Референдумга катышкан 11,5 миллиондон ашуун ирактыктар, бийликтердин айтымында, бир кишидей добуш беришти. Референдумга көз карандысыз байкоочулар катыштырылган жок. Ирактагы биринчи референдумда –1995-жылы Хусейн шайлоочулардын 99, 96 процент добушун алган эле. Кошмо Штат тарында Ак үйдүн өкүлдөрү Ирактагы референдумдун өзүн, анын жыйынтыктарын дүйнөдө эч ким олуттуу иш деп эсептебей тургандыгын билдиришти. Саддам Хусейн Иракты 23 жылдан бери армиянын жана полициянын күчү менен башкарып келет.