Бул жерде ал сурак берет. Полициянын айты мында, Самудра Балидеги террорду уюштурганын, ошондой эле мындан эки жыл мурда христиандардын чиркөөлөрүн жардырганын моюнга алды. Самудра жана анын дагы үч жан-жө көрү ушул аптада кармалган эле. Самудраны эл аралык “Аль-Каида” террордук уюму менен кызматташкан экстремисттик “Жемааи Исламия” тобунун башкы жетекчилеринин бири деп эсептешет. Балидеги террордон быйыл 200дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган эле.