Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:53

ИИМ Оштогу соңку окуяны террорчулук менен байланыштырууда


Террорчу деп шектелген адам түшкөн унаа мына ушул тосмо бекетте токтотулган. Ош, 2011-жылдын 9-октябры.
Террорчу деп шектелген адам түшкөн унаа мына ушул тосмо бекетте токтотулган. Ош, 2011-жылдын 9-октябры.

8-октябрда Ошто террорчу деп шектелген бир адам атайын операция учурунда атып өлтүрүлгөнү кабарланды.

ИИМдин бүгүн, 9-октябрдагы маалыматына караганда, шектүү адам Кара-Суудан Ошко келаткан кичи автобустагы жүргүнчүлөрдү барымтага алып, милицияга каршылык көрсөткөн. Террорчу деп шектелген киши түшкөн унаа Ош шаарына кире бериште токтотулуп, ал атып өлтүрүлгөн. Операция учурунда башка жүргүнчүлөр жана милиция менен атайын кызматтын өкүлдөрү жабыркаган жок. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.


Окуянын чоо-жайы


Ош шаарына Кара-Суу тараптан кире бериш жердеги тосмо бекетинде 8-октябрда түштөн кийин, саат төрт жарымдар чамасында террорчу деп шектелген адамды кармоо операциясы болгон эле. Улуттук коопсуздук кызматы менен ички иштер кызматкерлери азият улутундагы шектүү киши түшкөн унааны Кара-Суу шаарынан кууп келатышкан экен. Шектүү адам көк түстөгү Istana үлгүсүндөгү кичи автобуска отуруп, анын айдоочусун жана бир нече жүргүнчүлөрүн барымтага алып алганы айтылууда. Натыйжада автоунаа тосмо бекеттен токтотулуп, террорчу деп шектелген киши атайын кызматтын көзгө атарлары тарабынан атып өлтүрүлгөн.

Азыр окуя болгон жерде автоунаанын талкаланган айнектеринин калдыгын көрүүгө болот. Жол боюндагы майда таштарга тамган адамдын каны катып калыптыр.

Укук коргоо органдары өлтүрүлгөн адамды террордук топтор менен байланыштырууда. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын түштүк аймагы боюнча ага инспектору Жеңиш Ашырбаев “Азаттыкка” буларды айтты:

- Окуя болгон жерден Макаров үлгүсүндөгү 2 тапанча 13 огу менен табылды. Өлгөн адамдын өздүгү аныкталууда. Ошондой эле оперативдик тергөө иштери улантылып жатат. Биз алгач бул тууралуу кылмыштык топтордун өкүлдөрү деп айтып жатканбыз. Бирок шектүү киши башка адамдарды барымтага алып жаткандан кийин биз аны террорчул топко тийешеси бар го деп атабыз.

Жениш Ашырбаевдин маалымдашынча, террорчу деп шектелген адамдын башка шериктери да болушу мүмкүн:

- Учурда анын шериктерин издөө боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азыр көп нерселерди айтууга эрте. Бул операция бүтөөрү менен биз дагы маалымат беребиз.

Күч органдары кабарлагандай, терезеси талкаланган Istana үлгүсүндөгү автоунаа Улуттук коопсуздук кызматынын Оштогу бөлүмүндө кармалууда. Окуя болгон учурда унаада болгон жүргүнчүлөрдүн бирөө жарымын табуу бизге азырынча мүмкүн болгон жок. Ал эми унаанын айдоочусу башка машинеси менен кайра эле ишке чыкканын бул каттамдын айдоочулары тастыкташууда. Өзүн Бахадыр деп тааныштырган айдоочу буларды айтып берди:

- Ал таксист эч нерсени билген эмес го. Кадимки эле жүргүнчүлөрдүн бири «террорист» болуп чыгыптыр. Анан ал тапанчасын чыгарып коркуткан экен. Кийин снайперлер кылмышкерди атып өлтүрүшүптүр. Машиненин терезелери талкаланып калган. Айдоочусу баласынын Тико машинеси менен кайра эле адам ташып жүрөт.


Жергиликтүү элде кооптонуу күчөдү


Учурда Ош - Кара-Суу жолундагы өткөрмө бекеттери күчөтүлгөн тартипте иштеп, ары-бери өткөн автоунаалар тыкыр көзөмөлгө алынууда. Ага карабай бул ортолуктагы тургундар арасында кооптонуу күч.

Кара-Суудан Ошко кире бериштеги милициянын тосмо бекети.
Кара-Суудан Ошко кире бериштеги милициянын тосмо бекети.
Жүргүнчүлөрдүн бири Адилет Карабеков да чочулап жатканын жашырган жок:

- Кечээги болгон окуядан кийин ары-бери катташтан коркуп атабыз. Негедир таксилердин да саны аз. Мен өзүм Кара-Суу базарында соода кылам. Балким азырынча барбай деле турсамбы деп атам. Мен эле эмес башка адамдар деле ушинтип чочулап турушат.

Улуттук коопсуздук боюнча кызмат окуя тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек. Жергиликтүү милиция бул окуяны катардагы кылмыштардын бири катары атап, элди дүрбөлөң түшпөөгө чакырууда. Ага карабай айрым талдоочулар бул окуяны атайын күчтөрдүн шайлоо алдында тополоң уюштуруу аракеттеринин бири катары мүнөздөөдө.

Буга чейин президент Роза Отунбаева Коргоо кеңешинин жыйынын өткөрүп, анда шайлоо алдында жалпысынан республикадагы коопсуздук боюнча кырдаал татаалдыгын белгилеген болчу.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG