Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:58

Америка Кошмо Штаттары - чыныгы демократиянын үлгүсү эсептелген, Конституцияны, адам эркиндиктерин сыйлоонун өрнөгү катары калыптанган дүйнөдөгү эң байгер өлкө экени жакшы белгилүү.

Бирок бул мамлекет ошол байлык менен демократиялык эркиндиктерге аябагандай катуу күрөштүн, эч качан токтобогон кызуу талаш-тартыштардын аркасында гана жеткенин, ал күрөш азыркы күнгө чейин уланып келатканын баарыбыз эле биле бербейбиз.

Муну жакшы түшүнүү үчүн Американын мамлекет катары тарыхына, айрыкча саясий тарыхына кыскача болсо да токтоло кетпесек болбостур. Ток этээрин айтсак, Американын бактысы - анын башында Европа маданиятынын прогрессивдүү идеяларына сугарылган, жаңы континентте башкача бир алдыңкы мамлекетти кургусу келген улуу ишмерлер турганында: Томас Жефферсон, Жорж Вашингтон, Авраам Линкольн, Жеймс Мэдисон, Гамильтон… Чынында да улуу ысымдар, улуу инсандар. Башкасын айтпаганда да, алар калтырып кеткен, азыркыга чейин Американы Америка кылып турган Конституция эле эмнени айтып турат.

Бирок Америка континентинин тарыхы ар кайсы мамлекеттерден жер которуп келген келгиндердин да тарыхы эмеспи. Голландиялык соодагерлер, Кортес баштаган испан конкистадорлору, португалиялык баскынчылар, Симон Боливар, англис колонизаторлору… Айта берсек, бул узун, кызык, ошону менен бирге өтө карама-каршылыктуу тарых. Атлантиканы сүзүп өтүп, алыскы Европадан жакшы турмуш, байгер жашоо издеп келген келгиндер үчүн эң биринчи кезекте жер ээлөө, ал жерлерди өздөштүрүү, иштетүү, түшүм алуу болгон. Ал үчүн адам күчү, колдон келсе абдан арзан адам күчү керек эле. Африкадан кул ташуу идеясы ошентип келип чыккан.

Христофор Колумбдун кемеси. Санта Мария, Испания

Христофор Колумбдун кемеси. Санта Мария, Испания

Баса, кулчулук жана анын тарыхы тууралуу эки ооз сөз. Американы адегенде Христофор Колумб ачып, бул жаңы материкке эң алгачкы европалыктар 16-кылымдан тарта келе баштаган эмеспи. Ошондон баштап англичан, испан жана португалиялык колонизаторлор Африкадан кулдарды ташып келүүнү колго алып, ошолордун күчү менен жаңы континентти айыл чарба жагынан өздөштүрө баштаган.

Эң биринчи кулдар англиялык колонисттер тарабынан 1619-жылы алып келинген дешет. Кийинчерээк кул сатуу өзүнчө бир чоң бизнеске айланып, ири шаарларда кадимкидей аукциондор, базарлар пайда болгон. Ал гана эмес алдуу-күчтүү, кожоюнуна ниети ак африкалык кулдардан тукум алып, “төлдөтүү”, б.а. көбөйтүү аракеттери да жасалган. Ошол кул сатуунун натыйжасында 1860-жылкы эсеп боюнча Америкада 12 миллион калкынын 4 миллиону Африкадан зордук менен алып келинген кулдар болгон экен.

Жалпысынан 16-кылымдан 19-кылымга чейин Америка континентине 12 миллион кул алып келинип, анын ичинен 700 миңге жакыны азыркы АКШнын территориясына жайгаштырылыптыр. Тарыхчылардын айтканына караганда, 19-кылымдын биринчи жарымындагы англис, испан жана португалиялык колонизаторлордун тапкан кирешесинин басымдүү бөлүгү дал ошол эмгеги арзанга бааланган кулдардын күчү менен табылган экен.

Ал эми Америка Кошмо Штаттарына келе турган болсок, кулчулук, ошол кулчулуктан келип чыккан расизм бул өлкөнүн эң чоң баш оорусуна айланып, аны чечүү үчүн жогоруда аталган улуу саясатчылар нечен аракеттерин жасашкан, болгондо да чын ниетинен жасашкан. Деле кулчулукту токтотуу Түндүк Американын эң мыкты деген саясий ишмерлеринин, философторунун тынчын алып, акыры 1863-жылы Кошма Штаттардын атактуу президенти Авраам Линкольн тарабынан катуу тыюу салынган жана ал үчүн Баш мыйзамга атайын түзөтүү (айтылуу 13-түзөтүү) киргизилген. Бирок көнүмүш болуп калган адаттан кетүү өтө кыйын нерсе го, кулчулук андан кийин да кеминде элүү жыл ар кайсы штаттарда улана бергени тарыхтан белгилүү. Болжол менен ошол жылдары Американын түштүк штаттарында Ку-Клукс-Клан деген расисттик уюм пайда болуп, Африкадан келген тургундарды жектөө, уруп-согуу, ар кандайынан коркутуу жана кемсинтүү токтогон эмес.

Авраам Линкольн

Авраам Линкольн

Расалык сегрегация негрлер үчүн эле эмес, АКШга жер которуп келген япондор үчүн да катуу колдонулган. 1905-жылы Калифорнияда атайын мыйзам кабыл алынып, “монголдор (жапондорду ушинтип аташкан) менен ак түстүүлөр никеге турбаш керек” деген эреже чыккан. Ал гана эмес 1924-жылы “Азиаттарды аралаштырбоо тууралуу” деген мыйзам да кабыл алынып, ал боюнча жапондор АКШнын атуулдугун алууга эч бир укук ала алган эмес. Ал эми Дүйнөлүк экинчи согуштун учурунда 120 миң жапон калкы атайын лагерлерге камалып, согуш бүткөнгө чейин ошол геттолордо баш калкалаганы тарыхтан белгилүү.

Ал эми Американын түпкү калкы - кызыл терилүү индеецтердин тагдыры да нечен трагедияларга тушуккан. Өз жери үчүн кандуу күрөштө нечен кыргынга учураган чароки, апач, пуэбло, ирокез сыяктуу легендарлуу индеец урууларын 1924-жылы гана атайын мыйзам менен АКШнын атуулу катары таанылган. Ошол индеецтердин үчтөн бир бөлүгү (жалпы саны ушу тапта 5 миллондун тегерегинде) азыр да атайын резервацияларда жашашат. Ушул фактынын өзү эле бул мамлекет расалык сегрегация менен кулчулук доорунун залдарынан кандай зор кыйынчылыктардан соң арылганын айтып турат го.

Ошол эле мезгилде өз укугун коргогонго үйрөнгөн кара түстүү америкалыктар да бара-бара баш көтөрүп, алар да өздөрүнүн кара расизмин баштаган. Маселен, Фард Мохаммед жана Элайжи Мохаммед сыяктуу ишмерлер “афро-центризм” деген агымды түзүшүп, афро-америкалыктардын адамзат тарыхындагы өзгөчө ордун, улуулугун далилдеген илимий окууларды жайылтышкан.

Ал гана эмес, Египет цивилизациясынын өзөгүн түзгөн да байыркы негритяндык уруулар деп эсептешкен. Ошентип, негритяндык шовинизм деген нерсе да пайда болгон. Башкача айтканда, өз укугун коргогонго үйрөнүп, аз да болсо илим-билимге жеткен америкалык африкалыктар кара расизмди баштап, анын кесепетинен нечен кагылыштар чыккан, ал гана эмес, миңдеген адамдар кыргынга да учураган.

Айтор, Америка демократиясынын тарыхы биринчи кезекте кулчулукка, расалык сегрегацияга каршы күрөшүүнүн тарыхы десек эч бир жаңылбас элек. Азыркы демократиялык бийик деңгээлге жетиш үчүн нечен оор окуялар баштан өтүп, нечен тар жол, тайгак кечүүлөр артта калган. Ушул жагынан алып караганда, Америка Кошмо Штаттарынын улуу жетишкендиктеринин бири анын Конституциясы десек туура болот го. Ал Конституциядагы эң маанилүү беренелердин бири - адам укуктарынын бузулбастыгы, жеке менчиктин кол тийбестиги жана ар бир атуулдун мыйзам алдында бирдейлиги жана бирдей жоопкерчилиги.

Былтыр 18 жаштагы ындыкара өспүрүм Майкл Браундун өлүмү жана аны атып алган полицейдин акталышы Кошмо Штаттарда жалпы улуттук талкууларды күчөтүп, раса аралык мамиледеги чыңалууга бар экендигине көңүл бурдурду. 14-август, 2014-жыл

Былтыр 18 жаштагы ындыкара өспүрүм Майкл Браундун өлүмү жана аны атып алган полицейдин акталышы Кошмо Штаттарда жалпы улуттук талкууларды күчөтүп, раса аралык мамиледеги чыңалууга бар экендигине көңүл бурдурду. 14-август, 2014-жыл

Бирок өткөн оор турмуштун элеси, кулчулуктун бир нече кылымга созулган тарыхы жана залдары бир заматта унутула калмак беле? Бүгүнкү күндө да каралар менен ак жүздүүлөрдүн ортосундагы расалык жиктешүү Американын оор маселелеринин бири бойдон калып келет.

Ушул тапта да бул зор мамлекеттин ар кайсы жерлеринде каралар менен ак жүздүүлөрдүн ортосундагы ар кандай конфликттер пайда боло калат. Маселен, жакында эле АКШнын бир катар шаарларында өткөн демонстрациялар, кара түстүү өспүрүмдү полиция атып салганы үчүн өтүп жаткан нааразылык акциялары расизм менен өз ара ишенбөөчүлүк Америкада дале болсо орун алып келатканын кабарлайт. 1963-жылкы улуу негритян ишмери Мартин Лютер Кинг бүтүн Америкага угуза айткан кыял жана тилек дале болсо актуалдуулугун жогото элек. “Менде ушундай бир кыял бар” (I have a dream) деп жар салган атактуу Аризоналык пастордун үнү азыр да Америкада күнү бүгүнкүдөй жаңырыктап тургансыйт. Ал кыял азыр да ар бир акыл-эстүүү америкалык атуулдун кыялы. Үмүтү жана тилеги.

Ошол улуу кыялдын ишке ашып жатканын бир белгиси - Американын атын чыгарып, дүйнө маданиятын жана спортун ар тараптан байытып жаткан африкалык америкалыктар эмей эмне. Ошол эле Мартин Лютер Кинг, Колин Пауэлл, Кондолиза Райс, Опра Уинфри, Майкл Жексон, Мухаммед Али, Уитни Хьюстон, Майкл Жордан, Майк Тайсон, Тайгер Вудс, Эдди Мерфи, Дензел Вашингтон, Бейонс - санай берсек толтура. Кала берсе азыркы президент Барак Обама да (Кениядан кийинчерээк көчүп келген мигранттын тукуму) ошол кыялдын ишке ашып жатканын реалдуу белгилеринин бири го. Балким ошол себептен Барак Обама президентикке шайланган күнү өңү ак да, өңү кара да бир катар атактуу америкалыктар кадимкидей ыйлашты, сүйүнгөнүн, эң бир аздек тилектерине жеткендерин жашырышкан жок.

Барак Обама

Барак Обама

Азыр АКШда 42 миллион кара түстүү америкалык жашайт. Негизинен алар түштүк штаттарда басымдуу. Тили, албетте, америкалык англис тили, бирок Африкадан келген миңдеген сөздөр азыр да пайдаланылганы үчүн (жалпы саны 4000 ге жакын) алардын тилин “афроамерикалык англис тили” деп да айтышат. “Негр” деген сөз расмий түрдө тыюу салынган, негизинен “түстүүлөр” же “афро-америкалыктар” деген сөз колдонулат.

… Атактуу француз философу Альфред де Токвиль Американы өз көзү менен көрүп, анын демократиялык улуу жетишкендиктерине таң бере, мындай деген сөзүн айткан экен: “Американын улуу күчү жана кудурети - анын адилеттигинде”. Бул да тарых тастыктаган чындык болду.

Америка Кошма Штаттары азыркы дөөлөтүнө демократия, эркиндик, адам укуктарын сыйлоо аркылуу жетти. Азыр эми африкалыктар Америкага чыныгы реалдуу демократия бар үчүн өз эрки менен тынбай агылып келүүдө. Демек Америка адилет жана ак ниеттүү мамлекет болсо, анын күчү да ташыйт, берекеси артат. Эгер маселе тескерисинен кетсе, бул улуу мамлекеттин күчү да азаят, куту качат, берекеси кетип, дөөлөттөн тайыйт.

Эзели адилеттиктен тайыба, Америка!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG