Түркмөн газы Пакистанга качан жетет?

Ашхабад шаарында Ооганстан, Пакистан жана Түркмөнстан лидерлеринин эки күндүк жыйыны ачылды.
Ооганстан президенти Хамид Карзай, Пакистандын премьер-министри Мир Зафарулла Хан жана Сапармурад Ниязов үч мамлекет аркылуу өтүүчү 2 миллиард долларлык газ боросунун долбоорун талкуулашат.
ИНТЕРФАКС жаңылыктар агенттигинин кабарлашынча, Түркмөнстандын Давлетабад-Донмез кенин Пакистандын Мултан шаары менен туташтырган 1460 чакырымдык боро ишке кирсе, боро аркылуу жылына 20-30 миллиард куб метр газ ташылат.