НАТО Иракка каршы согушту колдойт.

Вашингтон Иракка согуш ачса, Кошмо Штаттарды колдоо НАТОнун моралдык парзы деди НАТОнун баш катчысы Жорж Робертсон бүгүн Би-Би-Си радиосуна берген интервьюда.
Өткөн айда Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши кабыл алган резолюцияда Ирак химиялык, биологиялык жана ядролук программасын жок кылбаса, анын аягы өтө жаман бүтөт деп эскертилген.