Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Республикачылар Обама менен таймашчу "шерди" тандай баштады


АКШ. Республикачылардын президентке талапкерлери улуттук коопсуздук боюнча дебат алдында. Вашингтон. 22-ноябрь, 2011
АКШ. Республикачылардын президентке талапкерлери улуттук коопсуздук боюнча дебат алдында. Вашингтон. 22-ноябрь, 2011

Кошмо Штаттарда Республикачылар партиясы президенттикке талапкерди тандоо өнөктүгүн баштады.

3-январда Айова штатында болгон кокуста же добуш берүүдө Мит Ромнини 122 255 шайлоочунун 25 пайызы колдоду. 64 жаштагы Мит Ромни Массачусетс штатынын мурдагы губернатору.
Алар (саясатчылар) сонун адамдар болушу мүмкүн, бирок алар жасаган иштери жана жүргүзгөн саясаты үчүн силердин алдыңарда жооп бериш керек.


Экс-сенатор Рик Санториум 8 добуш кем алды.

Республикачылардын саясый элегинен өтүп, күчтүү деп табылган талапкер демократ-президент Барак Обама менен шайлоого түшөт. Президенттик шайлоо АКШда 6-ноябрда болот.

Айовада жарышка республикачыл сегиз талапкер түштү. Мит Ромни эгер президент шайланса, “Америка кайра мурдагыдай иштейт” деп, өлкөнүн экономикасы эзелки кубатынан тайганына ишаара жасады.

Мит Ромни жана аялы Энн "Fort Des Moines" мейманканасынын холлунда кокус бүтөр замат. Айова. 3-январь, 2012
Мит Ромни жана аялы Энн "Fort Des Moines" мейманканасынын холлунда кокус бүтөр замат. Айова. 3-январь, 2012
"Президент Американы бүтүндөй өзгөртөм деди. Мен Американы өзгөрткүм келбейт,-деди Ромни . - Мен Американы жасаган принциптерди калыбына келтирүүнү каалайм. Бул биз сүйгөн Америка. Мен береги принциптерди Ак Үйгө алып баргым келет жана биз кайра иштеп жаткан Американы алабыз."

Мурдагы сенатор Рик Санториум кокустун жеңүүчүсүнөн сегиз добуш аз алды.

Техастык конгрессмен, либералдык көз караштагы Рон Пол 21 пайызга жакын добуш алып, үчүнчү болду. Өкүлдөр палатасынын мурдагы төрагасы Ньют Гингричти шайлоочулардын 13 проценти, Техастын губернатору Рик Перри 10 проценти колдоду.

“Чайга чакыргандар” же Tea Party деген консервативдүү кыймылдын мүчөсү, конгрессмен аял Мишел Бахманн 5 процент, ал эми Юта штатынын мурдагы губернатору Жон Хантсмэн 1 процент добуш алды.
Президентке талапкерлер, Массачусетстин мурдагы губерантору Мит Ромни (солдо) жана Техастын губернатору Рик Перри Рейгандын китепканасындагы президентке талапкерлердин дебатынан кийин. 7-сентябрь, 2011
Президентке талапкерлер, Массачусетстин мурдагы губерантору Мит Ромни (солдо) жана Техастын губернатору Рик Перри Рейгандын китепканасындагы президентке талапкерлердин дебатынан кийин. 7-сентябрь, 2011

Айовада шайлоочулары саналуу гана. Штатта республикачылардан президентке талапкерди шайлоочу 1143 гана делегат бар. Анткен менен, серепчилердин айтышынча, Айова талапкерлерге “чү” дегенден өзүн жалпы өлкөгө көрсөтүп алганга жакшы мүмкүнчүлүк берет. А начар талапкерлер ылганат. Ошон үчүн башка штаттарда саясый ийгиликке жетүү үчүн Айова мыкты трамплин болот.

Сурамжылоолорго караганда, 10-январда Нью-Хэмпшир штатында болчу келерки жарышта Мит Ромни утат. Анда Флорида жана Түштүк Каролина сыяктуу чоң штаттарда шайлоо өнөктүгүн кенен чабытты жүргүзгөндөй каражаты да жетиштүү.

Ромнини 2008-жылкы шайлоодогу республикачылардын талапкери Жон МакКейн колдоору маалымдалды.

Рик Санториум Айовадагы кездешүүлөрдө балдары мектепке барбай үйдө окушаарын, эркектин эркекке, аялдын аялга өз ара үйлөнгөнүнө каршы экенин баса белгиледи жана шайланган саясатчы ар бир жасаган кадамы үчүн эл алдында жооп берүүгө тийиш экенине көңүл бурду.

Төрт жылдагы президенттик шайлоодогу атаандаштар: демократтар Барак Обама жана Хиллари Клинтон (жогорку катарда солдон оңго), республикачылар Жон МакКейн жана Митт Ромни (ылдыйкы катарда солдон оңго).
Төрт жылдагы президенттик шайлоодогу атаандаштар: демократтар Барак Обама жана Хиллари Клинтон (жогорку катарда солдон оңго), республикачылар Жон МакКейн жана Митт Ромни (ылдыйкы катарда солдон оңго).
“Мен сиздер үчүн иштейм, башкалар үчүн эмес, - деди Санториум шайлоочуларга кайрылып. - Силердин өкүлүңөр силердин алдыңарда жооптуу болуш керек жана силердин президент да жооптуу болуш керек. Аларды жакшы көрүшүңөр мүмкүн. Алар сонун адамдар болушу мүмкүн, бирок алар жасаган иштери жана жүргүзгөн саясаты үчүн силердин алдыңарда жооп бериш керек. Бул силердин жарандык укугуңар.”

Талдоочулардын боолгошунча, Санториум башка штаттарда чоң колдоо таппайт. Айовадагы кокус шайлоо республикачылар арасында топтон суурулган алтан талапкер жок экенин да көрсөттү. Себеби делегаттар бирдиктүү талапкерди тандай албай бир нече саат бою кыжы-кужу болушту.

Демократиялык партиядан президенттикке кайрадан Барак Обама көрсөтүлүүдө. Обама айовалыктар менен болгон телеконференцияда анын президенттиги кезинде көптөгөн катардагы жарандар бекер медициналык тейлөөгө ээ болгонун, Ирактагы согуш аягына чыкканын баса белгиледи.

Дүйнөнүн финансылык шөө-шаалары жайгашкан Уолл Стриттеги финансылык операцияларды контролдоо боюнча жана кумсалардын армияда кызмат кылуусуна тыйуу салган мыйзамдар анын администрациясынын демилгеси менен кабыл алынганын эске салды.

XS
SM
MD
LG