Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Отуз-Адырдын ооруканасы кеңсеге айланат


Иллюстрация
Иллюстрация

Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн ооруканасы менен төрөтканасы өзүн актабай калды деген жүйө менен жабылган.

Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айылынын тургундары союз мезгилинен бери иштеп келе жаткан айылдык оорукана менен төрөткананын жабылышына нааразылык көрсөтүп чогулушту.

- Оорукананын жабылышына нааразылыгыбызды айтып эле келатабыз. Барсак эле милиция менен кубалайт. Биздин сөздү угайын дешпейт. Оорукананын бир кабатын өздөрүнө офис кылып, дагы бир кабатын банкка ижарага берет имиш. Ушундай имиштерди гана угабыз. Ал жерде эмкана, биринчи жардам, гинекология, тиш дарыгери бар эле.

Жергиликтүү тургундардын бири Турниса Баитова бийлик айылдык оорукана менен төрөткананы жасалма жол менен жапканга аракет кылып жатат деген пикирде.

Элет көзүнөн учкан төрөткана

Элет көзүнөн учкан төрөткана

Кыргызстандын аймактарындагы төрөтканаларды кыскартып, ирилештирүү жараяны төрөт курагындагы элеттик энелердин өмүрүнө коркунуч жаратып, жакындарын оор түйшүккө салууда.

- Биздин оорукананын да, төрөткананын да бардык шарттары бар эле. Оорукананы жапканына беш жыл болду. Андан бери эмеректерин уурдап кетишиптир. УЗИ, ЭКГ жабдыктары да көрүнбөйт. Төрөт үйүн ремонттойбуз деп жапкандан бери жети ай өттү. Эми такыр жааптыр деп угуп жатабыз. Төрөттүн саны жетпейт дешет. Келиндер келсе киргизбей, төрөттүн санын атайлап азайтып жатышат. Ошентип эптеп ушул бар мүлктү жок кылганы калышты. Эл көп, миграцияда жүргөн жаштар эртең эле кайтып келет. Ошондо оорукана, төрөт үй курат элек деп дагы көйгөй кылышат. Бизге ошол керекпи?

Кара-Суу райондук ооруканасынын жетекчилиги Отуз-Адыр айылдык төрөткананын жабылышын саламаттыкты сактоо саясатындагы реформага байланыштырат. Реформанын жаңы шартына ылайык, мындан ары ар бир айыл өкмөттө эмес, ар бир 45 чакырымда бирден гана төрөткана сакталып калышы керек экен.

Кара-Суу райондук ооруканасынын башчысы Гүлкайыр Муратова Отуз-Адыр айылдык төрөтканасы өзүн актабагандыгы үчүн жабылды деп билдирди.

- Отуз-Адыр айылдык төрөтканасы өзүн-өзү актабай карыз менен чыгып атышат. Алардын карызын аймактык оорукананын эсебинен жаап келгенбиз. Мисалы, 2015-2016-жылдары катары менен 188 миң сом карыз менен чыгышкан. Айлык акыны актаган менен коммуналдык тейлөөлөрдү актабай жатат. Төрөткана иштеши үчүн айына 50дөн кем эмес аял төрөшү керек. Ал айыл айына 15 төрөттү араң беришкен.

Өзүбүздүн айылдын төрөтканасы иштеп турса биз машакат тартпайт элек. Ошончо көп акча кетпейт эле. Мен өзүм деле оорукчанмын. Мага окшогон кары-картаңдар ушул эле айылда мурдагыдай болуп дарыланып турсак эмнеге болбосун?
Мастура Пусурова

Кара-Суу райондук бийлиги мындан беш жыл мурун жабылган оорукана менен жети ай мурун жабылган айылдык төрөткананын имаратын кандай максатта колдонууну али чечише элек. Район акими бош калган төрөткананын имаратына майыптарды калыбына келтирүү борбору ачылышы мүмкүн экенин билдирди.

Бул арада Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы Таалайбек Туйбаев айылдагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун эски төрөтканага жылдырып, эки кабаттуу оорукананын имаратын кеңсе кылып алууну көздөп жатканын айтты:

- Ал оорукана союз учурунда контора болчу. Азыр ал имаратта үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу отурат. Экинчи кабаты бош турат. Эми төрөт үйү биротоло жабыла турган болсо, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун төрөтканага жылдырып, ордуна айыл өкмөттүн аппаратын жайгаштырууну сунуштап атабыз.

Деген менен Отуз-Адыр айылынын тургундары айылдын эски ооруканасын да, төрөтканасын да мурдагы калыбында иштете берүүнү талап кылышууда. Алардын бири Мастура Пусурова айылдык оорукана жабылгандан бери жүдөп жатышканын айтууда.

- Менин эки келиним кош бойлуу эле. Биринчи келинимди ушул жерге алып келсек кабыл албай коюшту. Аргасыз район борборуна баратып машинеде төрөдү. Экинчи келинимди шаарга алып бардым. Эгерде өзүбүздүн айылдын төрөтканасы иштеп турса биз машакат тартпайт элек. Ошончо көп акча кетпейт эле. Мен өзүм деле оорукчанмын. Мага окшогон кары-картаңдар ушул эле айылда мурдагыдай болуп дарыланып турсак эмнеге болбосун?

Ош облусунун Кара-Суу району өлкөдө калкынын саны эң көп район. Сөз болуп жаткан Отуз-Адыр айыл өкмөтүндө 17 миң киши жашайт. Айылда төрөттүн аз болуп жатканын адистер тышкы миграция жана айылда ишенич арттырган дарыгерлердин жоктугу менен байланыштырат.

Отуз-Адыр: жабылган төрөткананын күйүтү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG