Швециянын тышкы иштер министрлиги Ирандын Стокгольмдогу элчилигинин соода бөлүмүнүн кызматкерин "аскердик максаттарда пайдаланыла турган продукцияны сатып алууга аракеттенди" деген айып менен мындан үч күн мурда өлкөдөн чыгарып жиберген болчу. Ирандын өкүлчүлүгү бул айыптоону четке каккан.