Ошондой эле компания тууралуу массалык маалымат каражаттарында айтылып жаткан маалыматтарды четке кагып, «Кател» 1994-жылы кыргыз өкмөтү менен АКШлык ТК Тел.ЛТД компаниясы ортосунда түзүлгөндүгүн жана 97-жылы «Кыргызтелеком» менен бирге эле эл аралык телефон байланыш кызматын көрсөтүү укугун алгандыгын кабарлады. 1998-жылы өкмөт «Кыргызтелекомго» эл аралык байланыш кызматын көрсөтүү укугун өзгөчөлөнтүп бергендигин, муну менен өкмөт «Кателдин» укугун бузуп жаткандыгын жарыя кылды.