Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:16

Москва НАТО аскерлери көбөйүшүнө кыжаалат


Донецкиде украиначыл жана орусиячыл топтордун кагылышында бир нече киши жаракат алды, 28-апрель, 2014
Донецкиде украиначыл жана орусиячыл топтордун кагылышында бир нече киши жаракат алды, 28-апрель, 2014

Кечээ Орусия менен АКШнын коргоо министрлери Сергей Шойгу менен Чак Хейгел телефондо сүйлөшүп, анда Шойгу азыр Украинага жакын жерде өткөн аскерий машыгуулардан кийин орус аскерлери кайра өз ордуларына кайтышканына ишендирди.

Шойгу бул тууралуу айтып жатып, “украин бийликтери куралсыз элге армияны колдонбой тургандыгын айтышкандан кийин гана орус аскерлери өз ордуларына кайтканын” баса белгиледи. Министр Шойгу мындан сырткары, азыр Орусиянын чек арасына жакын жерлерге мурда болуп көрбөгөн санда НАТОнун аскерлери топтолушканын айтты.

Украинанын айынан Орусиянын айланасында чыңалуу күчөп турган чакта, 28-апрелде Эстонияга америкалык 150 аскер жайгаштырылган. Азырга чейин АКШ Польшага жана Балтия өлкөлөрүнө жиберген аскерлердин жалпы саны ошентип 600гө жетти.

Кошмо Штаттары дүйшөмбүдө орус президенти Владимир Путиндин жакын санаалашы делген Игорь Сечинге жана алты жогорку даражалуу орус чиновнигине, ошондой эле 17 ишканага санкция жарыялаган. Муну Вашингтон Орусиянын Украинадагы соңку зордук-зобундагы “эч шексиз” ролу менен түшүндүрдү.

Мамлекеттик “Роснефть” компаниясынын башчысы Игорь Сечин өлкөдө Путинден кийинки эле эң таасирдүү адам катары аталып жүрөт.

Вашингтондо Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Жен Псаки соңку жазаналар тууралуу сүйлөп: "Биз президент Путиндин айланасында Украинадагы мыйзамсыз аракеттерди колдогон анын жакын санаалаштары бар экени тууралуу сезип жатканбыз. Ошолорго жазана жарыяладык", -деди.

Орусия Украинадагы Крым автономиялуу республикасын аннексиялап алгандан бери АКШ муну менен үчүнчү жолу санкциялар топтомун жарыялап жатат.
Ал арада бүгүн Евробиримдик өз аймагына кирүүгө уруксат берилбей турган, бул аймакта сакталган акча-мүлкү камакка алына турган орус чиновниктеринин жаңы тизмесин жарыялады.

Еврошаркеттин бул жолку “кара тизмесине” вице-премьер Дмитрий Козак, президенттин Крымдагы өкүлү Олег Белавенцев, мамдуманын вице-спикери Людмила Швецова, генштабдын башчысы Валерий Герасимов жана Башкы чалгындоо бөлүмүнүн директору Игорь Сергун киришти. Евробиримдик буга чейин орус атка минерлерине жарыялаган санкцияларды кошкондо, жалпысынан азыр алардын тизмесинде 48 адам бар.

Жапония менен Канаданын өкмөттөрү да Орусияга каршы санкцияларын жарыялашты.

Мунун алдынан дүйшөмбүдө Москва азыр Украинанын чыгышына эл аралык байкоочуларды жиберүүнү “жоопкерсиз” аракет катары баалаган. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунда Орусиянын элчиси Андрей Келин Венада сүйлөгөн сөзүндө: "Азыр Украинанын чыгышында абал өтө курч, ошондуктан эл кокус чабуул башталып кетиши мүмкүн деп чочуп турат. Ушундай кырдаалда ал жакка ЕККУнун байкоочуларын жиберүү өтө жоопкерсиз иш болууда", - деди.

Өлкө чыгышындагы Словянск шаарында орусиячыл топтор ЕККУнун сегиз инспекторун 15-апрелде кармап кетишкен. Алардын бирөө ден-соолугуна байланыштуу бошотулган болчу. Калгандарын азыр сепаратисттер “согуш туткундары” деп атап, дале кармап турушат.

Дүйшөмбүдө Донецкиде Украинанын биримдигин колдогон жөө жүрүшкө 2000дей адам чыкканда орусиячыл сепаратисттер аларга кол салып, бир нече киши жаракат алды.

Мындан сырткары, украин президенти Олександр Турчинов өлкөнүн ички иштер министрлиги менен коопсуздук кызматына чыгыштагы Харьков шаарында мэрди атып кеткендерди тезинен таап, чабуулду иликтөөнү буйруду. Мэр Хеннадий Кернести кечээ түштө белгисиз куралчан киши атып кеткен. Ал оор абалда реанимацияда жатат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG