Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Украина: Жикчилдер дагы бир шаардын бийлигин басып алды


Куралчан орусиячыл активисттер Славянск шаарынын четиндеги бекетте автобусту текшерүүдө. 30-апрель, 2014.
Куралчан орусиячыл активисттер Славянск шаарынын четиндеги бекетте автобусту текшерүүдө. 30-апрель, 2014.

Орусиячыл жикчилдер Украинанын чыгышындагы Горловка шаардык кеңешин жана милициякананы басып алышты. Донецк облустук милициясынын жетекчилиги Горловкадагы бөлүмүндө курал-жарак сакталбаганын билдирди.

Жикчилдер акыркы апталарда Украинанын чыгышында ондон ашык жергиликтүү бийликтин кеңсесин жана полицияканаларды ээлеп алышкан. Бу тапта АКШ Мамкатчысы Жон Керри Орусияны 17-апрелде жетишилген Женева макулдашуусун аткаргандын ордуна Украинадагы кризисти тездетүүдө деп күнөөлөдү.

Горловканын аткаминерлери 30-апрелде аскер кийимчен 20дай адам шаардык бийликтин жана полициякананын башкы имаратын басып алганын маалымат булактарына ырасташты. Горловка Донецк облусундагы 260 миңдей калкы бар шаар.

Бир күн илгери бир нече миң орусиячыл жикчилдер Луганск шаарында облустук администрациянын, прокуратуранын, милициянын кеңселерин жана облустук телеборборду эч каршылыкка кабылбай ээлеп алышкан болчу.

Бул окуяларга байланыштуу Украинанын президентинин милдетин аткаруучу Олександр Турчинов Луганск жана Донецк облмилициясынын акимдердин кызматтан алууну буйруду. Ошондой эле Украинанын куралдуу күчтөрү күжүрмөн даярдык абалына өткөрүлдү.

Украинанын чыгышындагы ондон ашуун шаарда өкмөттүк имараттарды басып алышкан москвачыл жикчилдер региондун укугун кеңейтүү боюнча референдум өткөрүүнү талап кылышууда.

Бу тушта Кошмо Штаттар жана Орусия бири-бирин Украинадагы абалды куткулап, бейстабилдештирүүдө деп айыпташууда.

АКШ Мамкатчысы Жон Керри Орусия Украинадагы кризисти деэскалациялоо боюнча макулдашууну аткаргандан көрө абалды курчутууда деп сындады:

- Орусиянын Украинадагы аракеттери бүгүн Путиндин Орусиясы башка эрежелер менен ойногонун бизге айтып турат. Орусия Крымды басып алып, анын артынан Чыгыш Украинаны бейстабилдештирүү менен Чыгыш жана Ортолук Европанын коопсуздугунун табиятын өзгөртүүгө ынтылууда. Ушинтип, биздин транстлантика альянсы үчүн чечүүчү учур келди жана эч ким жаңылбаш керек. Биз альянсты кармап туруу үчүн эмне зарыл болсо, анын баарын жасаганга даярбыз.

Керри 29-апрелде Вашингтондогу Атлантика Кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө Орусиянын берегидей аракеттери АКШ жана НАТОлук өнөктөштөрүнө “уйкудан ойгончу коңгуроо” экенин, Түндүк Атлантика уюму өз территориясындагы ар бир нукум жерди коргой турганын альянс Кремлге даана билдиргенин баса белгиледи.

Германиянын канцлери Ангела Меркел да шейшемби күнү Бремерхафен шаарында шайлоочулар менен кездешүүдө Орусия эл аралык нормаларды бузууну уланта берсе, Европа Биримдиги кошумча жаңы санкция киргизээрин эскертти:

- Биз Украинада түрдүү көз караштар бар экеннн билебиз. Бирок биз аларга жардам бергибиз келген себептүү, алар өз чечимдерин эркин кабыл алгандай болуш керек деп жатабыз. Украина эрктүү өлкө жана биз Орусия менен жакшы мамиледе болгонго умтулабыз. Бирок Орусия эл аралык эрежелерди кармагысы келбесе, биз буга чейин жасагандай эле санкция менен жооп беришибиз абзел. Биздин баалуулуктарыбыз бизден ушуну талап кылат.

Украинадагы калабаларга байланыштуу 29-апрелде Евробиримдик мурдагыларга кошумча ирети орусиялык тогуз жана украиналык 6 жетекчиге санкция жарыялаган. Алардын арасында Орусия куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын зардалы, генерал В. Герасимов, Башкы аскерий чалгындоо башкармалыгы - ГРУнун жетекчиси, генерал-лейтенант Игорь Сергун да бар.

АКШ болсо Путиндин жакын чөйрөсүнө кирген жети кызмат адамына жана 17 компанияга санкция киргизген.

Өз кезегинде Орусия президенти Владимир Путин Батышты Украинада проблеманы жаратып коюп, эми жоопкерчиликти кимге таккандын айласын издөөдө; ошон үчүн Орусияга каршы кайра санкция киргизди деди.
Ал 29-апрелде Минскиде болгон Евразия экономикалык кеңешинен кийин кабарчылардын суроолоруна жооп бери жатып, Украинанын чыгышында “орусиялык инструкторлор, же атайын күчтөр, же аскерлер, же башка бирөөлөр бар деген кеп-сөздөр да” чындыкка коошпогонун айтты. Путин март айында Крымга эч кандай аскер киргизилбеди деп, бирок жакында ал сөзүн төгүндөп, Украинанын курамындагы автономиялык республикада 16-мартта болгон референдум учурунда орусиялык аскерлер болгонун мойнуна алган.

XS
SM
MD
LG