Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Кубатбеков: Тизмеге жооптууларды табуу керек


Өлкө түштүгүндө шайлоонун жыйынтыгына ишеним өтө аз экенин шайлоодон кийинки изилдөө көрсөткөн. Буга байланыштуу "Адам укуктары жана демократия" борборунун жетекчиси Идирис Кубатбеков "Азаттыкка" маек курду.

- “Таза-Шайлоо” ассоциациясы менен бирге жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, өлкө түштүгүндө элдин шайлоого болгон мамилеси өзгөргөн жок деп белгилениптир. Ошондой эле шайлоонун жыйынтыгына ишеним өтө аз деп айтылган. Изилдөө кандай негизде жүргөн, кимдер суралган?

- Шайлоонун жыйынтыктарын талкуулоо тууралуу атайын тегерек үстөлдөр уюштурулган болчу. Ага аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, коомдук эмес уюмдардын өкүлдөрү жана байкоочулар катышкан. Ошол жерде байкоочулар жана жөнөкөй шайлоочулар тарабынан ушундай пикирлер, нааразычылыктар айтылган.

Тизме тактоо учурунда, 15-октябрь, 2011-жыл
Тизме тактоо учурунда, 15-октябрь, 2011-жыл
Бул нааразычылык массалык түрдө шайлоочулардын тизмеге кирбей калганынан улам чыкканы белгиленди. Ошондой эле бул атайын шайлоочулардын санын азайтуу максатында жасалды деген пикирлер да айтылды.

Албетте изилдөөдө эксперттердин гана эмес, жөнөкөй тургундардын да ойлору эске алынган. Көбүнчө нааразылыктар тизменин айланасында болду. Өткөн шайлоо, референдумда активдүү катышып келген шайлоочулар эмнегедир бул ирет өтө эле аз санда катышып калганына нааразы болуп жатышты.

- Изилдөөдө шайлоочулардын активдүүлүгү жөнүндө айтылган экен. Тизмеге кирбей калгандардын саны БШК көрсөткөн сандан эки эсе көп деп белгиленген. Эми мындай жагдайларды кийинки шайлоолордо болтурбаш үчүн сунуштарды берсеңиздер керек?

- Албетте бир катар сунуштар айтылды. Биринчиден, ар бир адамдын жеке номуру аркылуу шайлоочулардын тизмесине киргизүү, тактоо.

Эң негизги маселе - тизмени тактоо жана түзүүгө жоопкерчиликтүү органдарды аныктоону сунуш кылат элек. Тизме боюнча канчалаган нааразычылыктар айтылып, маселе чыкпасын БШК да, аймактык шайлоо комиссиялары да бул боюнча өздөрү жоопкерчиликти алган жок. Ошондуктан жоопкерчилик маселесин күчөтүүнү сунушу айтылды.

- Кантсе да Кыргызстан өзүнүн президентин шайлап алды. Эми жаңы шайланган президент, кийин келчү бийлик жалпы Кыргызстан калкы таанып, толук кандуу легитимдүү болуш үчүн эмне иштерди жасаш керек?

- Толук түрдө легитимдүү болуштун бир гана жолу бар: эч кандай мыйзам бузуусуз шайлоочулардын басымдуу көпчүлүгүнүн добушун алыш керек. Эми мындан кийин да шайлоону уюштурган органдар өтө так, тыкан иштеш керек.

Эң негизгиси мындан кийинки шайлоолордо тизмеге көңүл бурулушу зарыл. Шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек. Бул жолу чындыгында Ош облусунун жана шаардын тургундары активдүүлүгүн көрсөткөн. Ошол себептүү да тизме маселеси кайра-кайра көтөрүлүүдө.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG