Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:53
Америка Кошмо Штаттарынын эң эле таанымал жана тарыхый жактан мааниси өтө чоң президенти - албетте, Франклин Делано Рузвельт. Албетте бул мамлекеттин тарыхында андан башка да улуу лидерлер болгон. Мисалы, Авраам Линкольн өңү кара америкалыктарды азаттыкка чыгарып, кулчулукту жок кылуу үчүн зор иш жасады, ал эми Жорж Вашингтон болсо бул мамлекеттин эң биринчи жана эң эле демократиячыл конституциясын кабыл алдырды. А бирок Рузвельт өз өлкөсүн экономикалык эң чоң кризистен сууруп чыкты, ошону менен бирге дүйнөлүк экинчи согушта союздаштар менен бирге Батыш Европаны жана Батыш Германияны фашисттерден бошотуп, Американын жеңүүчү мамлекеттердин бирине айлантты.




Баса белгилей турган дагы бир нерсе, согуш убагында адам саны жагынан эң аз чыгымга учураган Американын аскерлери болду. Ыгы келсе да, келбесе да элге “Алга!” деп ураан чакырып, аскерлерди жамгырдай жааган окко айдай берген Сталинден айырмаланып, Рузвельт ар бир солдаттын өмүрүн эң баалуу дүнүйө катары карады, согуш иштеринде аскерий чеберчиликтин эң жогорку чегин көрсөтө алды. Ошондуктан согуш убагында ар бир каза болгон америкалык солдатка 15 немис аскери, 53 советтик аскер туура келди. Башкача айтканда, эң көп кырылган, америкалыктардан 53 эсе көп набыт болгон советтик солдаттар болду, эң аз кырылган Франклин Рузвельт жетектеген америкалык аскерлер болду.

Уинстон Черчилл, Франклин Рузвельт жана Иосиф Сталин Ялтадагы конференцияда, 11-февраль, 1945.

Уинстон Черчилл, Франклин Рузвельт жана Иосиф Сталин Ялтадагы конференцияда, 11-февраль, 1945.

Эми өткөн кылымдын 30-жылдарында Американы тизелеткен экономикалык кризиске келели. Бул кризисти тарыхчылар Улуу депрессия деп атап келишет. Андай кризис Америкада мурун да, кийин да эч бир болгон эмес экен. Маселен, Нью-Йорктогу атактуу Бруклин көпүрөсүнөн сууга боюн таштап каза болгон бей-бечаралар депрессия учурунда ушунчалык көп болуп кеткендиктен, көпүрөнүн эки капталын тор менен тосуп коюуга аргасыз болгон күндөр да болгон. Ошондо мамлекеттин эки тизгин бир чылбырын колуна алып, оппозициянын тилин таап, бирин мактап, экинчисин коркутуп, керек болсо бийлигинин күчү менен кысымга алып, демилге артынан демилге көтөрүп жатып, акыры Американы экономикалык саздан чыгарып кеткен экен Франклин Делано Рузвельт.

Жумушсуздукту кыскартуу, элдин курсагын тойгузуу Рузвельттин негизги социалдык программасы болгон. Карапайым калктын турмушуна өтө көп көңүл бургандыгы үчүн Рузвельтти “америкалык социалист” деп атаган күндөр да болгон, бирок анын негизги максаты - жумушсуздукту жоюу жана элдин ою менен көңүлүн тынчытуу, келечекке ишенимин арттыруу болгон. “Биз корко турган бир гана нерсе бар, ал - коркунуч” деп айткан экен Рузвельт.

Эми Рузвельттин өмүр баянына келели. Франклин бардык жагынан келишкен байгер үй-бүлөдө туулуп-өсүп, жалгыз уул болгондуктан, жаштайынан абдан жакшы тарбияланып, атактуу Гарварддан, Колумбия университетинен билим алган. Саясатка жаштайынан абдан катуу кызыгып, чоң саясатка эрте аралашкан. Тилекке каршы, эми жылдызы жанып келаткан кезде полиомиелит оорусуна чалдыгып, эки буту шал болуп, жигитчиликтин жетилген курагында майыптык креслого отурууга аргасыз болгон. Бирок жалаң эркинин күчтүүлүгүнөн ички арманын эч кимге билгизбей, тескерисинче өзүнө-өзү ишенүүнүн эң мыкты үлгүсүн көрсөткөн.

Американын президенти болуп төрт жолу шайланып, мамлекетти кризистин терең сазынан сууруп чыгарып, дүйнөлүк согушта жеңүүчүсүнө айлантып, өз өлкөсүн жер жүзүндөгү эң күчтүү супердержава кылып таштап кеткен.

Франклин Рузвельттин инсан катары өзгөчөлүктөрүнө да кыскача токтоло кетели. Албетте, Франклин биринчи кезекте саясаттын адамы болгон. Бийликти алганды да, пайдаланганды да жакшы билип, ошону менен бирге чоң саясаттын чоң оюнчусу, теңдеши жок артисти болгон, деп жазат анын биографы Детлеф Юнкер. Төрт жолу президент болуп шайланып, бирок эч качан демилгени колдон чыгарбай, атаандаштарынан ар дайым алдыда жүрүп, айрыкча пресса менен, гезит-журналдар менен тыгыз иш алып барган. Ошон үчүн Рузвельт дээрлик жыйырма жыл басма сөздүн чыныгы падышасы, негизги каарманы болуп, ошону менен бирге элди да эч качан тажатпай, ар качан калктын көңүлүндөгү сөздү таба билген.

“Менин күчүм - эң мыкты кадрларды тегерегиме топтой билгенимде” дечү экен президент. Ошону менен бирге ар дайым альтернативалуу идеяларга кенен жол ачып, керек болсо министрлерди өз ара атаандаштырып, биринен экинчиси озом деген чиновниктерди тымызын колдоп, бирок өзүн да унутпай, ар дайым өзүн Американын негизги адамы катары көрсөтчү экен.

Ошентип төрт жолу мамлекетке башчы болуп, Американы дүйнөнүн эң бай мамлекетине айлантып, 1945-жылдын апрелинде, фашисттик Германия жеңилээрине бир айга жетпеген убакыт калганда мээсине кан куюлуп, бү дүйнөдөн узап кете берген экен Франклин Делано Рузвельт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG