Линктер

Апта: Атамбаевдин Конституциясы, жеңиш үчүн кармаш


Президент Алмазбек Атамбаев 1-августта Чолпон-Ата шаарында журналисттер менен жолугушкан.

Президент Алмазбек Атамбаев 1-августта Чолпон-Ата шаарында журналисттер менен жолугушкан.

Узап бараткан аптада Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору жарыяланды. АКШда президенттик шайлоодогу үгүт өнөктүгү айыгышкан мүнөзгө өтө баштады.

Карама-каршы пикир жараткан конституциялык реформа

Кыргызстан бийлиги күтүлүп жаткан конституциялык реформанын сырын ачты. Андагы негизги өзгөрүүлөр өкмөттү бекемдөөгө жана Конституциялык палатаны алсыратууга багытталганы байкалат.

Өкмөттү бекемдөөнү демилгечилер бийлик бутактарын тең салмакташтыруу максаты деп түшүндүргөн. Маселен, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов парламенттин өкмөткө үстөмдүгүн азайтуу керектигин айтууда.

Конституциялык палатаны алсыратуу жүйөсүнө келгенде демилгечилер, бирок бийлик бутактарын тең салмакташтырууну унутуп калышкандай. Долбоордо алар Конституциялык палатаны өз алдынча чечим чыгарууга жөндөмсүз органга айлантып, чыгара турган чечимин президент жана парламент менен макулдашуусу керек деп жазышкан.

Жарандык коом өкүлдөрү өткөргөн жыйын

Жарандык коом өкүлдөрү өткөргөн жыйын

Конституцияга мына ушундай өзгөртүү жана кошумча киргизүүнүн расмий демилгечилери катары КСДП, “Республика-Ата Журт”, “Өнүгүү” жана “Кыргызстан” фракциялары чыккан. Бирок алар негизги демилгечи президент Атамбаев экенин аташкан. Маселен, КСДП фракциясынын мүчөсү Дастан Бекешов:

- Бул чындыгында президенттин идеясы. КСДП фракциясы аны колдоп, ошол мыйзам долбоорду алып чыгып жатабыз.

Демек президент Атамбаев жана анын жакын жан-жөкөрлөрү өздөрүнүн тажрыйбасын эске алып, келечегине карап конституциялык реформаны сунушташты.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчылыктан кеткенден кийин премьер-министр кызматына барбай турганын, Конституцияны өзгөртүү демилгеси анын өкмөт башчылыкка келүүсүнө жол ачпасын, Конституцияны өзгөртүү демилгеси – мамлекеттин өнүгүүсү үчүн жасалып жатканын 1-августта Ысык-Көлдөгү “Рух-Ордо” комплексинде уюштурулган маалымат жыйында билдирген.

Бирок айрымдар өкмөттү бекемдөөнүн артында президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин өкмөт башына келүү мүмкүнчүлүгүнө даярдык жатса, Конституциялык палатаны тизгиндөөнүн артында палатанын бийликтин ыңгайына каршы буга чейин айрым бир чечимдери себеп болгондой деп болжошууда.

Маселен, 2015-жылы Конституциялык палатанын биометрика боюнча чечими, ага чейин 2014-жылдын башында “Мамлекеттик кызматкерлерге каршы кылмыш ишин Башкы прокуратура гана козгой алат” деген корутунду чыгарып, УКМКнын Антикоррупциялык кызматы мамлекеттик кызматкерлерге козгогон кылмыш иштердин баарынын мыйзамдуулугун күмөнгө салуусу бийлик башындагылардын каарын кайнаткан. Анда бийликтин каарынан Конституциялык палата, Конституция боюнча чечими акыркы жана өзгөртүлбөйт деген талапка карабай, өз корутундусун өзгөртүүгө аргасыз болгон. Эми Конституцияга киргизиле турган өзгөртүү менен биротоло чүлүктөнө турган болууда.

Юрист Курманбек Осмонов Конституциялык палатаны Конституциялык кеңешке айлантуу аракети жасалып жатканын айтат:

- Буга менин көз карашым каршы. Сунуш боюнча адегенде корутунду чыгарып, ал корутунду президентке жана парламентке жакса, анан чечим кабыл алат экен. Конституциялык сот өндүрүшү менен алектенген орган түз эле чечим чыгарыш керек. Эгер Казакстан же Франциядагыдай Конституциялык кеңеш болсо, кеңешүүчү орган катары кеңешин берет. Конституциялык палатанын табиятын ошого жакындатып жатышат.

Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы митинг

Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы митинг

Курманбек Осмонов премьер-министр жана вице-премьер-министрлерде депутаттык мандаттын сакталышы менен бийлик бутактарынын тең салмактуулугу бузулат деп эсептейт. Ал эми Британия жана башка өлкөлөрдөгү тажрыйба тууралуу сөз болгондо, анда ошол өлкөлөрдөгүдөй бийлик системасын толук курууга өтүш керек дейт Осмонов.

Президент Атамбаев демилгелеген жана парламенттеги беш фракция колдогон долбоор боюнча, өкмөт башчынын позициясы бекемделет жана аны кызматтан алуу өтө татаалдашат.

Биринчиден, коалициядан чыгуу татаалдаштырылган. Маселен, кайсы бир фракция коалициядан чыгуу чечимин фракция депутаттарынын үчтөн экисинин добушу менен кабыл алат. Ал атайын токтом менен бекитилип, ар бир депутат колун коюуга тийиш. Азыркы кезде андай чечим жөнөкөй көпчүлүк менен кабыл алынат.

Экинчиден, парламент өкмөттү мурункудай жөнөкөй көпчүлүк менен эмес, депутаттардын үчтөн экисинин добушу менен гана кызматтан кетире алат. Бул премьер-министрди кызматтан кетирүү үчүн 90 депутаттын добушу керек дегенди билдирет.

Белгилүү саясатчы Кубатбек Байболов бул өзгөрүүлөргө мындай баасын берди:

- Долбоорду кунт коюп окуп чыккан адистерге түшүнүктүү болуп жатпайбы, биз парламенттик эмес, премьер-президенттик системаны куруп жатканыбыз. Ошол парламент тарабынан түзүлгөн өкмөт парламентти каакыдай көрбөй калып жатпайбы. Парламенттин премьер-министрге күчү жетпей калып жатпайбы. Ошондуктан биз парламенттик эмес, премьер-президенттик бийлик курап жатабыз.

Өзгөртүүлөр кабыл алынса, премьер-министр каалаган учурда кызматтан бошотуу маселесин парламентке коё алат. Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөй койсо, анда жаңы парламенттик шайлоого жол ачылат. Өз мандатынан ажырап калуудан чочулаган депутаттар өкмөт башчыга каш кайрый албагандай абал түзүлөт.

Ошондуктан өкмөт башчынын позициясын бекемдөө жана аны кызматтан алууну болушунча татаалдаштыруунун артында 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин кимдир бирөө үчүн даярдалган шарт эмеспи деген суроо жаралат.

Конституцияга мына ушундай өзгөртүүлөрдү киргизүүгө оппозиция каршы чыкты. 2-августта Бишкекте чогулган оппозициялык саясатылар жана жарандык коомдун өкүлдөрү бийликтин Конституцияны өзгөртүү аракетин кескин сынга алды.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Равшан Жээнбеков анда конституциялык реформаны "бийликти узурпациялоо" деп атады. Алар ага каршы туруу үчүн жумушчу топту түздү. Анын курамына Адахан Мадумаров, Элмира Ибраимова, Замира Сыдыкова, Нарын Айып жана башка саясатчы, жарандык коомдун өкүлдөрү кирди. Адахан Мадумаровдун маалымат каражаттарына билдирүүсүнө караганда, алар Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы турууга элди үгүттөшөт жана ал максатта жер-жерлерде жолугушууларды өткөрөт.

Жоболоңдуу жолго айланган Боом...

Кыргызстанда жолдордун сапатсыз курулушу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду ага жакынкы мезгилде эле эки ирет кайрылууга аргасыз кылды.

Биринчи жолу Жээнбеков Бишкек-Манас жолунун өтө сапатсыз курулушу үчүн жолчуларды уяткарса, экинчи жолу Боом капчыгайындагы тынбаган көчкү көңүл бурууга аргасыз кылды.

4-августта өкмөт башчы Жээнбеков транспорт жана коммуникация, өзгөчө кырдаалдар жана ички иштер министрлеринин катышуусу менен Боом капчыгайындагы жол коопсуздугун камсыздоону кеңешти. Өкмөт башчынын маалыматы боюнча, акыркы бир эки айдын ичинде Боом капчыгайындагы 19 ирет жаратылыш кырсыгы катталды. Анын ичинде жети жолу таш куласа, 12 ирет сел жүрдү.

Боом капчыгайы

Боом капчыгайы

Натыйжада туризм сезону учурунда Боом капчыгайы “кыяматтын кыл көпүрөсүнө” айланып, кооптуу боло баштады. Ал бир адамдын өмүрүн алды. Тынымсыз таш кулоо жана аны тазалоо учурунда автоунаалар көп сааттан күтүүгө, жол тыгынында турууга аргасыз болууда.

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Боомдогу бөлүгүндөгү мындай абалдын түзүлүшүнө бийлик жаанчыл аба ырайын шылтоолоп жатышат. Бирок адистер жолду долбоорлоо жана кеңейтүү иштери жоопкерсиздик менен жүргүзүлүп, анын натыйжасында тоо тектеринин табигый таянычы бузулганын айтып жатышат. Ал тынымсыз көчкү жана таш кулоолорго алып келүүдө.

Бул жолду оңдоонун долбоорун “Кыргыздортранспроект” институту даярдап, China Road компаниясы ишке ашырган. Институттун башкы инженери Талантбек Солтобаев айтылган дооматтарды четке кагып, кулаган таштарды күтүлбөгөн кырсык деп сыпаттайт:

- Боомдогу өтө коркунучтуу жерлерге дубал тургузганбыз. Бул жер андай аймакка кирбейт. Анткени биз геологиялык изилдөө жүргүзгөнбүз. Бул аймактын топурагы катуу кыртышка кирет. Көп деле кулабайт. Болгону быйыл жаан-чачын көп болуп таштардын айланасы бошоп калган. Топурак жаанга эзилгенде таштар кулап жатат. Азыр Транспорт министрлигине кырсыкты алдын алуу үчүн сунуш даярдап жатабыз. Дубал тосуу, кыртышка бак-дарак, чөп өстүрүү же тоо бетине зым тосмо тартуу сыяктуу жолдору бар.

Жолду долбоорлоо жана курууда көпүрөлөрдүн толук салынбашы, ыктымал болуучу сел коопсуздугу эске алынбаганын жергиликтүү тургундар белгилеп жатышат. Мына ушундай жоопкерсиздик жана кемчиликтерден карапайым калк жана жергиликтүү ишкерлер чоң зыянга учуроодо. Маселен, Бишкек-Балыкчы жолунун боюндагы "Жибек жолу" кафесин сел каптап, ылай сууга толтурган. Кафенин кожоюну Токтосун Абдыкадыров “Азаттыктын” кабарчысы менен сүйлөшүүсүндө сел каптоонун себебин жолчулар эски көпүрөнүн ордуна жаңы көпүрө курбай койгону менен байланыштырды.

Боом капчыгайында пайда болгон көйгөй ары-бери каттаган калкты азапка салса, экинчи жагынан туристтерди чочулат. Бийлик даңазалап жаткан Көчмөндөр оюну, Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн саммити да Ысык-Көлдө өтөрүн эске алганда, Боомдогу жол коопсуздугу мамлекеттин эл аралык аброюна тиешелүү маселеге айланууда.

АКШда айыгышкан кармаш

Кошмо Штаттардан президенттик шайлоо өнөктүгү финалдык чегине чыгып баратат. 8-ноябрда боло турган шайлоодо республикачылардын талапкери Дональд Трамп менен демократтардын талапкери Хиллари Клинтон беттешет.

Эки талапкердин тышкы саясаттагы кескин айырмаланган эки башка позициясы кармашты өтө курчутуп, ал айыгышкан каршылашуу мүнөзүнө өтүп баратат.

Демократтардын талапкери Хиллари Клинтон эл аралык аренадагы азыркы системаны жана түзүлгөн кырдаалды сактоону жактаса, Дональд Трамп аны сындырууну көздөйт. Бул өзгөчө Орусияга карата саясатта айкын көрүнүүдө.

Дональд Трамп

Дональд Трамп

Маселен, Дональд Трамп “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөштө Москва менен биргелешип аракеттенүүнү, Кремль менен диалогду жактарын билдирүүдө. Жакында эле ал Крымды Орусиянын аймагы катары таануу мүмкүнчүлүгүн четке какпады:

- Мен аны карап көргүм келет. Бирок сиздерге белгилүү болгондой, Крым калкы башкалар менен эмес, Орусия менен болгусу келет.

Дональд Трамп ошентип реалдуулукту эсепке алууга, Крымды тартып алуу аракети Үчүнчү дүйнөлүк согушка алып келүү мүмкүндүгүн эске алууга чакырууда. Ал эми анын оппоненттери Орусиянын башка мамлекеттин территориялык бүтүндүгүн күч менен бузганын жана ал эл аралык нормаларга караманча каршы келерин, дал ушул себеп Москвага каршы санкция киргизилгенин белгилеп жатышат.

Хиллари Клинтон

Хиллари Клинтон

Бирок да Дональд Трамптын айрым олуттуу маселелерде үстүрт жана куйкум сөздөрү анын өзүнө урулган сокку болуп кайтууда. Маселен, Ирак согушунда уулун жоготкон түбү пакистандык АКШ жаранынын үй-бүлөсүнө карата айткан сөзү ошондойлордун бири болуп калды. Демократиялык партиянын курултайында уулун жоготкон эне эмес, атасынын сөз сүйлөшүн алардын мусулманчылыгы менен байланыштырган. Башкача айтканда, Трамп мусулмандарда аялга караганда эркек жогору турат, аялга жол берилбейт дегендей пикирди айткан.

Мына ушундай алешемдиктерден кийин президент Барак Обама Дональд Трамп президенттик кызматка даяр эмес деген пикирин дагы бир жолу кайталады:

- Республикалык партиянын талапкери АКШнын президенттиги үчүн жарабайт деп ойлойм. Мен бул жөнүндө өткөн жумада айткан элем, азыр ал аны дагы далилдеп жатат.

Дональд Трамп Обаманын мындай сөзүнө жооп кайтарып, “Барак Обама Кошмо Штаттардын тарыхындагы эң чабал президент” деп атады. Ошондой эле “Ислам мамлекети” аталган террордук топтун түзүлүшүнө себепкер катары Обама колдогон Хиллари Клинтонду айыптап, аны “шайтан” деди. Украина, Сирия жана Иракта түзүлгөн абалга Барак Обаманы күнөөлөдү.

АКШнын президенттик шайлоо өнөктүгү мына ушундай курч жана айгышкан мүнөздө өтүүдө.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG