Кыргызстанда саясий иликтөө фонду түзүлдү.

БИШКЕК. Кыргызстанда саясий иликтөө жүргүзүүчү «Келечек долбоору» аттуу коомдук фонд пайда болду. Бул тууралуу 19-декабрда өткөн маалымат жыйынында, фонддун уюштуруучулары Ишенбай Абдуразаков, Муратбек Иманалиев жана Нурбек Элебаев маалымат беришти. Алардын айтымында, фонд мамлекеттеги азыркы олуттуу проблемалар боюнча ой жүгүртүп, андан чыгуунун жолдорун өткөн мезгилдеги, учурдагы көрүнүштөрдүн негизинде табуу жана келечекке саресеп салып, иликтөө жүргүзүү максаты менен түзүлдү. «Өз элиңдин,урпактарыңдын жана абийириндин алдында чынчыл бол» деген ураандын алдында иш алып бара турган бул фонд Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркын жогорулатуу жана келечек муунга кам көрүү багытында да иш алып барат.