Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:55

Британия ИМ тобун бомбалоого кошулду


Британия "Ислам мамлекети" тобуна алгачкы соккуларын "Tornado" аскер учактары менен урду. 12-август, 2014-жылы тартылган сүрөт.
Британия "Ислам мамлекети" тобуна алгачкы соккуларын "Tornado" аскер учактары менен урду. 12-август, 2014-жылы тартылган сүрөт.

“Ислам мамлекети” тобуна каршы АКШ баштаган коалициянын Сириядагы аскерий аракеттерине Британия да кошулду. Британ парламентиндеги добуш берүүнүн артынан өлкөнүн аскер аба күчтөрү дароо эле алгачкы соккуларды жасады.

Бул аралыкта Вашингтондон америкалык расмий өкүлдөр Иракка жайгаштырылуучу жана ИМ тобуна каршы рейддерге тартылуучу атайын күчтөр боюнча түшүндүрмө беришти.

Британияга буга чейин “Ислам мамлекети” тобуна каршы Ирактагы аракеттерге тартылып, бирок Сириядагы аба соккуларга аралаша элек болчу.

Британия эми радикал экстремисттерге каршы Сириядагы аба соккуларга катышуусу зарылдыгын премьер-министр Дэвид Кэмерон 13-ноябрда Парижде болгон террордук чабуулдардан кийин айтып чыгышкан. Кэмерон өз сунушун согушкерлердин кол салуусун күтүп олтура бербестен, алардын өзүнө сокку уруу зарылдыгы менен түшүндүргөн болчу:

Дэвид Кэмерон парламентте. 2-декабрь, 2015-жыл
Дэвид Кэмерон парламентте. 2-декабрь, 2015-жыл

- Бул 2003-жыл эмес. Биз эски катачылыктарды кайдыгерликтин жана аракеттенбөөнүн жүйөсү катары колдонбошубуз керек. Кол куушуруп отура берүү биздин өзүбүздүн коопсуздук стратегиябызга, Сирия элинин коопсуздугуна ылайык келбейт. Аракетсиздик бул - тандоо жана менимче туура эмес тандоо. Биз айдан ачык коркунучка туш келип турабыз. Биз өзүбүздүн өнөктөштөрдү уктук, биз укуктук кеңештерди алдык. Бизде Улуттар Уюмунун бир добуштан жактырылган резолюциясы бар, - деди премьер Дэвид Кэмерон парламенттеги талкуу учурунда сүйлөп жатып.

Британ парламенти буга 2-декабрь күнү он саатка созулган талкуудан кийин уруксат берди. Бирок сунушту парламентарийлердин 397cи колдоп, 223ү каршы чыгышты.

Негизинен Лейбористтик партиянын депутаттары каршы болушту. Парламенттеги добуш берүүнүн артынан эле Британиянын Кипрдеги аба базасынан "Торнадо" аскерий учактары абага көтөрүлүп, ИМ тобунун Сириядагы турумдарын бутага алды.

ИМ тобун бомбалоого Британия дагы кошулду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:29 0:00

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген уюмдун байкоолоруна караганда, АКШ баштаган коалициянын учактары өткөн түнү Сириянын мунай өндүргөн жана “Ислам мамлекети” террордук тобунун колундагы Деир ал-Зор провинциясынын Жафра, Танак жана ал-Омар аймактарын бутага алган.

Британиянын ИМ тобуна бомбалоого кошулушун Орусия жана АКШ кубаттады. АКШ президенти Барак Обаманын пикиринде, британ мыйзамгерлери "биримдигин жана чечкиндүүлүгүн" көрсөттү. “Ислам мамлекети” тобу "глобалдык коркунуч" жана "глобалдык аракет менен гана жеңилет".

​Бул аралыкта АКШнын өзүндө Ак үй Иракка жайгаштырылуучу жана “Ислам мамлекети” тобуна каршы Ирак менен Сирияда рейддерге тартылуучу атайын күчтөр боюнча түшүндүрмө берип, алардын саны 200дүн тегерегинде экенин ырастады. Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест:

-Бул Ирак менен Сирияда биз буга чейин жасагандарга шайкеш келет. Бул ага катар ошол иштерди күчөткөндүк жана курамына 200дөй аскер кызматчысын камтыйт. Бул албетте мурдагы администрация жөнөтүп, Иракта жайгаштырган 100 миңден ашуун аскер менен салыштырганда кыйла айырмаланат.

Иракка атайын күчтөрдүн экспедициялык тобу жөнөтүлөрүн АКШ коргоо министри Эштон Картер эки күн мурда Конгресс комитетинде жарыялаган.

Картер кошумчалагандай, америкалык атайын күчтөр ИМ тобуна каршы кысымды күчөтүү үчүн Ирактын аскерлерине, күрттөрдүн Пешмерга күчтөрүнө жардам берет, маал-маалы менен рейддерди өткөрүүдөн тышкары барымтада калгандарды куткаруу, чалгын маалыматтарын жыйноо, “Ислам мамлекети” тобунун лидерлерин колго түшүрүү максатын да көздөйт.

Ал эми Сирияда АКШ администрациясы атайын күчтөрүнөн 50дөй адамды жайгаштырып жатат. Бул план алгач бир ай мурда жарыяланган.

Сириянын түндүгүнө жайгашуучу атайын күчтөр ИМ тобуна каршы күрөшүп жаткан күрт жана сириялык араб согушкерлерине кеңеш берүү менен коргоо министри Эштон Картердин айтымында, аба соккуларын күчөтүү үчүн чалгын маалыматтарын топтоо менен да алектенет.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG