Экономиканын 2002-жылдагы көрсөткүчтөрү.

БИШКЕК. Кыргызстанда 2002-жылы инфляциянын көлөмү 2.2%, өнөр жайдын төмөндөшү 15% жетип, ал эми айыл-чарбасынын өсүшү 3.2% болору болжолдонууда. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Өкмөт башчысы Николай Танаев 23-декабрда кечинде селектордук жыйын өткөрө баштады. Анда өлкөнүн 2002-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана кышкы жылытуу мезгилинин өтүшү каралмакчы.