Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

БУУ ирактыктарды улуттук диалогго чакырды


Мосулдагы согуштан качкандардын лагериндеги жаш балдар. Күрдистан. Эрбил. 11-июнь.
Мосулдагы согуштан качкандардын лагериндеги жаш балдар. Күрдистан. Эрбил. 11-июнь.

Ирактагы кырдаал БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги чукул жыйында талкууланды. Коопсуздук кеңеши Ирак үчүн улуттук диалог зарылдыгын белгилеп, “террорчул” аракеттерди айыптады.

Бул аралыкта Багдадды алууну убада кылган согушкерлер түштүк тарапка жылууда. Борбордо коргонуу чаралары күчөтүлдү. Ирактагы окуялардан улам эл аралык базарда мунай баасы кымбаттады.

БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө 15 өлкө чукул жыйынга “ал-Каида” менен байланышы бар топтун согушкерлери Ирактын эки шаарын ээлеп алгандан кийин чогулду.

Кеңештин учурдагы төрагасы, Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин отурумда жасалган билдирүүлөрдү жыйынтыктап жатып, буларга токтолду:

- Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү аракеттердин баары Конституциянын чегинде болуусу керектигин, эл аралык гуманитардык укук жана адам укуктары жаатындагы стандарттар акталуусу зарылдыгын айтышты. Алар ошондой эле кеңири масштабдагы жалпы улуттук диалогдун маанилүүлүгүн, бул үчүн конкреттүү мүмкүнчүлүк Иракта жаңы парламентти жана өкмөттү куроо аркылуу жараларын белгилешти.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Ирактын өкмөтүнө жана элине террорчулукка каршы күрөштө колдоо көргөзүү менен бирок өлкөнүн эки шаарын басып алган исламчыл согушкерлерге карата чара көрүүнүн жолдору боюнча чечимин же сунуштарын берген жок.

БУУнун Ирактагы өкүлү Николай Младенов болсо Багдаддагы басма сөз жыйында өлкөдөгү абалды мындайча мүнөздөдү:

- Ирак азыркы учурда акыркы бир нече жылдан бери өлкөнүн суверенитетине жана аймактык бүтүндүгүнө туулган коркунучтун эң олуттуусуна кабылууда. Бул кризисти жөнгө салуудагы жол, ыкма эң биринчи кезекте коопсуздукка гана багытталбоосу керек. Өлкөнүн саясий лидерлери үчүн биригип, пикир келишпестиктерин артка таштап, Ирактын келечеги үчүн иштей турган кез келди.

БУУнун өкүлдөрүнө чейин АКШ президенти Барак Обама согушкерлердин алга жылышы Ирактын бийликтери үчүн “ойготуучу коңгуроо” экенин, өлкөдө шииттер менен сунниттер ортосундагы ажырымды азайткыдай иштер жасалуусу зарылдыгын билдирген эле.

Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики менен телефон сүйлөшүүсүндө АКШнын вице-президенти Жо Байден Вашингтон коопсуздук боюнча жардамын тездетүүгө даярдыгын билдирген.

Мамлекеттик катчы Жон Керри бейшемби күнү Вашингтондон кабарчыларга:

- Биз Иракта болуп жаткандарга абдан тынчсызданабыз. Бирок тынчсызданып эле күтүп отурбастан, жардам да көргөзүп жатабыз. Премьер- министр ал-Малики жана башка лидерлер менен такай байланыштабыз. Президент Обама кыска мөөнөт ичинде негизги чечимдерди кабыл алууга даяр. Ал өзү ачыктагандай, күн тартибинде бардык варианттар турат. Кандай чечим болорун учуру келгенде президенттен угасыңар.

Мунун алдында оппозициядагы республикачылар Обаманын администрациясын Ирактагы окуяларга маани бербей жатканы үчүн айыптаган эле.

Америкалык айрым расмий өкүлдөрдүн айтымында, Вашингтон азыр Ирактагы согушкерлерге каршы учкучсуз башкаруудагы учак менен операция өткөрүү мүмкүнчүлүгүн караштырууда.

“Нью-Йорк Таймс” гезити жазгандай, премьер-министр Нури ал-Малики өткөн айда АКШдан аба соккуларын жасап берүүнү суранган. Бирок басылма белгилегендей, аскерий чара Вашингтон үчүн жаман идея болуп турат. Анткени, ал Ирактагы согуштун жаңы айлампасына кире албайт.

Буга дейре Мосул менен Тикритти ээлеген жихадчылар кечээ түндүк-чыгыштагы Дияла провинциясынан Саудия менен Жалаула деген эки шаарчаны да ээлешкен.

“Ирак жана Левантанын ислам мамлекети” тобу ошондой эле Мосулду баш кылып, өздөрү көзөмөлдөгөн аймакта шарият мыйзамы орнотуларын жарыялады.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG