Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

"Центерра" менен сүйлөшүү башталды


Кумтөр алтын кениндеги абалды иликтеген мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү Кумтөрдө, 9-октябрь, 2012.
Кумтөр алтын кениндеги абалды иликтеген мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү Кумтөрдө, 9-октябрь, 2012.

Кыргыз өкмөтү менен "Центерра" үч ай ичинде тил табыша албаса маселе эл аралык арбитражда чечилиши мүмкүн.

Кыргыз парламенти өткөн жумада 2009-жылы Кумтөр боюнча түзүлгөн келишимди бузууну жактап, “Центерра голд инк” менен сүйлөшүү үчүн өкмөткө үч ай мөөнөт берди. “Центерра голд” өз кезегинде 2009-жылкы келишимди мыйзамдуу деп атады. Бул мөөнөт ичинде тараптар орток пикирге келе албаса, анда маселе эл аралык арбитражда чечилип калышы күтүлөт.

Эки ача позиция

Кыргыз өкмөтүндө Кумтөр боюнча келишимди дароо жокко чыгарып, “Центерра голд инкти” келишим боюнча эмес, азыркы мыйзамдар менен иштетүүгө жетишүүнү көздөгөндөр да болду. Бирок акционерлер менен маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө мүмкүнчүлүк берилди.

“Центерранын” жетекчилиги да пикир келишпестикти сүйлөшүү менен чечүүнү жактап, бирок 2009-жылкы келишимди мыйзамдуу деп атап жатат. Мындай билдирүүнү компания 21-февралда өз сайтына жарыялады.

Ал билдирүүдө 2009-жылкы келишим кыргыз өкмөтү, парламенти тарабынан кабыл алынып, конституциялык сот тарабынан бекемделгени жана мындан аркы пикир келишпестиктер эл аралык арбитражда чечилиш керектиги белгиленген.


Кумтөрдүн тегерегиндеги кыйылган дарактар.
Кумтөрдүн тегерегиндеги кыйылган дарактар.
Компания ошондой экологиялык зыян үчүн Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча агенттик тарабынан салынган 315 млн. доллар айыпты да негизсиз деп эсептеген. Экологиялык зыян үчүн “Центеррага” 2012-жылы да 152 млн. доллар айып салынган эле.

Атын атагысы келбеген Кыргызстандын мурунку өкмөт башчыларынын бири эки тараптын азыркы эки ача позициясы соттошууга алып келет дейт. Ошол эле мезгилде ал "канадалыктар сотко чейин орток пикир табууга кызыкдар, анткени алар Кыргызстан менен араздашууну каалабайт", - деп эсептейт.

Коррупцияга каршы конвенция жардам береби?

Оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаров 2009-жылкы келишимдин дароо денонсацияланбашы “Центерранын” кызыкчылыгында деп эсептейт. Анткени келишимдин күчүндө кала бериши алар үчүн ыңгайлуу.

Бекназаров Кыргызстан эл аралык сотко өз жүйөөсү менен барыш үчүн Кумтөр боюнча жетишилген келишимдер коррупциялык болгонун далилдеш керек деген пикирде:

- 2005-жылы эки кылмыш иши козголгон. Ошону тез аранын ичинде кайрадан жандантыш керек. Акаевдин айланасында, Танаевдин айланасында болгон иштер. Ошону менен эл аралык сотко коррупциялык схемалар бар экенин далилдешибиз керек. Коррупциялык схемалар менен келишим түзүлгөндө, менимче, Канада дагы, Америка дагы бизге жардам берет. Соттор дагы “Коррупцияга каршы” конвенцияга ылайык, маселени биздин пайдабызга чечет.

Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеев Жогорку Кеңештин сүйлөшүү үчүн мөөнөт берүүсүн туура чечим катары баалап, “Центерра” компромисске барууга даяр деп эсептейт. Дүйшеевдин пикиринде, Кыргызстан салыктын өлчөмүн азыркы 14%дан 22%га чейин көбөйтүп, Директорлор кеңешиндеги 9 орундун алтоосун ээлеш керек. Буга келишимди бузбастан, аны өзгөртүү аркылуу жетишүүгө болот. Ал эми келишимди бузуу катастрофага алып келет деген Дүйшеев буларга токтолду:

- Тийбей эле койсо да Кыргызстандын бюджетине 200 млн. долларга жакын акча түшөт. Мындай кайсы ишкана бар? Жок. Ошондуктан азыр шашыштын кереги жок. Акыл менен чечим кабыл алыш керек. Ага алар да макул болот, биз да макул болобуз.

Кумтөр маселесин чечүүдө Кыргызстанда мына ушундай эки ача пикир өкүм сүрүүдө. Ал кандай чечилерин сүйлөшүүлөр көрсөтөт.

Азырынча эки ортодогу келишпестик компаниянын акциясынын баасынын арзандоосуна алып келүүдө. Азыркы мезгилде Торонто биржасында “Центерранын” бир акциясынын баасы 6 доллар 93 цент болууда. Январь айында бул баа 10 доллардын тегерегинде болуп жаткан.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG