Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Балтикалык үч өлкөнүн НАТОго мүчө болгонго чакырык алышы менен куттуктады.

Вильнюста бүгүн борбордук аянтта сөз сүйлөп, Буш Литванын, Латвиянын жана Эстониянын каарман калкы эми агрессияга туш келсе, жалгыз калбайт деп билдирди. “Силер үчүн коогалуу,түпөйүлдүү узак түн бүттү, силер НАТОнун алдуу-күчтүү жана айбарлуу бүлөсүнө кошулдуңар. Биздин альянс эми силерди колдоп-коргоп алмакчы.Литваны ким өзүнө душман санаса,ал Кошмо Штаттарын да өзүнө душман кылат”, деп айтты Буш. Буш мунун алдында үч өлкөнүн лидерлери менен жолугушту.Литванын президенти Валдас Адамкус америкалык президентке өлкөнүн ардактуу сыйлыгын тапшырды.Буш андан соң Румынияга келди,бул жерде ал румын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ошол эле күнү кечинде Буш Вашингтонго кайтып кетти.