Бүгүн Нью Йоркто БУУнун Коопсуздук Кеңеши Ирак маселесин жабык эшик артында талкуулайт.

НЬЮ-ЙОРК. Бүгүн Нью Йоркто БУУнун Иракты куралсыздандыруу программасынын башчысы Ханс Бликс Коопсуздук Кеңешинде сөз сүйлөп, Ирактын куралдар декларациясына алгачкы баасын берет. Коопсуздук Кеңешинин жыйынына баратып, Бликс декларацияда болор-болбос гана жаңы маалымат камтылганын, документте келтирилген маалыматтын көбү Ирактын 1998- жылкы декларациясында бар экенин билдирди.