Армения Орусияга карызы үчүн ишканаларын берет.

Армения Орусияга болгон 100 миллион доллардык карызынын ордуна өзүнүн беш ишканасын берет. Мындай келишимге бүгүн Ереванга Орусия премьер- министри Михайл Касьянов келген учурда кол коюлду.
Эми келишимге ылайык Орусиянын менчигине Армениянын үч илим изилдөө институту, бир фабрикасы жана бир жылуулук берүүчү электр станциясы өтөт. Орусия премьер-министри Михайл Касьяновдун айтымында, жогорудагыдай макулдашуу эки өлкөнүн экономикасы үчүн бирдей пайдалуу.