Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:26

Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өлкөдөгү 30 миңден ашык паспорт мыйзамсыз берилди деген маалыматка тынчсызданды.

Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү мыйзамсыз паспорттор боюнча камтама болууда. Бул тууралуу Бишкекте өткөн Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алина Шаикованын аталган уюмдун өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылган. Жолугушууга катышкан Франция элчиси Стефан Катт "эл аралык кырдаал жана терроризм, экстремизм коркунучтарына байланыштуу билдирүүгө Евробиримдик чоң маани берерин" айткан.

Кыргызстанда мыйзамсыз берилген паспорттордун саны 30 миңге жеткенин ички иштер министри Мелис Турганбаев 21-апрелде парламентте билдирген. Министр паспортту оңду-солду берүүгө биринчи кезекте Мамлекеттик каттоо кызматы жана Социалдык фонд күнөөлүү экенин, жыл башынан бери мыйзамсыз паспортторго байланыштуу алты миң учур аныкталып, кылмыш ишин козгогонун маалымдаган.

Шаршембиде болсо министрлик издөөдө жүргөн жана соттолгон жарандардын массалык түрдө жаңы паспорт алганын жарыялады. Министрликтин тизмесиндеги кылмышка шектелген 65 адам өзүнүн аты-жөнүн өзгөртүп, жаңы паспорт алышкан. Бул атайын иликтөөнүн жыйынтыгында белгилүү болгонун ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сеитов “Азаттыкка” билдирди:

- Биз берген тизмедеги адамдар мурда соттолгон жана издөөдө жүргөндөр. Алар жаңы ысым менен паспорт алып, кылмыш жоопкерчилигинен качууга аракет кылышкан. Мындай адамдар эртең кайрадан кылмыш кылбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан бул мыйзамсыз ишке Мамлекеттик каттоо кызматы жана Социалдык фонддун айрым кызматкерлеринин катышы бар деп эсептейбиз. Антпесе алардын катышы жок бир да паспорт берилбейт.

Мындан улам Ички иштер министрлиги аталган органдарды тийиштүү көзөмөлдү күчөтүүгө чакырууда.

Дүйшөн Сатыбалдиев

Дүйшөн Сатыбалдиев

Анткен менен Мамлекеттик каттоо кызматы менен Социалдык фонд ИИМ тараткан маалыматты четке какты.

Мамкаттоонун Калкты каттоо департаментинин жетекчиси Дүйшөн Сатыбалдиевдин билдиришинче, министрликтин маалыматы боюнча атайын иликтөө жүргүзгөн:

- ИИМдин жарыясынан соң биз текшерүү өткөрдүк. Ал жактагы көрсөтүлгөн адамдардын дээрлик бардыгы аты-жөнүн алмаштырып, жаңы паспорт алган соң издөө жарыяланыптыр. Эгер издөө жарыялаганга чейин паспортун алмаштырса, биздин эмне күнөөбүз бар? Министрлик мурда соттолгон адамдар паспорт алды деп жатат. Соттолгон адамга паспорт бербе деген эч бир мыйзамда жобо жок.

Эч ким жоопкерчилик алгысы келбейт

Ички иштер министрлиги жарандар аты-жөнүн өзгөртүү менен катар кылмыш деп эсептелген жеке идентификациялык номурун (ИНН) өзгөртүп жатканын билдирген эле. Мындай маалыматты Социалдык фонд да төгүндөп жатат. Фонддун башкармалык башчысы Жыпариса Дүйшөнбиева паспорт алууда ИННди өзгөртүү негизги деле шарт эмес деп түшүндүрдү:

- Министрлик элдин баарына туура эмес маалымат таратып, адаштырып жатат. Алар ПИН-код берүү паспорт алуудагы негизги шарт деп эсептешет. Паспорт алууда бул номурдун кереги деле жок. Ар ким качан кааласа өзгөртүп алса болот. Анын үстүнө министрлик бизге ушул адамдардын РIN кодун өзгөртпөгүлө деп атайын тизме берсе, анда биз ага каршы атайын чара көрөт элек. Андай да болгон жок.

Мухтар Аблязов

Мухтар Аблязов

Ошентип мыйзамсыз берилген паспорттор боюнча мамлекеттик органдар бири-бирин айыптап, жоопкерчиликти түрткүлөп жаткан кезде эл аралык уюмдар бул кырдаалга камтама боло баштады. Негизи эле Кыргызстандын паспорту мыйзамсыз берилгени боюнча бир нече чуу чыккан.

Кыргыз паспортун бозгундагы казак оппозиционери Мухтар Аблязов, "кылмыш дүйнөсүнүн лөгү" деп айтылган грузиялык Роман Барбакадзе жана Түркияда киши колдуу болгон тажик оппозициячысы Умарали Кувватов алып жүргөнү маалымдалган. Ошондуктан бул маселеге тезинен көңүл бурулуп, тиешелүү чаралар көрүлбөсө, улуттук коопсуздукка шек келтириши мүмкүн дейт Жогорку Кеңештин депутаты Ташполот Балтабаев:

- Бул тармактагы азыркы кырдаал маселенин тезинен чечүү керек болуп калганын көрсөтүүдө. Себеби учурдагыдай олку-солку кырдаалда ар кандай топтордун мүчөлөрү коррупция орун алган биз сыяктуу өлкөлөрдөн оңой-олтоң паспорт алышы мүмкүн. Анткени аларда акча бар, параны берип туруп жасата берет. Бул Кыргызстандын эле эмес, дүйнө коопсуздугуна коркунуч туудурчу маселе. Ошондуктан муну жөнгө салып, паспорт берүүгө көзөмөлдү күчөтүп, мурдагыдай эле бул укукту тартип коргоо органдарына берүү туура болобу деп ойлойм.

Эгер издөө жарыялаганга чейин паспортун алмаштырса, биздин эмне күнөөбүз бар?

Ошол эле учурда айрымдар жасалма паспортко байланыштуу чууну ИИМ менен Мамкаттоо кызматынын ортосундагы атаандаштык катары кабыл алышууда. Буга чейин паспортту ИИМ берип келсе, кийин Каттоо кызматына өткөн. Ошондуктан аталган кызмат Ички иштер министрлиги паспорт маселесинен чуу чыгарып, бул укукту өзүнө алгысы келгенин билдирип жатат.

Мамлекеттик каттоо кызматынан маалыматы боюнча, былтыр Кыргызстандын 47 миң 200 жараны өз фамилиясын өзгөртүп, жаңы паспорт алган. Өлкөнүн көптөгөн тургундары Орусияда мигрант болуп жүрүп, ал жактын миграция мыйзамдарын бузганы үчүн депортация болгон. Ошолордун айрымдары атын, фамилиясын өзгөртүп алары коомчулукта көп айтылып келет. Алардын арасында кылмыш жоопкерчилигинен качкандар да болушу мүмкүн экенин укук коргоо органдары эскертип жатат.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG