Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:01

Коопсуздук: “Альфачы” деген ким?


Артур Медетбеков “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги студиясында. 11-июль, 2010-жыл.

Артур Медетбеков “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги студиясында. 11-июль, 2010-жыл.

“Азаттык” үналгысы “Альфа” тобунда кимдер кызмат өтөйт, атайын машыгуудан өткөн жоокерлер арасында эмнеге оор жоготуу орун алууда?" деген суроолор менен “Антитеррор” бирикмесинин жетекчиси Артур Медетбековго кайрылды.

“Азаттык”: 5-январда кечке маал Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин атайын чарасы маалында УКМКнын атайын даярдыктагы “Альфа” бөлүгүнүн бир жоокери октон каза болду. Сиз окуянын чоо-жайын билесиз да, бул жоокер кандай жагдайда ок жеп калды?

А. Медетбеков: УКМКда иштеген, ошондой эле “Альфа” тобунда иштегендер үчүн аябай кайгылуу күн болду. Ошол каза болгон Жеңиш деген жигит 7-апрелде элге каршы ок аткан деп күнөөлөнүп, Спорт сарайында соттолуп аткандардын бирөөсү болчу.

Алар Арашан айылы жакка чыкканда кашар бар экен, ал башка кызматкерлер каза болбосун, кооптуу болбосун деп өзү ошол кашардын аркасына тактикалык ыкма менен жер издеп барып эки ок жеген экен. Бирөө ок өткөрбөгөн күрмөсүнө тийиптир, экинчиси кабырга жактан ичине тийген экен. Анан ооруканада каза болду.

“Азаттык”: Ал жигит апрель окуяларында күнөлүү деп шектелип аткандардын бири дедиңиз, шектелсе деле ушундай иш-чарага катыша береби?

А. Медетбеков: Биринчиден, ал жигит шектелгени менен абдан жогорку деңгээлдеги адис болчу. Экинчиден, шектелгендердин баары жумуштан четтетилген эмес, эл үчүн, мекен үчүн өздөрү кызмат кылып иштеп турган.

“Азаттык”: Артур мырза, мыкты даярдыктагы коопсуздук жоокерлери ушундай жоготууга учураган окуялар буга чейин да кайталанды эле. “Альфа” тобунун жоокерлери атайын даярдыктан өтөт, кечке чейин машыгышат. Бирок "атайын машыгуудан өтсө деле ушинтип үч эле жоочуну кармоо чарасы маалында алардын катарында оор жоготуунун орун алышы кандай?" деген дооматтар бар. Сиз муну кандайча түшүндүрөсүз?

А. Медетбеков: Мен чынын айтышым керек, акыркы он жылдын ичинде “Альфанын” 6-7дей кызматкери ушундай террористтик, бандиттик топторду кармоодо каза болду, жарадар болгондор да бар.
Бүгүнкү окуяда жоокерлердин даярдыктары жогору болгону менен берки жоочу деп шектелип ок чыгарган үч кишинин да даярдыктары болду. Алар буктурма кылып капыстан, капилеттен атып жатпайбы.
Мисалы андан мурунку күнү кечки саат сегизде үч милиция кызматкери каза болгондо, алар паспорттук режим деп текшерип жүргөндө жеринен атып качып кетип жатышпайбы. Эгер алар билгенде, атайын даярдык менен барганда жоготууга дуушар болушпайт эле.

“Альфанын” кызматкерин да ушинтип капилеттен атып жатпайбы. Мындай тактикалык чараларды жүргүзгөндө капыстан, аркадан билгизбей кол салганда канчалык даярдыгы болсо да ушундай чоң жоготууга дуушар болот.

“Азаттык”: Эгер жашыруун болбосо айтып бересизби, “Альфада” кызмат өтөгөндөр кимдер, кантип тандалат? Одоно болсо кечирим сурайм, улуттук курамы кандай? Балким “Альфанын” курамында башка четтен келген жалданма аскерлер бардыр?

А. Медетбеков: “Альфа” тобуна өтүш үчүн, биринчи кезекте, кулк-мүнөзү, акыл-эси бардык жагынан чың болушу керек. Анан оперативдүүлүк жактан, тактикалык жактан даярдыгы чоң болушу керек. Үчүнчүдөн, булар спорттун ар кайсы түрү боюнча чебер, көп машыккан балдар болуп эсептелет.

“Альфа” тобунда Кыргызстанда жашаган кыргыз, өзбек, казак, орус, украин сыяктуу баардык улуттардын өкүлдөрү болгон атуулдарыбыз бар. Сиз мени туура түшүнүңүз, мындан башка канча, кандай болот деген суроолорго жооп бере албайм, ал тактикалык жактан жашыруун сыр болуп эсептелет.

“Азаттык”: “Альфа” тобунун милдеттери мыйзамда көрсөтүлгөнбү? Терроризм-экстремизмге каршы күрөшүүдөн башка алардын милдеттерине эмнелер кирет? Мына мурунку бийликтин тушунда Ак үйдү, бийликти коргоп карапайым элге ок аткан деп айрым "альфачылар" азыр соттолуп жатат.

А. Медетбеков: Кыргызстанда терроризмге каршы күрөшүү боюнча өзүнчө мыйзам бар. Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин да өзүнүн мыйзамы бар. Мындан башка “Аскер кызматкерлеринин макамы тууралуу” мыйзам бар.
Булар ушул мыйзамдардын негизинде иштешет. Булардын биринчи максаты терроризмге, диний экстремизмге каршы күрөш.
Ошондой эле массалык баш-аламандык болуп калганда Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн, эгемендигин, аймагын сакташ үчүн, ушундай чоң-чоң окуяларда да пайдаланылат.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.


пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG