Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:19

Ирак: Мосулду согушкерлер ээлеп турат


Ирак, 10-июнь, Мосул.
Ирак, 10-июнь, Мосул.

Кошмо Штаттары менен Бириккен улуттар уюму Мосул шаарынын согушкерлердин колуна өтүшүнө тынчсыздануу билдиришүүдө.

Мосул Ирактын түндүгүндөгү автономдуу Күрдистан менен чек аралаш күрттөр менен арабдардын ортосунда талашка түшкөн Найнава провинциясынын борбору жана Ирактын экинчи эң ири шаары болуп саналат.

БУУнун качкындар агенттиги Мосулдагы соңку күндөрдөгү айыгышкан салгылаштардан карапайым тургундар арасында курмандыктар көп экендигин билдирүүдө.

"ал-Каида" тобу менен алакалаш «Ирак жана Левантедеги Ислам мамлекети» деп аталган уюшмалардын согушкерлери кечээ 10-июнда Мосул шаары менен катар Найнава дубанынын көп жерлерин каратып алышты.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Жен Псаки бул уюм бүт аймакка коркунуч келтирип жаткандыгын эскертти. Бул уюмдун согушкерлери Ирактын батышындагы Анбар дубанынын баш калаасы Рамади менен катар, ага коңшулаш Фаллужада январь айынан бери бир катар шаардык оодандарды басып турушат.

Бириккен улуттардын баш катчысы Пан Ги Мун Ирактын жетекчилерин өлкө туш келген коркунучтардын алдында улуттук биримдикти сактоого чакырды.
Ирактын өкмөт башчысы Нури ал-Малики парламентке өлкөгө чукул абал киргизүүнү сунуш этүүдө. Бирок парламенттин төрагасы Осама ал-Нужаифи «чукул абал киргизүү даана кыйраканга алып барат» деп эскертти.

Ошол эле мезгилде спикер Кошмо Штаттарынан Иракты колдоону суранганын жашырган жок.

Күрдистандын өкмөт башчысы Нехрван Барзани Багдад өкмөтүнүн Мосул кризисине карата саясатын сынга алып, күрттөр шаарды коргоо үчүн Ирактын коопсуздук күчтөрү менен кызматташууга кызыкканын, бирок андан майнап болбогондугун белгиледи.

Өз билдирүүсүндө Барзани күрттөрдү Мосулдан качкандарга көмөк көрсөтүүгө чакырып, Бириккен улуттар уюмунун Качкындар агенттигинен да жардам сурады.
Ак үйдүн маалымат кызматынын өкүлү Жош Эрнест өз кезегинде Кошмо Штаттары Иракка кандай жардам берүүнүн жол-жобосун ойлоштуруп жаткандыгын бышыктады:

– Биз кырдаалга жакындан көз салуудабыз. Бизди Мосултагы коопсуздук кырдаал акыркы күндөрү кескин начарлап кеткендиги тынчсыздандырат. Экстремисттер менен күрөшүп жаткан ал-Маликинин өкмөтүн жана ирак элин кантип колдоону ойлонуштуруп жатабыз.

Баяндамачылар Ирактагы түзүлгөн татаал абалга диндер аралык тиреш шыкакчы болуп жаткандыгын белгилешүүдө. АКШдагы Бруклин Илимий изилдөө институтунда Тышкы саясат программасын жетектеген Майкл О-Харлин "Азаттыкка" буларды баяндады:

– Ооганстанда секталар арасындагы тиреш анчалык эмес. Ооганстанда эки башка улуттагы президенттик талапкерлер көп улуттуу шайлоочулар менен тил табышып жатышат. Ал эми Иракта көп көйгөйлөрдүн төркүнү өкмөт башчысы Нури ал-Малики суннит, шиит, күрттөр ортосун ынтымакташтыра албаганына барып такалат.

Ал арада Рейтер агенттиги «Ирак жана Левантедеги Ислам мамлекети» согушкерлери Багдаддан Мосулга баруучу чоң жолдун боюндагы мунай иштетүүчү Байжи шаарына кол салып, соттун имаратына жана полиция бекетине өрт коюшканы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG