МАКЕДОНИЯДА БОРБОР ЕВРОПАЛЫК САММИТ БОЛУП ӨТТҮ.

Македониянын борбору Скопье шаарында бүгүн - "Борбор Европа демилгеси" аттуу уюмдун саммити аяктады. Кечээ күнү - Борбор Европа өлкөлөрүнүн тышкы иштер министирлери, бүгүн болсо, премьер-министрлер жолугуп, региондогу экономикалык жана стабилдүүлүк маселелерин талкуулады. Жыйында кабыл алынган декларацияда - терроризм, уюшулган кылмыштуулук, курал жана баңги заттардын мыйзамсыз айланышына чогуу күрөшүүгө чакырык жасалат. 17 өлкө жетекчилери: НАТО уюмуна жаңы мүчөлөрдүн кабыл алынышы Борбор Европанын өнүгүүсүнө жаңы ыңгайлуу шарттарды түзөт, - деген да чечимге келди. Уюм - Австрия, Италия, Мажарстан жана мурдагы Югославия тарабынан 1989-жылы негизделген.