Мыйзам чыгаруу жыйыны карыздарды кечүү жөнүндө мыйзам кабыл алды.

БИШКЕК. 13-декабрда Мыйзам чыгаруу жыйыны өкмөт сунуштап жаткан «Салыктардан, финансылык жана штрафтык санкциялардан пайда болгон карыздарды реструктризациялоо жөнүндө» мыйзамды биринчи окууда кабыл алды. Өкмөт бул мыйзам аркылуу 5 миңдей ишкана, фирмалардын 2 млрд. 350 млн. сом карызын жоюуга аракеттенүүдө. Финансы министринин орун басары Мурат Исмаиловдун айтымында, карыздардын басымдуу бөлүгү, тактап айтканда 1 млрд. 750 млн. сому штрафтардан жана финансылык санкциялардан пайда болгон. «Мыйзамда карыздардын ушул бөлүгүн жою каралган жана ал кабыл алынса, бюджетке 300 млн. сом түшөт», деди М. Исмаилов. Бирок депутаттар Абсамат Масалиев жана Исмаил Исаков «бул коррупцияны мыйзамдаштыруу болорун» эскертсе, калган бир катар депутаттар бул мыйзам аркылуу жумуруяттагы айрым ишканалардын андан ары өнүгүүсүнө шарт түзөрүн билдиришти.