Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:46

Таласта алтын кендерин иштетүүгө каршы митинг өттү


Митингге келген эл. Талас шаары, 22-апрель, 2013.

Митингге келген эл. Талас шаары, 22-апрель, 2013.

Митингде Жерүй жана башка алтын кендерди иштетүүгө 50 жыл мораторий киргизүү талабы коюлду.

22-апрелде шаардык стадиондо өткөн митингди “Талас эл ынтымагы” кыймылы уюштурду. Жыйында негизинен кендерге 50 жылдык мораторий киргизүү жана ал талапты бийликтин үч бутагына жеткирүүчү адамдарды дайындоо маселеси каралды.

Нааразылык акциясын уюштуруучулардын бири, “Талас эл ынтымагы” уюмунун жетекчиси Серен Шейшенов митингдин талаптары тууралуу буларды айтты:

- Башмыйзамда "сөз эркиндиги, жер казынасы эл казынасы”- деп жазылып турат. Эл чечими - мыйзам. Бийлик бул эл, силерсиңер бийлик. Биз дагы бийликтин түптүү болушун, мамлекеттин күчтүү болушун каалайбыз. Ушундай кыйын кезеңде кереги жок бир эле убакта 12 жерде алтын кенди иштетүүнүн. Кумтөрдү жыргатып бүтүшүп эми Талас калдыбы? Таласта кен чыккан жерлерде 50 жылдык мораторий жарыялансын, ушуга добуш берсеңиздер.

Жергиликтүү активист Орозбек Курамаев дагы эгер кендер ачылса экологияга коркунуч келет деп кооптонот:

- Президентпи, Жогорку Кеңеш депутатыбы Башмыйзамдын үстүнө колун коюп “мамлекеттин байлыгы эл” - деп ант берет. Эмне үчүн алар элдин камын ойлобостон, жердин алдындагы алтындын камын ойлоп жатышат. Биз көпкөнүбүздөн жумушубузду таштап келген жокпуз, биз таранчыдай чырылдап таза суубузду, таза абаны сактайын деп келдик. Биз, Таластын эли бийлик үчүн дайыма торпеда болуп келгенбиз, эми өзүбүздүн таза аба, таза суубуз үчүн мина болуп жарылабыз.

Жыйынга Бишкек шаарынан дагы өкүлдөр келишти. Алардын бири Касымбек Райымбек уулу:

- 50 жыл мурун Миң-Кушта так биздин Жерүйдөй болуп, калдыктарды сактоочу жай курулган. Азыр ошол жер алааматтын алдында турат. Ал жерде көчкү жүрүү, жер титирөө коркунучу бар. Ошон үчүн Жерүй, Талды-Булак, Андаш кендерин иштетүүгө жол бербешибиз керек.

Акциянын катышуучуларынын алдына өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева да келди. Ал Жерүй кени эл үчүн кызмат кылышы керектигин белгиледи:

- Биздин максат деле Жерүйдү мыйзам чегинде иштетүү. Эгерде элдин ден соолугуна, жаратылышка зыян боло турган болсо, аны ачууга эч кимдин акысы жок. Эгерде, мыйзам чегинде иштеп, элибизге, ден соолугубузга, экономикага зыян келбесе, кен эл үчүн кызмат кылышы керек.

Бул маселе боюнча мында келгендердин бири, таластык жаш активист Саламат Алыбаев пикирин мындайча билдирди.

- Экономикабыз начар, бул жак, ары жак начар дегенди токтотушубуз керек. Буга чейин Кумтөрдөн түшкөн салыктын эсебинен деле жашап келгенбиз да, пенсия, пособия дегендер берилип. Эмки өкмөт Жерүйдү эле карап калдыбы?

Ал эми Талас шаарынын тургуну Төрөбек Кишенбаев кен маселесине келгенде жарма патриот боло бербестен, тиешелүү адистердин айтканына ишенүүгө чакырды.

- Айтар сөзүм ушул; бийлик жакшылап элге түшүндүрүп берсе, элим-жерим дегендер чындап бул кенди иштетсе, мен ишенем. Ошондой эле эл-журтту ушак айткандардын сөзүнө эмес, чыныгы бул тармактагы адистердин айткандарын угууга чакырат элем.

Жыйын соңунда Бишкекке барып, борбордук бийликке талаптарын жеткирүү үчүн 11 адамдан турган делегация шайланды. Эгер он күн ичинде талаптар аткарылбаса, нааразылык акциясы кайрадан уланары эскертилди.

Уюштуруучулар нааразылык акцияга 1,5 миңдей адам катышканын айтышса, милициянын эсебинде ага 300дөй адам чогулган. Ал эми көз карандысыз байкоочулар 500-600дөй адам келгенин билдирген.

Буга чейин Жерүй кени боюнча жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн экономика министри Темир Сариев, экс-президент Роза Отунбаева жана башка саясатчылар тоо-кен адистери менен Таласка келип кетишкен.

Апрель айынын башында өкмөт Жерүйдү иштетүүнү каалаган компаниялар үчүн сынак жарыялаган. Анда Кумтөрдөн кийинки ири кендин алгачкы баасы 300 миллион доллар деп бекитилген. Ал эми Жерүйдү иштетүү укугунан ажыраган казакстандык “Визор холдинг” компаниясы кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG