Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:06

​Шайлоого чыккан партиялар тизмесине квотанын негизинде кирген, бирок аты-жөнү коомчулукка тааныш эмес аялдар көп.

Мындан сырткары ишкер чөйрөдө, журналистикада өзүн көрсөткөн кыз-келиндердин катары, бешинчи чакырылыштагы депутат аялдардын бир тобу, парламент жыйындарында бир да ооз ачып сүйлөбөй “балык” атка конгон ак жоолукчандар тизмеси бар. Депутаттыкка аттанган аялдар кимдер?

Парламенттик шайлоого аттанган партиялар тизмесиндеги аялдарды төрткө бөлүп кароого болот.

Биринчи топто, бешинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңеште депутат болгон аялдар. Алардан Ыргал Кадыралиевадан башка дээрлик бардык аял депутаттарды ар кайсы партиянын тизмесинен көрүүгө болот. Кадыралиева мурда Социал-демократтар партиясынан шайланып келген болчу.

Экинчи топко капчыктуу ишкер кыз-келиндер кирет. Алардын катарын мурда “Ар-намыстан” шайланып, кийин вице-премьер-министр болгон, медициналык клиникалардын ээси Гүлнара Асымбекова, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, маркум Жыргалбек Сурабалдиевдин кызы, Бишкектеги “Кудайберген” базарынын ээси Элвира Сурабалдиева, Туризм департаментинин мурдагы жетекчиси, “Дасмия” эс алуу борборунун кожоюну Турусбек Мамашевдин кызы Айсулу Мамашева жана башкалар толуктайт.

Кыргыз аялдары

Кыргыз аялдары

Мындан сырткары журналисттик чөйрөдө таанылган кыз-келиндердин жоон тобу шайлоого аттанууда. Алардын катарында Бүбүкан Досалиева, Жаркын Темирбаева, Жылдыз Мусабекова, Лунара Мамытова, Аида Касымалиева, Сюита Соурбаева, Бурулай Пусурманкулова жана башкалар бар.

Төртүнчү топко, мурдагы саясий жогорку орундарда иштеген, кайсы бир деңгээлде мурдагы, азыркы бийликке таарынычы бар аялдарды атаса болот. Алардын сап башында “Ата Мекен” партиясынын тизмесинде 4-болуп келаткан мурдагы баш прокурор Аида Салянова турат. Ал президенттин колдоосу болбой калгандыктан ишин тапшырганын билдирген болчу. Ушул эле партиянын тизмесинин 17-орунунда Гүлнара Самат-Клара турат. “Азаттык” буга чейин бул табышмактуу аял Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрайымы Клара Кабилова экенин жазган. 29-орунду Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова ээлеген. Ал жарандардан биометрикалык маалымат алуу мыйзамсыз деген пикирин айтканы үчүн мөөнөтүнөн мурда иштен алынган. Бул тууралуу партия лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” курган маегинде буларды билдирген:

- Клара Кабилова бүгүнкү партия лидерлери сымал, ошол эле Мадумаров, ошол эле Салымбеков, Атамбаев, Кулов, Сулайманов же Чудинов сыяктуу Бакиев убагында чоң кызматта иштегени чын. Ал БШКнын төрайымы болгон. Бирок бир жылдан кийин, жергиликтүү шайлоолордун убагында Максим Бакиев менен келишпей, анын айткандарын жасабай, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарына мыйзам бузууга жол бербей койгону үчүн аны өлтүрөбүз деп коркутушкан. Ал өз өмүрүн тобокелге салгандан коркуп, видео билдирүү жасап, Кыргызстандан чыгып кеткен. Мына ошол видеону мага тапшырып кеткен. Ал эми Салянова прокуратуранын ролун болуп көрбөгөндөй көтөрдү. Коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө өзүн көргөзө алган өз алдынча саясатчы.

Динара Исаева

Динара Исаева

Парламент жыйындарында бир да ооз ачып сүйлөбөй “балык” атка конгондор катарына маалымат каражаттары эл өкүлү Динара Исаеваны кошуп жүрүшөт. Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин төрайымы Айнуру Алтыбаева парламент жыйынына көп келбей жаткан депутаттардын катарында Нурлан Төрөбеков, Азиз Суракматов, Урмат Аманбаева, Ыргал Кадыралиева, Динара Исаева жана Улан Чолпонбаев бар экенин жыл башында маалымдаган. Исаева мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөновдун аялы. Ал Кыргызстандагы капчыктуу айымдардын катарында турат. “Ата Журттун” катарында шайланып келип, мандат алууга келгенде партия лидери Камчыбек Ташиев каршы болгонун маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Исаева “Республика Ата Журттун” 12-орунунда турат. Ал эми “Эмгек Бүтүн Кыргызстан” партиясынын алдыңкы орундарынан кыз ала качуу үчүн жазаны катаалдатууга каршы болгон депутат Надира Нарматова бар. Ал бул мыйзам менен бактысы ачылбай жүргөн кыздардын жолун тороп салабыз деп айтып чыккан. Ушул эле партиянын 12-катарында коррупциялык кылмыш ишине байланыштуу мандатынан ажыратылган депутат Урмат Аманбаева турат. Урмат Аманбаева Оштогу кургак учукка каршы күрөшүү борборунда эсепчи болуп турганда оорукана жетекчилиги менен коррупциялык схемаларды түзүп, өлкө казынасына ири өлчөмдө зыян келтирген деп айыпталууда. Аманбаева өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.

Ал эми “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын тизмесине 12чи болуп Хулкарпаша Сабирова кирген. Ал 2010-жылдагы кандуу июнь окуясына шектелген Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Сабировдун аялы. Анын тизмеге кошулган себебин партия өкүлү Тынчтык Шайназаров Сабированын улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө кошкон салымы менен түшүндүрөт:

- Сабирова Гуля эже, ал Кыргызстан калктар ассамблеясынын төрага орун басары. Тескерисинче, ал элдин арасында ынтымакты бекемдөө иштерин жасап жүргөн адам да.

Парламент депутаттары Асия Сасыкбаева менен Эркингүл Иманкожоева

Парламент депутаттары Асия Сасыкбаева менен Эркингүл Иманкожоева

Башкалардан айырмаланып Социал-демократтар партиясынын тизмесинде апрель окуясына катышкан, ошондон жабыркагандарды кездештирүүгө болот. Алардын бири Маралбү Биянки (бирок жакында эле ал өз арызы менен тизмеден чыкканы маалым болду).

Биянки тууралуу маалыматтар дээрлик жок. Болгону анын жалгыз эркек бир тууганы апрель окуясында каза болгону, өзү италиялык жигитке турмушка чыкканы, убагында Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевдин жардамчысы болуп жүргөнү гана белгилүү. Башында аны менен чогуу жүргөн “Айкөл Ала-Тоо” уюмунун өкүлү Марипа Алыйкулова талапкер тууралуу пикирин мындайча билдирди:

- Марал биз менен чогуу жүргөн кыздардын бири. Булардын үй-бүлөсүндө сегиз кыз, бир эркек бала экен. Жалгыз иниси каза болуп атпайбы. Кичинекей баласын көтөрүп биз менен чогуу жүргөнүн сыйлагам. Бирок “Айкөл Ала-Тоо” уюмунан 12 кишинин тизмесин бергенбиз. Алардын ичинен жалгыз мен аял деп бергенбиз. Гендердик теңчилик деген менен аны деле караган жок, тизмеге киргизген жок.

Кыргызстанда 2005-жылы бир жыныстуу парламент шайлангандан кийин бир катар нааразылык акциялар уюштурулуп, бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү аялдардын майрамында мырза депутаттарга гүлдесте тартуулашкан эле. 2007-жылы шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилип, аялдарга, жаштарга жана улуттук азчылыктарга атайын квоталар берилген.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова тизмелер аялдардын лидерлигине эмес, өң- тааныштыгына карап түзүлдү деген ойдо.

- Тандалганы тааныш-билиш аялдарды чакырып атат. Балким мен муну тааныйм, тигини тааныйм деп эле чакырып жатат болуш керек. Аял талапкерлер бир идеянын тегерегинде тизмеге кошулган жок. Ошондуктан алар келгенде деле лидер катары суроолорду көтөрөбү, маселелерди чечкенге тажрыйбасы барбы, сөзү өтөбү, жокпу, позициясы барбы, Конституциялык мыйзамдарды билеби жана элдин талабын, үнүн парламентте көтөрө алабы деген суроо турат. Өткөн парламентти деле көрүп атабыз, көбү келип унчукпай отурушканын. Мыйзамдын талабы, ансыз каттоодон өтпөйбүз деп эле киргизип жатышат. Анткен менен лидер аялдар да тизмеде жок эмес.

Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин түзүп жатканда партиялар мыйзам талабына ылайык 30 пайыздык квотаны сактап, ар бир төртүнчү орунга аял кишини жазып келатышат. Бирок добуш берүүдөн ийгиликтүү өтүп, парламентке келип алгандан кийин аялдарды “унутуп” коюуга толук мүмкүнчүлүк ачыларын “Аялдар дискуссиялык клубунун жетекчиси” Динара Айткулова ырастайт. Ошондон шайлоого аттанган партиялардын тизмесине квотанын негизинде кирип, бирок аты-жөнү коомчулукка тааныш эмес, ал тууралуу бир дагы маалымат жок аялдар көп.

- Белгисиз болгон аялдар көп. Бирок алар бизге белгисиз болгону менен партиянын лидерине белгилүү болуп жатпайбы. Мисалы "Ата Мекенден” 9-болуп кетип аткан Айсулу Мамашева коомчулукта эмне иш жүргүзүп, эмне салым кошкон экен? Биз билбейбиз да. Капчыгы барбы же башка салымы барбы, азырынча билбейбиз. Ишти алдыга жылдыра турган, биз ишеним көрсөтө турган айымдар келсе жакшы болот эле. Андай болбой жатпайбы. Анткени азыр партиялардын өзү менчик, кеп ошондо жатат. Ошол эле Маралбү Биянки (КСДПнын тизмесинде 8-орунда – авт.) билими кандай, кайсы тармактан келген -эч ким айта албайт.

Журналист Назгүл Коңурбаеванын пикиринде, ишеним арткан, кайсы бир маселени коомчулукка алып чыккан активдүү кыз-келиндердин чачыранды, ар кайсы партиядан баратканы өкүнүчтүү.

- Азыркы саясатка, шайлоого аттанган аялдар мени өтө деле кубандырды деп айта албайм. Анткени мен сыйлаган, мен кандайдыр бир деңгээлде ишеним арткан кыз-келиндер ар кайсы партияда чачыранды болуп баратат. Демек алар бир күч болуп бараткан жери жок. Балким алар дагы парламентте үн кошуп, бир нерсени өзгөртөбүз деген ишенимде баратса керек. Кептин баары булар системаны сындырабы же система буларды сындырабы деген нерседе болууда.

Учурда аялдардын көптөгөн маселелери чечилбей келет

Учурда аялдардын көптөгөн маселелери чечилбей келет

Коңурбаева парламентке келе турган аялдар мигрант кыз-келиндердин укуктары, жарма патриоттордон жабыркагандар маселесин көтөрсө деген тилекте.

Соңку кездери “Кырк чоро” уюмунун жигиттери сауналарга жана сойкулук кызматын көрсөткөн батирлерге барып өз алдынча рейд уюштурууну адат кылышкан. Алар кыздарды жана кардарды милицияга өткөрүп беришет. Рейд учурунда жаздырылган видеолорду интернетке жүктөп турушат. Андан сырткары менталитетке жатпаган башка көрүнүштөрдү азайтууну да өздөрүнө милдет кылып алышкан. Жакында уюмдун экинчи канаты катары “Кырк кыз” уюму түзүлгөн. Айтмакчы, “кырк кыздын” башында турган Перизат Суранова да “Замандаш” партиясынын катарында шайлоодо ат салышат.

Мындан сырткары, тизмеде аткаминердин кызы, бир туугандар же ата-бала бир партия тизмесине кирген учурлар көзгө илинет. Мисалы, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган”, “лицензиялык уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда мыйзам бузган” деген беренелер боюнча кылмыш иш козголуп, кийин акталган мурдагы Жаратылыш ресурстар министри Замирбек Эсенамановдун кызы Чолпон Эсенаманова “Кыргызстан” партиясынан баратат. 35 жаштагы Чолпондун буга чейин Жогорку Кеңештин аппарат башчысынын орун басары болуп иштегени белгилүү. Жогорку Соттун мурдагы төрагасы, депутат Курманбек Осмонов кызы Нурзат Осмонова менен “Азаттык” партиясында жүрөт. Мурдагы шайлоодо да ата-бала “Ата Журт” менен чогуу шайлоого катышып, Нурзат кийин мандатын тапшырып берген. Айрым маалымат каражаттары тизмеде саясатчылардын көңүлдөштөрүнө да орун берилгенин жазып чыгышты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG