Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

АКШ жана Британия Сирияда куралдуу чара көрүшү мүмкүн


Сирия өкмөтү химиялык курал колдонду деген маалыматтарга камтама болгон АКШ жана Британия ага жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгү караштырылып жатканын билдиришти.

АКШ президенти Барак Обама жана Британиянын премьер-министри Дэвид Камерон Сирия өкмөтү карапайым элге каршы химиялык курал колдонду деген ырастоолорго “өтө камтама болгонун” жана жооп катары айрым чараларды караштырып жатышканын билдиришти.

24-августта коопсуздук боюнча кеңешчилери менен жолугушкан Обама маселени Камерон менен да телефондон талкуулады. Британия өкмөтү жасаган билдирүүгө ылайык, Обама менен Камерон 21-августта болгон химиялык чабуул үчүн Сириянын куралдуу күчтөрү жооптуу деген олуттуу маалыматтарга тынчсыздануусун ортого салышты. Кошмо Штаттарынын айтымында, окуянын чоо-жайын иликтөө уланууда.

Дамаск өкмөтү газ чабуулу тууралуу дооматтарды четке кагып, козголоңчулар Батыштын куралдуу интервенциясына түрткү берүү үчүн провокацияга барууда деп айыптады.

Ал тапта АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү мамлекеттик катчы Жон Керри 22-августта Сириянын тышкы иштер министри Валид Ал-Муалем менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирди. Булактын ырастоосунда, Керри чабуулду Дамаск өкмөтү уюштурган болбосо, БУУнун инспекторлоруна ошол жерлерге барууга дароо уруксат берилүүгө тийиш деди. Керри ошондой эле кырдаалды Сауд Арабиянын, Иорданиянын жана Түркиянын тышкы мекемелеринин жетекчилери менен телефондон талкуулады.

“Чек арасыз дарыгерлер” эл аралык кайрымдуулук уюму Дамасктын жанындагы ооруканаларда көз жумган 355 кишиде жана 3 миң 600дөй бейтапта нейротоксикалык симптомдор аныкталганын билдирип, муну уулуу газ чабуулу менен байланыштырды.

Мего Терзян аттуу дарыгер нерв системасына залака тийгизген зат колдонулганынан күмөн жок экенин айтып, "бирок ал чабуулдун артында ким турганын айтуу кыйын" деп кошумчалады. Дарыгер кайсы химиялык зат пайдаланганын да так айта алган жок:

- 3 сааттын ичинде ооруканаларга аябай көп сандагы бейтаптар нейротоксикалык белгилер менен келишкенин айта алабыз. Мындай көрүнүш нормалдуу эмес. Адамдын нерв системасына таасир эткен зат колдонулганын 100 процент так айта алабыз. Бирок анын кайсы түрү экенин тактоого мүмкүнчүлүк жок. Андай куралды ким пайдаланганын - өкмөт аскерлериби же козголоңчуларбы - муну да айта албайбыз.

Сирия оппозициясына ыктаган булактардын айтымында, химиялык газ чабуулунан 500дөн миңге чейин киши каза тапты.

Дэвид Камерон жана Барак Обама
Дэвид Камерон жана Барак Обама
Малайзияда сапарда жүргөн АКШнын коргоо министри Чак Хэйгел Обама Сирияга карата аскердик чаралар көрүлүүгө тийиш деп чечсе, куралдуу күчтөр ага даяр турганын айтты. Кечээ АКШ деңиз күчтөрүнүн айрым кемелерин Сириядагы аскердик операцияга даярдай баштаганы маалымдалган.

- Президент Барак Обама Коргоо министрлигине кайрылып, болгон варианттарды даярдоону тапшырган. Биз аны аткардык жана президенттен тиешелүү көрсөтмө түшсө эле, ошол варианттардын бирин ишке ашырууга даярбыз.

Сирия менен коңшу Иорданияда америкалык Ф-16 согуштук учактары, жүздөгөн аскерлер жана ракетага каршы бөлүктөр жайгашкан.

Дамаск өкмөтү АКШны аскердик кийлигишүүгө барбоо жөнүндө эскертип келатат. Маалымат министри Омран ал-Зубинин айтымында, америкалык армиянын соккусу Жакынкы Чыгыштагы кан төгүүнү күчөтүүгө алып келет.

Сириянын өнөктөшү Иран да АКШны куралдуу операцияны баштабоого үндөдү. Тышкы мекеменин басма сөз өкүлү Аббас Аражи андай аракеттер кырдаалдын ого бетер начарлашына гана түрткү берээрин билдирди.

Кечээ Ирандын президенти Хасан Рохани Сирияда химиялык куралдан адамдардын өмүрү кыйылганын айыптап, бирок чабуулдун артында ким турганын комментарийлеген жок. Ирандын Тышкы иштер министрлиги уулуу газды козголоңчулар колдонгон деген версияны колдойт.

XS
SM
MD
LG