Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:27

Узап бараткан жумада Кыргызстан Транзиттик борборду чыгаруу боюнча ички жол-жоболорду толук аткарды. Эркиндикке чыккан “Ата-Журттун” лидерлеринин тагдыры кайрадан соттун колуна өттү. Парламент акыйкатчыны кызматтан кетирди.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев "Манастагы" Транзиттик борбор боюнча келишимди бузууну караштырган мыйзамга 26-июнда кол койду.

Ал күндүн эртеси тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен айымды кабыл алып, келишим 2014-жылы 11-июлда токтоорун билдирди. Демек Кошмо Штаттар келерки жылдын 11-июлуна чейин "Манастан" толук чыгып кетүүгө тийиш.

Транзиттик борборду чыгаруу маселеси Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда сүйлөшүлүп, ал кандайдыр бир соода мүнөзүнө ээ болгондой. Маселен, Кыргызстан Транзиттик борборду чыгаруу боюнча чечимди ички жол-жоболордон өткөрөр замат, Москва Кыргызстанга убада кылынган курал-жарактын берилер мөөнөтүн так айтты. Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 25-майда президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда Кыргызстанга курал-жарак 2014-жылдан тарта бериле баштаарын билдирди.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн жаңы куралдар менен жабдуу маселесин Бишкек менен Москва 2006-жылдан бери сүйлөшүп келатканы маалым. Акыркы мезгилдерди ал активдешип, бериле турган курал-жарактын суммасы 1 млрд. доллардан ашаары маалымат каражаттарында жарыяланган.

Кыргызстан Транзиттик борборду чыгаруу менен тышкы саясатта Москвага артыкчылык берерин айгинеледи дейт эксперттер. Ошол эле мезгилде Транзиттик борборду чыгаруу менен Бишкек олуттуу финансылык жоготууларга учурары анык. Америкалыктар "Манастын" ижара акысы үчүн эле бюджетке 60 млн. доллар төлөп турушкан. Андан сырткары кыйыр кирешелер менен жалпысынан 200 млн. долларга жакын акча республикага келип турганы маалым.

Москва менен Кыргызстандын азыркы жакындашуусу Бишкектин Бажы биримдигине кирүүсү менен күчөйт. Бирок бул уюмга кирүү оңой-олтоң жумуш эмес экендигин бийликтегилер да белгилеп жатышат. Бажы биримдигине кирүү менен Кыргызстан чоң тобокелчиликтерге баратканын Беларус ишкерлеринин 24-июндагы нааразылык акциялары көрсөттү. Ал акцияда ишкерлер Бажы биримдигинин техникалык регламентине каршы чыгышты.

Регламентке ылайык ар бир товар сертификатталууга тийиш. Ал сертификатты алуу оңой эместигин беларус ишкерлери билдиришүүдө. Техникалык регламенттин мындай талабы Кыргызстандагы чачкын жана майда болгон тигүү тармагындагы ишкерлерди, фирмаларды бейпайга салып, айласын кетирери бышык.

Дабасы табыла элек саясий дарттар

Кыргызстанда Жогорку Кеңеш жайкы каникулга тарады. Расмий түрдө муну менен жазгы саясий сезон аяктады. Бирок Кыргызстан саясатында дабасы табыла элек дарттар кала берүүдө. Маселен, Кумтөр маселесин чечүү талабы менен Жети-Өгүздө калк кайрадан толкуп турат.

Бишкек шаардык соту тарабынан акталып, өлкөнү түрө кыдырган Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун иши Жогорку Сотко өткөрүлдү.

Талант Мамытовдун адвокаты Искендер Жоробаев Жогорку Сотто кандай чечимдер кабыл алыныш мүмкүндүгү тууралуу буларды билдирди:

- Жогорку Сот мурдагы өкүмдү, шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырып, Башкы прокуратуранын көзөмөл иретинде келтирген сунушун канааттандырбайт. Бул биринчи вариант. Экинчи вариантта сунушту канааттандырып, жаңы өкүм чыгарышы мүмкүн. Үчүнчү вариант боюнча, өкүмдү бузуп, кайра тергөөгө жөнөтүшү мүмкүн.

Адвокат Жоробаевдин айтымында, мыйзам чегинде чечим кабыл алына турган болсо, анда шаардык соттун өкүмү күчүндө калтырылууга тийиш. Шаардык соттун чечиминде депутаттар 295-берене боюнча толук акталган. Ал эми 297-берене боюнча депутаттарга айып коюш үчүн парламенттин макулдугу керек болгон. Андай макулдук жок болгондуктан шаардык сот ал берене боюнча айыптоону караган эмес.

Жогорку Соттун чечимине жараша депутаттардын тагдыры чечилет. Айрым талдоочулар жана саясатчылар Жогорку Соттун чечими өлкөдөгү саясий кырдаалга да түздөн-түз таасир этет деген божомолдорун айтышууда. Азырынча боштондукка чыккан депутаттар өздөрүнүн саясий орундарын кайра ээлеп, активдүү позициядан тайбай турушканын айгинелөөдө. Маселен, Садыр Жапаров “Ата-Журт” фракциясынын лидерлигине кайрадан шайланды. Камчыбек Ташиев болсо президенттик кызмат үчүн күрөшүүдөн кайра тартпастыгын жарыялады.

"Ата Мекен" менен бийликтин келишпестиги

Саясий кырдаалга таасир этүүчү жагдай “Ата Мекен” менен бийликтин мамилесинин начарлоосунан да түзүлүп жатат. Эки өнөктөштүн мамилесин криминалдык аталык Азиз Батукаевдин бошотулушу жана мародерчулук боюнча кылмыш иштери ууландырып жатканы маалым. Мына ушулардан келип чыккан келишпестиктен “Ата Мекен” башкаруучу коалициядан чыгып, ачык оппозицияга өтүшү да мүмкүн, ошон үчүн бийлик “Республика” фракциясын коалициялык көпчүлүккө тартып, парламент жана өкмөттү колдон чыгарбоонун камын көрүүдө деген жоромолдор айтыла баштады.

Ал эми өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин демилгелери Жогорку Кеңеште колдоо таппай калды. Белгилүү болгондой ал губернаторлукту калыбына келтирүү, акимдердин ролун күчөтүү, үч тепкичтүү бюджетти кайра киргизүү, кыскараак айтканда бийлик вертикалын калыбына келтирүү максатында бир канча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган. Сунуштап эле калбай Конституция нормаларына ылайык тез арада карап берүүнү сураган. Бирок парламентте өкмөттүн демилгелери колдоо тапкан жок.

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов өкмөттүн сунушу өзүнө кайтарылды дейт:

- Биз профилдик комитет өкмөттүн өзүнө кайтарып бердик. Кайра иштеп чыксын дедик. Анткени биздин негизги алган багытыбызга каршы келген, бир кадам алдыга, эки кадам артка дегендей мыйзам долбоору экен. Бир сөз менен айтканда, бийлик вертикалын тургузуу экен.

Парламенттен мына ушундай жооп алган Жантөрө Сатыбалдиев ал жетектеген өкмөт кызматтан кетүүгө даярдыгын билдире баштады.

Мына ушундай илең-салаңда турган өкмөт Кумтөр боюнча өзгөчө маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш. Анткени сентябрга чейин аман турса, бул өкмөт Кумтөр боюнча Жогорку Кеңеш алдында жооп бериш керек.

Акундун "бомбаларына" өкмөттүн иммунитети бар

Жогорку Кеңеш болсо жайкы каникулга тарар алдында акыйкатчы Турсунбек Акунду кызматтан кетирди. Турсунбек Акун бул кызматка быйыл январь айында экинчи ирет шайланган эле. Ал эми аны кызматтан кетирүүгө криминалдык аталык Азиз Батукаевдин бошотулушу себеп болуп калды.

Батукаевдин бошотулушун иликтеген Болот Шер башында турган депутаттык комиссия күч структуралары менен кошо Турсунбек Акундун да тиешеси бардыгын атаган эле. Акыйкатчынын ишин иликтөө боюнча атайын комиссия түзүлүп, ал Турсунбек Акунду кызматтан алууну жактап чыкты. Маселе 27-июнда парламентте каралды. Кызыл-Кыя шаардык ооруканасында жаткан Турсунбек Акун парламентке келип, өзүн коргоого аракет жасады. Ал Батукаевдин оорусу тууралуу маалыматтарды коргоо кеңешинин катчысы, УКМКнын төрагасы Бусурманкул Табалдиевдин сунушу айтып чыкканын парламентке маалымдады:

- Табалдиев Бусурманкул Беркутович телефон аркылуу мага чыккан. Саат 11лер болчу. "Урматтуу акыйкатчы Турсунбек Акун, кечээ Батукаев бошоп кеткен экен. Ошол адам боюнча комментарий берип коюңузчу. Биз берсек уят болуп калат экен. Биз мамлекеттик органдар экенбиз, сиз берип коюңуз" деди. Мен жаман оюм жок, болгонун болгондой айтып салдым.

Турсунбек Акун билдирүүсүндө Батукаев өлүм алдында экенин, дарты айыккыс экенин, ошондуктан бошотулганын айткан эле.

Турсунбек Акун мына ошол билдирүүсүнөн башка күнөөсү жок экенин, ал үчүн парламентте дагы бир жолу кечирим сурады. Ал эми Азиз Батукаевди бошотууда эл ичинде шек президентке, өкмөт башчыга чейин кетип жатканын, парламент башкы прокурорго бир чара көрө албагынын сындады:

- Башкы прокурорду эмне үчүн кызматтан алган жоксуздар? Эмне үчүн сунуш берген жоксуздар? Ал эмне үчүн эки айдан бери Батукаевге адвокат болуп жатат?

Турсунбек Акун президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарынбаев абактагы Камчыбек Ташиевди психикалык жактан оору деп чыгарууга аракеттенгенин, ага көмөктөшүүгө акыйкатчыны үндөгөнүн кошумчалады.

Акыйкатчынын бул сөздөрүнө бир нече депутаттар тарабынан реакция болду. Алардын бири - “Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Мыктыбек Абдылдаев:

- Бул жерде биздин акыйкатчы көп адамдарга күнөө койду. Кыргызстанда бир жетекчи соо калган жок. Анда биз кандай мамлекет болобуз? Ким биздин коопсуздугубузга кепил болот? Мына ошондуктан парламент бул жерде абдан терең баа бериш керек.

Эркин депутат Равшан Жээнбеков Батукаевди бошотууга чыныгы күнөөлүүлөрдү жазалабай туруп, Турсунбек Акунду кызматтан кетирүү адилетсиз болуп каларын эскертти:

- Мамлекеттеги болгон институттардын бардыгын, жогорку деңгээлдеги болгон мамлекеттик кызматкерлерди күнөөлөп, "бомба" жарып жатса, бирөөбүздүн дагы реакциябыз жок. Президенттин аппаратынын башчысы оппозициянын башчысын жиндиканага тыкканга аракет кылып аткан мамлекеттин келечеги барбы же жокпу? Кандай дейсиңер? Кайсы заманга баратабыз... Же болбосо Коргоо кеңешинин катчысы чакырып алып, Батукаевди чыгаруу боюнча ушундай көрсөтмө бересиң деп жатса, бул эмне деген мамлекет өзү? Анан биз акыйкатчыны кантип күнөөлөйбүз? Балыктын баары башынан сасып жатат. Эгерде биз бүгүнкү күндө эң күнөөлүү адамдарды күнөөлөбөй туруп, Турсунбек Акунду күнөөлөй турган болсок, адилетсиздик болуп калат.

Парламентте Равшан Жээнбековдой ойлогон депутаттар аздык кылды. Ошондуктан Турсунбек Акун Жогорку Кеңеште эс-учун билбей жыгылып, тез жардам менен ооруканага жеткирилгенине карабай, төрага Асылбек Жээнбеков акыйкатчыны кызматтан алууну добушка койду. Көпчүлүк добуш аны кызматтан бошотууну колдоду.

Айта кете турган нерсе, президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарынбаев да, УКМКанын башчысы Бусурманкул Табалдиев да Турсунбек Акундун сөздөрүн төгүндөштү.

Эми, Ташиевден психикалык жактан мандемдүү деп кутулууну көздөгөндөй, Турсунбек Акунду “шоумен” деп атап, анын сөздөрүнө маани бербөө аракети жүрүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG