Кытайдын белгилүү диссиденти камакка алынды.

Кытайдын "Синьхуа" агенттиги 20-декабрь күнү билдиргенге караганда, 5-декабрь күнү Гуандун провинциясында белгилүү диссидент Ваң Биңжан кармалып, камакка алынды. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында ал дагы эки демократиялык ишмер менен кошо Кытай-Вьетнам чек арасынан жашыруун өтүп, качып кеткен. Азыр Ваң “Тайванга Кытайдын мамлекеттик сырларын саткан” деп күнөөлөнүүдө. Кытайдын демократиялык күчтөрүнүн айтымында, Кытайдын коопсуздук кызматы Ваңды Вьетнамдан таап кармап келген.