Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:43

Мустафа Акйолду Батыштын интеллектуалдык чөйрөсүндө жаңы байистүү Исламдын үнү деп билишет.

Жакында түркиялык жазуучу жана ойчулдун “Байистүү Ислам: Эркиндиктин мусулманча үлгүсү”(Islam Without Extremes: A Muslim Case For Liberty) деген китеби Кошмо Штатарда жарык көрдү. Ал өз эмгегинде Ислам дининин салттуу догматтарын либералдык
Динге адам өз ишеними менен келүүгө тийиш. Бул коом таңуулочу иш эмес... Мустафа Акйол
демократиянын баалуулуктары менен “жараштырууга” же бирдикте талдоого аракет жасайт.

Байистүү Ислам: Эркиндиктин мусулманча үлгүсү

Мустафа Акйолду мусулман дүйнөсүнө астейдил сереп салган батыштык интеллектуалдар Исламдын бүгүнкү замандын талабына ылайыктуу “жүзү, үнү” ирети таанышат. 41 жаштагы түркиялык журналист жана ойчул көп сандаган эмгектеринде Исламды азыркы
Түркиялык алевилер өздөрүнүн абалын талкуулашууда. Анкара, 16-январь 2011
Батыш дөөлөттөрү менен эриш-аркак жашай алаарын далилдөөгө, ошондой эле түшүндүрүүгө аракет кылат.

2001-жылы 11-сентябрда Нью-Йорк менен Вашингтондо болгон террордук чабуулдардын 10 жылдыгы, Усама бин Ладендин үмөттөрүнүн Алланын ысымын ураан тутуп, жанкечтиликке баруулары, Иранда аялдарды никеде жок эркектер менен жыныстык катнашка барды деп, таш бараңга алып өлтүрүү же хижаб кийүүгө мажбурлоо, Ооганстан менен Пакистанда кудайга акаарат кылды же Алла жолунан чыкты деп өлүм жазасына тартууну башмыйзамга киргизүү- Батыш өлкөлөрүндө Исламдан чочулоону күчөткөнү чындык. Бу жагдайда Мустафа Акйолдой ойчул-публицисттин негиздүү айтылган сөзүнүн Ислам дөөлөттөрүн Батыш коомуна туура түшүндүрүүдөгү мааниси баа жеткис.

Акйол өзүнүн дүниябий көз карашын Батыш окурмандарына англис тилинде жазылган “Байистүү Ислам: Эркиндиктин мусулманча үлгүсү” деген акырыкы китебинде ортого салат. Анын жазышынча, Исламда калыптанып калган кээ бир диний жоболор Куранда жок жана "диний эркиндик менен Курандын ортосунда карама-каршылык болуусу мүмкүн эмес." Мисалы, “ишенимин өзгөтүү үчүн өлүм жазасына тартуу Куранда жок... Курандын аяттарына таянып, Исламдан баш тартуу ар кимдин эркиндеги иш деп бүтүм чыгарса болот”. Ал эми дин бузар деп адамдарды жээрүү Акйолдун оюнча, “бейкүнөө адамдарды куугунтуктоого, ошондой эле Исламды зордукчул дин деп кабыл алууга шыкак берет”. Ойчулдун айтышынча:
Ислам ойчулу жана жазуучу Мустафа Акйол

- Динге адам өз ишеними менен келүүгө тийиш. Бул коом таңуулочу иш эмес. Мен бу китебим үчүн изилдөө жүргүзгөндө Ислам салтына ушундай көз караштан карадым. Ислам салтындагы көптөгөн авторитардык элементтер, анын ичинде намазга милдеттендирүү, такыбалык же ишенимин өзгөртүүнү тыйуу, же кээ бир ырларды тыйуу Исламдын касиеттүү булагы Курандан келген эмес. Мунун баары Куранды түрдүүчө чечмелөөнүн же Орто кылымдардагы мусулмандардын өз заманынын жана жашаган чөйрөсүнүн жаңылыш түшүнүүсүнүн натыйжасында киргизилген. Биз азыр эркин дүйнөдө жашайбыз. Ошон үчүн береги маселелерди кайра кароо керек. Исламды авторитарчыл, зомбулукчул дин деген натуура.

Такыба мусулман үй-бүлөсүндө чоңойгон Мустафа Акйол дайыма сакал-мурутун таза алып, тыкан кийинип жүрөт. Ал Исламды бекем туткан үй-бүлөдө тарбияланып, Ыстамбулдагы мыкты эсептелген жогорку окуу жайлардын бири - Босфор университетин аяктаган. Акйолдун диний эркиндик тууралуу көз карашы, анын бала кезинде калыптанып, жүрөгүндө терең орногон ишеним экени талашсыз.

- Менин чоң атам өтө такыба киши эле. Ал мага кичине кезимде дин жөнүндө көп нерсени түшүндүрдү, - деп улантат Акйол. - Ал мага кантип намаз окуганды жана Куранды жаттаганды үйрөттү. Бир күнү чоң атамдын китепканасынан бир китеп таап алсам, анда “Сенин балаң 10 жашында намаз окуй баштабаса, аны саба!” деп жазылыптыр. Бул мени аябай таң калтырды. Чоң атам эч качан мындай ишке барбасын мен билчүмүн. Бирок диний китептеги тыйуу салуу мени катуу ойлонтту. Ошондон тарта менде: "Намаз окуп жатып корксоң, намаздан не пайда? Диний полиция сени мечитке жиберсе, мечитке баруунун пайдасы не?” деген суроо жаралды.


Ооган жараны Орозо айында иптардын алдында мечитте. Кабыл. 1-сентябрь 2009
Мустафа Акйол өзүнүн диний көз карашын Ыстамбулда англис тилинде чыкчу “Hurriet Daily News” гезитинде үзбөй жарыялап, окурмандарга кеңири таанылган. Ал бул басылмада баш редактордун найыбы. Ойчул-журналисттин макалалары Батыштын “The Wall Street Journal”, “International Herald Tribune”,”Newsweek”, “Forreign Affairs” жана башка гезит-журналдарында басылып турат.

Түркиянын ашыкча секуляристтигинин зыяны

Акйол исламга чын дилинен берилген менен ал саясый көз карашы боюнча бейтарап же эч кимге байланып калган эмес. Ошол эле учурда Түркиянын азыркы такыба премьер-министри Режеп Тайыптын колдоочусу. Ал мыкты англис тилинде жазылган макалаларында Түркиянын дүниябий (секулярчыл) саясатчыларын Мустафа Кемел Ататүрк багыттаган саясый моделди тутунабыз деп, ийкемсиз позицияга туруп алганын жаңылыштык катары сындайт. Секуляризм, Акйолдун жазышынча, Түркияда башынан эле “ээрге кыйшык минген” жана натуура колдонулуп келет. Бул динзарларды коомдун “кара тамандары” ирети жек көрүндү кылып, эркин ибадат кылуусуна мүмкүндүк берген эмес. Мындай жаңылыштыкты оңдоого убакыт келди,- дейт Мустафа Акйол:

- Түркия секуляристтен да секулярчы болуп, мусулман дүйнөсүндөгү секуярчыл өлкө деген жаман атка конду. Түркиядагы секуляризм Кошмо Штаттардан келбеди. Ал диний эркиндикке караганда динден эркин болууга көп көңүл бурган Үчүнчү Француз Республикасынан келди. Анын кесепетинен Түркияда коомдук жайларда жоолук салып жүрүүгө тыйуу салуу өңдөнгөн эрежелер киргизилди. Бул мусулмандарды башы катуу секуярчылар менен алардын системасы же аларга каршы туруп, авторитардык мамлекетти курабыз деп сөз берген исламчылар тарапка оогонго мажбурлады. Бирок үчүнчү жол бар деп ойлойм. Ал либералдуу демократия жана динге урмат менен мамиле жасаган секулярдуу мамлекет. Азыр Түркия ушу багытка баратат деп ойлойм.

Акйолдун айтымында, Эрдоган башындагы Адилеттик жана Өнүгүү партиясы 2002-жылдан бери өлкөнү ушу жолго жетелөөдө.

Бирок “Азаттыктын” талдоочусу Роберт Тейт ушу тапта Түркия либералдуу демократияга баратат деген пикирге ынанбайт. Ыстамбулдагы Култур университетинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы, мурдакы дипломат Мурат Билан инсандын жеке эркиндиги менен диний эркиндиги арасындагы карама-каршылык
Пакистан мусулмандары иптар алдында мечитте отурушат. Равалпинди шаарындагы мечит. 17-август 2011

Акйол ойлогондой оңой чечилбесин айтат.

- Индивидуализмди Түркияда дегисинде натуура түшүнүшөт,-дейт Мурат Билан.- Аны айтылган Ислам баалуулуктары такыр эле жээрип салган. Исламды Түркияда күчтөп таңуулаганга эч кимдин укугу жок. Бирок алар муну жасап жатканын ачык айтуу зарыл. Ислам баалуулуктары секулярдуу баалуулук эмес. Ар кимде ибадат кылуу, динди тандоо, ишеним эркиндиги болушу абзел. Алар индвидуалдык баалуулуктун башка эч кандай версиясын таңуулабашы керек. Сиз эгер мусулманмын десеңиз, бул Кудай менен Сиздин ортоңузда гана болуш керек.

Мурат Биландын мындай пикирине Мустафа Акйол макул эмес. Бирок бул мисал Акйолдун көз карашы Түркиянын өзүндө көпчүлүк тарабынан оңой кабыл алынбаганын да күбөлөйт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG