Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:25

Сопу-акын Махтымкули Фраги түркмөн адабий тилинин негиздөөчүсү. 19-кылымда Орто Азияга келип кеткен мажар окумуштуусу Арминий Вамберинин жазышынча, Махтымкулинин “китеби түркмөндөр арасында Курандан кийин эле биринчи орунда турган".

Меккеде Мухаммед,

Түркстанда Кожоакмат.

Бул кош сапты эчен ирет бата берип жаткан казак туугандардан угуп, алардын өздөрү чыгарган импровизациясы деп ойлочумун. Көрсө, XII кылымда өткөн ортоазиялык улуу сопу жазылык Кожоакматты Мухаммед алейхисаламга Махтымкули Фраги да салыштырган экен. XVIII кылымда өмүр сүргөн суфий-акын Махтумкули Фраги түркмөн адабий тилинин негиздөөчүсү. Ал түркмөндөр бирдиктүү эл болуп, өз мамлекетине ээ болуусун тилеп ырдаган. Ошон үчүн атактуу түрколог Бартольд: ”... бардык түрк элдеринин ичинен түркмөндөрдө гана өзүнүн улуттук акыны бар. Ал Махтымкули” деп жазган. Түркмөндөр үчүн пайгамбар саналган бул инсан ким? Эмесе ушул суроого жооп издейбиз.

Түркмөн элинин рухий дүйнөсү

Махтымкули (түркмөндөр Магтымгулы деп айтышат) Фраги эне тили болгон түркмөн тилинен башка да араб жана перс тилдеринде жаза да, окуй да билген. Бирок анын кол жазмалары сакталган эмес (Ал бир ырында “Беш жылдык эмгегимдин түшүмүн кызылбаштар алып ойрон кылды” деп жазат). Акындын ырлары элдин жүрөгүндө сакталган. Акын Фраги деген атты Иранда кызылбаштардын колунда туткунда жүргөндө алган болуу керек. Себеби, Фраги перс тилинде Ата Журтунан айрылган дегенди түшүндүрөт. “Махтымкули түркмөндөр үчүн пайгамбар ордуна пайгамбар”, - деп баштады улуу мекендеши жөнүндө аңгемени түркмөн жазуучусу Худайберды Халлыев.

Махтымкулинин айкели. Ашхабад

Махтымкулинин айкели. Ашхабад

- Махтымкули түркмөн элинин руханий дүйнөсү. Ал өз чыгармаларында түркмөн элинин ой-мүдөөсүн, тилегин жана турмушун баяндайт. Махтымкулини түркмөн эли пайгамбардан кем эмес деңгээлде баалашат. Орто кылымдарда өткөн көрүнүктүү тажик акыны Абдурахман Жами улуу Жалалиддин Руми тууралуу: “Китеби бар, бирок пайгамбар эмес” деп айткан. Бул сөз Махтымкулиге да тиешелүү. Махтымкулиде да пайгамбардай китеби бар жана ал пайгамбар ордуна пайгамбар. Ушундай улуу киши. Экинчи жактан, Махтымкулинин ырлары, накыл сөздөрү, насыяттары ыйык диний китептер менен мазмундаш. Касиеттүү Курандагы, Тоораттагы, Инжил жана Забурдагы ойлор Махтымкулинин ырларында жаңырат. Акын өз ойлорун элиме түшүнүктүү болсун деп жөнөкөй тилде ырдайт. Ошон үчүн Махтымкули бийик урмат-сыйга татыган.

Махтымкулинин туулган жана өлгөн жылы да белгисиз. Бирок адабиятчылар кол жазма булактары менен эл ичиндеги кеп-сөздөргө таянып, Махтымкули 1720-жылдардын аягы, 1730-жылдардын башында бүгүнкү Түркмөнстандын аймагында жарык дүйнөгө келген. Ал түркмөндөрдүн көкүрөгүндө түбөлүккө жаңыруу үчүн 1783-жыл ченде дүйнө көчкөн.

Махтымкулинин атасы белгилүү акын жана агартуучу Дөөлөтмамед Азади (1700-1760). Азадинин калемине “Бехишт-нама” деген дидактикалык поэма жана баа жеткис адабий трактат “Вагзи-Азад” (1753-1754) таандык. Ойчул акын түркмөн адабияты үчүн сербаа трактатта түркмөндөрдүн адилетүү жана байдөөлөт мамлекети тууралуу тилек кылат.

- Махтымкули өтө билимдүү адам болгон. Ал улуу агартуучу-динзардын уулу. Махтымкули Алишер Навоинин түрк тилдүү элдер жөнүндөгү ойлоруна жана Жалалиддин Руминин суфисттик идеяларына сугарылган. Акындын көз карашы атасыныкына караганда алда канча кенен, түшүнүктүү, элге жакын. Атасы Дөөлөтмамед Азади өз чыгармаларын маснавилерин эзелки каноний усулдарга ылайык жазган. Махтымкулиде да маснавилери бар. Ал карапайым элдин тилинде жазганы үчүн элге жакын.

Махтымкули оболу атасы Дөөлөтмамед Азадинин мектебинде кат тааныйт. Кийин Аму дарыянын жээгиндеги Керкидеги (1999-жылдан бери Атамурат шаары) Ыдырыс Бабанын саганасы жанындагы медреседе жана Бухарадагы Көкүлташ медресесинде окуп, Хивадагы Ширгазы медресесин бүткөнүн ырлары күбөлөйт. Махтымкули атасынын осуятын улантып, түркмөн элин биримдикке үндөйт. Ал арабча жана персче сөздөрдөн качып, элдин көйгөйүн чагылдырган ырларын жөнөкөй түркмөн тилинде жазат. Ошон үчүн, Худайберды Халлыевдин айтымында, Махмуткулинин ырларын эл сүйөт, бахшилар күүгө салат. Атүгүл өзбектердин атактуу “Ялла” группасы 1970 - 80-жылдары ырдап жүргөн.

СССРде 1991-жылы чыккан монета.

СССРде 1991-жылы чыккан монета.

“Сенден сулуу жок” (Нет красивей тебя) деген ырдын сөзү Махтымкулиники.

- Махтымкули арамкор бектер өз эл-журтун бир жактан соруп жатат, казылар да пара алышат, байлар сараң болушту, мындай жагдайда карыптар сабыр кылып, чыдамкай болушу абзел. Бирок бул сапат карыптардан качты дейт. Эки аял алгандарды аёосуз сындаган. Эки аял жана бир күйөө үч аял болот деп шылдыңдаган Махтымкули. Арам иштер жөнүндө мындай деген. Эй, пенде! Колуңду жалынга тут, эгер чыдасаң арам иштерди жасай бер деп ырдайт жана карыптарды жаман ишке барбаганга үндөйт. Бир ырында дүйнөдөгү 72 улут 72 тилге бөлүнгөнүн айтып, Кудайдан бир улутту экинчисине кошпо деп суранса, түркмөндөргө бөтөн улуттан үйлөнбөгүлө, кыздарыңарды башка элге бербегиле деп кайрылат. Бул сөздөрдү Махтымкули түркмөндөр улут ирети сакталып калуусу үчүн айткан,- дейт Кудайберди Халлыев.

Махтымкули жөнүндө радиоберүүнү жана сопу акындын суфисттик мазмундагы Кудайга арналган "Сен эмнесиң?" деген ырынын кыргызча котормосун бул жерден уга аласыз.

Сүткө кадала карасаң, ичинде каны бар

Махтымкули сопу акын. Ошон үчүн “Меккеде Мухаммед, Түркстанда Кожо Акмат” деп, жазылык Кулкожоакматты пир тутууда. Окумуштуулардын айтымында, ал дагы жазылык Кулкожоакматты пайгамбарга теңеген эки сап Орто Азия элдеринде Махтымкулиге чейин эле айтылып жүргөн. Акын аны ыр саптарына гана кошкон.

Прага шаарында жашаган түркмөн жазуучусу, такыба динзар Кудайберди Халлыев жалгыз эле Махтумкули илимде суфизм деп аталган Орто Азия мусулмандарына мүнөздүү сопучулук агымынын өкүлү болбогонуна көңүл бурду.

- Сиз Махтымкулини жалгыз албаңыз. Чыгыш классиктери: Саадини, Хафизди, Румини, Жаамини, Навоини окусаңыз, алардын баарынын чыгармаларынан суфизмди жана суфизмге жакын идеяларды табасыз. Алар бир масхабды бекем кармаган эмес же бул масхаб жакшы, тиги масхаб жаман деп айтышпаган. Алар сен шииттсиң, сен суннитсиң же ханафисиң деп да мусулмандарды бөлбөгөн. Антип айтса, улуу акын болбой калышмак. Балким катардагы акын бойдон калышмак. Махтымкулинин атасы каноний динзар болсо, Имам Махтымкули суфизмге аябай жакын. Ал Ажы Бекташты, Жалалиддин Румини, бухаралык Мир Кулал Баба менен Жалалиддин Бахауддин Баба Нахшибандини, хивалык Махмуд Палванды менин калпаларым деп аябай жакшы көргөн, урматтап сыйлаган.

Махтымкулинин көптөгөн ыр саптары макалга айланып кеткен. Алсак, “Сымбатынан сулуунун бир кемтик табылар,

Сүткө кадала карасаң, ичинде каны бар”.

Же

Мекениңди таштап кетчү болбо,

Өзүңдөн пас, мансаптуу ноомартка,

Кулдай кызмат этчү болбо.

Ойчул акындын кол жазмалары, Кудайберди Халлыев белгилегендей, сакталбаган. Бирок ага таандык делген 18 миң сапка жакын ыр сакталуу.

- Махтымкулинин кол жазмалары сакталбаган. Анын эки себеби бар. Биринчи себеби, акын жашаган доордо кол жазмаларга анча маани берилген эмес. Экинчи себеби, түркмөнчүлүк. Ай, боло берет, ай, мейли, ай, ошол да, деп жүрүп, баары жоголгон. Мисалы, Махтымкулинин бир кол жазмасы болсо, кимдир бирөө келип: “Ушуну мага бер, мен окуйун же көчүрүп алайын” деп алат да ошол боюнча кайтарбайт. Түркмөнстандын Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда эски кол жазмалар менен китептер сакталат. Бирок анын арасында Махтымкулиге жана анын дооруна таандык эч нерсе жок. Махтымкули “Меккеде Мухаммед, Түркстанда Кожоакмат” деп, сопу Ахмед Яссавини Мухаммед пайгамбар менен тең койгон. Яссавинин да кол жазмалары сакталбай калган. Ошого Ахмед Яссави ушундай хикмет айткан деп, анын хикметтери эл оозунда гана сакталып калган.

Акын пайгамбар ал болочокту көрө билген олуя эле эмес. Орустун улуу акыны Александр Сергеевич Пушкиндин сөзү менен айтканда, акын пайгамбар - бул руханий жаңыланууга куштар, элине ачуу жана коркунучтуу чындыкты жашырбай айткан инсан. Акын пайгамбар жөн эле көзү ачык олуя эмес, ал улуттун руханий көсөмү. Ушундан улам, Кудайберди аксакал Махтымкулини жалпы түркмөндөр тааныган руханий көсөм деп атайт.

10 түркмөн манатынын бетиндеги Махтымкулинин бейнеси, 2009-жыл.

10 түркмөн манатынын бетиндеги Махтымкулинин бейнеси, 2009-жыл.

- Махтымкули бизге керек, себеби улуу акын бизге руханий дүйнөбүздү жана дүйнө таанымыбызды, адамдык насил-наркыбызда сактоо үчүн керек. Махтымкули түркмөндөргө Кудай берген адам. Андай адамдар тарыхта бир жаралат да. ​Махтымкули Кудай берген белек, улуу бакты.

Кудайберди Халлыевдин айтышынча, түркмөн элине өз доорунда кызмат кылган говдур, игдыр жана абдал уруулары бар. Алар Орусиянын аймагына XVII кылымда көчүп кеткен. Алардын бир жааты Астрахандын атарабында, экинчи жааты Ставрополь крайынын Түркмен районунда жашайт. Алар үчүн Махтымкули руханий дөөлөт жана улуттук уңгусун сактоочусу.

Жогорудагыдай ойду XIX кылымда Орто Азияга келип кеткен мажар окумуштуусу Арминий Вамбери да айткан. “Махтымкули... дүйнөдөгү бардык илимдерди өздөштүргөн, бардык китептерди окуп түшүнгөн олуя... Анын китеби түркмөндөр арасында Курандан кийинки эле 1-орунда дагы узак жылдар кала берет”,- деп жазган Вамбери 1879-жылы акындын Лейпцигде немис тилинде жарыяланган ырлар жыйнагынын баш сөзүндө.

Түркмөнстанда 18-май - Махтымкули поэзиясынын күнү. Ал эми май айы календарь боюнча Махтымкули айы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG