Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:58

Коалициянын тагдыры арсар


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Кыргызстанда саясий абал курчуганы парламенттеги коалициянын тарашы тууралуу сөздөр күчөдү. Мындай аракеттер бийликтин каршылашына айланган “Ата Мекен” фракциясын коалициядан чыгаруу айласы катары бааланууда. Буга чейин Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов коалиция тарап кетүү мүмкүн экенин четке каккан эмес.

Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициянын тагдыры кайрадан арсар абалда калууда. Өлкөдөгү саясий жагдайдын курчушу менен Социал-демократтар жана “Ата Мекен” фракцияларынын көпчүлүк коалицияда бирге болушу мүмкүн болбой калганы айтыла баштады.

Өткөн аптада Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов азыркы курамдагы коалициянын тарап кетүү мүмкүндүгү сакталып турганын ырастаган. Өмүркуловдун мындай билдирүүсү коалицияда туруп оппозицияга өткөн “Ата Мекен” фракциясынын башкаруучу альянстан өз каалоосу менен чыгуудан баш тарткандан кийин жасалды.

19-сентябрда Социал-демократтар фракциясы жабык жыйынга чогулуп, Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселесин талкуулады.

Иса Өмүркулов
Иса Өмүркулов

Жыйында фракциянын коалициядан чыгуу маселеси да каралашы мүмкүн экени айтылган. Социал-демократтардын лидери Иса Өмүркулов коалициядан чыгуу маселеси каралбаганын билдирди:

- Бул жыйында андай маселе каралган жок. Күн тартибине киргизилген эмес.

Ошол эле учурда парламенттеги ишенимдүү булактардын билдиришинче, социал-демократтар, “Ата Мекен”, “Кыргызстан” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары кирген коалиция бузулушу ыктымал. Ага ылайык, учурдагы коалициядан “Кыргызстан” фракциясы чыгышы мүмкүн. Коалициядагы фракциялар бул маалыматты расмий түрдө ырасташа элек.

“Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Алимбеков ушу тапта мындай маселе фракция күн тартибине коюла электигин айтты:

- Азырынча биз андай сөздөрдү уга элекпиз. “Кыргызстан” фракциясы коалициядан чыгып, кайра жаңыдан түзөрү тууралуу сөз жок. Биз стабилдүүлүк болсун деп келатабыз. Мындай чечим фракцияда талкуулангандан кийин кабыл алынат. Бирок андай маселени көтөрө элекпиз.

Ошол эле учурда “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов көпчүлүктүн курамынан өз фракциясын чыгаруу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын четке какпайт:

- Мындай аракеттер болуп жатышы толук мүмкүн. Биз коалициядан чыкпайбыз, кааласа өздөрү чыксын деген позициябызды айтканбыз. Эмне үчүн жармашып чыкпай жатканы түшүнүксүз. Алардын билгени болсо керек. Коалицияны бузуп алып, кайра жыйнай албай калабыз деген кооптонуу болуп жатса керек.

Ошол эле учурда азыркы шартта коалицияны таратуу боюнча аракеттер эң алгач “Ата Мекенге” каршы багытталганын саясий талдоочулар да билдирүүдө. Саясий эксперт Шерадил Бактыгуловдун айтымында, мындай кырдаалда өлкөдөгү саясий кризис тереңдейт:

- Мындай жол менен “Ата Мекенге” басым жасоо туура эмес. Коалицияны түзүүдө бийликти колдоо боюнча эч ким милдеттенме алган эмес. Өкмөт түзүү жоопкерчилигин алган альянсты саясий максатта колдонуу туура эмес.

Бирок социал-демократтар менен “Ата Мекендин” ортосундагы ажырым күчөгөн сайын, алардын бир коалицияда болушу мүмкүн болбой калды деген пикирлер да бар.

Башкаруучу альянстын тарашы өлкөдөгү саясий абалга өз таасирин тийгизери бышык. Мыйзамга ылайык коалициянын тарашы менен өкмөт отставкага кетип, кайрадан кызмат бөлүшүүлөр башталат. Бул өлкөдөгү ансыз да абалы анча жакшы эмес экономикалык абалга терс таасирин тийгизерин адистер айтышат.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG