКнын өз укугунан сыртка чыгып кеткени, экинчиден, өзү тууралуу маалыматтарды өз колдору менен толтура албаган адамдардын укуктары бузулуп жатат. Анткени биздин шайлоочулардын арасында мүмкүнчүлүгү чектелүү, кары адамдар көп, булар жаза албашы толук мүмкүн. Мына ушулардын укугу чектелип жатат. Бул маселени мага чейин эле Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев да айтып чыккан.

Менин кол чогултуу тартибин сотко берген себебимди кээ бир маалымат каражаттары туура эмес жазып, БШКны сотко берди деп кабарлап жатышат. Биздин максат – мына ушундай чыр маселелерди добуш берүүгө чейин чечип, сот аркылуу болсо да чекит коюп койбосо, кийин мунун баары жаңжалга айланып кетиши мүмкүн. Ошол себептен сот карап, калыс чечимин чыгарат деп сотко бергенбиз. Бирок бир апта болду, тилекке каршы бул маселени сот органдары карабай атат. Мыйзам боюнча үч күндүн ичинде карашы керек эле.

- Сиз 30 миң кол чогултту деп бул босогодон өткөн президенттикке талапкерлер деле колду өздөрү толтурган жок, ага ишенүүгө кыйын деп айттыңыз. Буга негиз барбы?

- Кол чогултуу жараянында команда иштеди. Мага деле “кол жетпей жатса берели” деп башы актай, төмөн жагында шайлоочулардын колу коюлган кагаздарды алып келишти. Мен аны жашырбайм, бирок ушундай эле кагаздарды көптөрү өткөрдү. Анткени 37 адам өткөргөн кол чогултулган кагаздарды тастыктоо кыйын, канча киши колун өзү койду же башкалар толтурганын.

Мен көп эле команданы көрүп аттым, 15-20 киши отуруп алып, ар кандай почерк менен толтуруп атышты. Жанагыдай туура эмес жобонун негизинде мыйзамды мына ушуга түртүштү, мындай болбошу керек болчу.

- Сизге даяр коюлган колдорду алып келгендер анын ордуна эмне сурашты, акчабы?

- Жок, бул жерде акча рол ойногон жок. Тилекке каршы бул жерде түндүк-түштүк маселеси өтө курч болуп атат. Ушундан улам көп кишилер түндүктүн элин, дагы башкалары түштүктүн элин койдуруп атат. Ушул жагы чатак маселе болуп жатат.

Тил сынак берүүсүн көрүп жатасыздар, бул жерде атайын топ иштеп жатат. Мындай аралашуу өткөн парламенттик шайлоодо да колдонулган, 29 партия шайлоого өздөрү эле кирип катышкан эмес, аларды атайын кызыкдар адамдар алып келип, киргизишкен. Тилекке каршы быйылкы жылы да ушундай эле жол менен кеттик.

- Кандай топ иштеп атат? Анын башында ким турат? Бул топ кимдин кызыкчылыгы үчүн иштейт, бийликтинби же оппозициянынбы?

- Эл мени туура түшүнсүн, бирок ачыгын айтайын, түндүк-түштүк деген маселени биз жөн эле курчутуп жибердик, болбогон эле жерден курчутуп атышат. Ошол себептен түндүктөн кызыкдар тарап түштүк элинин добушун бөлүү үчүн түштүктүк саясатчы, жөн эле жарандарды койдуруп атышат, ал эми түштүктөн кызыкдар тарап түндүктүк талапкерлердин көбүрөөк болушуна кызыкдар. Анткени жакшы билесиздер, талапкер көп болсо добуш көпкө бөлүнөт. Муну шайлоо технологиялары деп койот, мындай мурдатан деле боло жүргөн.

- БШК саясий тапшырмаларды аткарып жатат деген айыптоолор эмитеден айтыла баштады. БШКда сиз бир нече жыл мүчө болуп турдуңуз, өткөн жылы анын төрагасы болуп да иштедиңиз. Былтыркы парламенттик шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы 5% чекке байланыштуу кулатылганда сизди айыптап, "БШК бийликтин камчысын чаап жатат" деп айыпташкан. Бул канчалык деңгээлде реалдуу, БШК курамы же төрагасына бийликтен кысым болобу, аны аткарбай коюу мүмкүнчүлүгү барбы?

- Мени өткөн жылы Боршайкомго төрага болуп иштеп бер деп чакырышканда шарт коюп, Убактылуу өкмөткө БШКнын ишине кийлигишүү болбосун талап кылгам. Аларга рахмат, кийлигишкен эмес. Биз да эч кандай буйрук, буйрутма аткарган эмеспиз. БШКнын азыркы курамына бийликтен кысым-басым болгону, болбогону тууралуу эч нерсе айталбайм. Бул БШКнын кандай жолду тандап алганына көбүрөөк көз каранды.

- Демек Боршайком эч кимди укпай, таза иштөөгө толук шарт бар турбайбы?

- Шартты түзүү адамдын өзүнөн. Ал кайсы жолду тандаса, иштин жыйынтыгы да ошого жараша болот. Тилекке каршы бүгүнкү күндө талапкерлер көп, түндүк-түштүк деп бөлгөн сыяктуу түрдүү күчтөр ар кайсы жагынан кылдат байкап турушат.

Эгер БШК туура эмес чечимдерди кабыл алып койсо, бул сот эле эмес, ар кандай уюшкан митингдерге айланып кетиши толук ыктымал. Ошондуктан БШК мыйзамды азыраак бузуп, мыйзам чегинде ишти алып барса, шайлоо таза өтүп, өздөрүнүн жандарына да тынч болот.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG