КЕЧЭЭ КЕЧИНДЕ ИСЛАМЧЫЛ ЖООКЕРЛЕР ХЕБРОН ШААРЫНДА 12 ЖӨӨТТҮ ӨЛТҮРҮП КЕТТИ.

Кечээ күнү кечинде - Йордан дарыясынын батыш жээгиндеги Хеброн шаарында куралчан палестиндер - сыйынуудан кайтып келаткан көчөдөгү жөөттөргө ок атып, 12 адамды өлтүрүп кетти, дагы 15-ке жакын киши жарат алды. Бул кандуу окуяга жоопкерчиликти "Исламдык Жихад" аттуу уюм өзүнө алды. Ага жооп катары, Израил аскерлери бүгүн Хеброн шаарында ондогон палестинди камакка алып, алардын үчөөнү атып өлтүрдү.