Феликс Куловдун адвокаты анын маселеси боюнча өтүнүч катты Бириккен Улуттар Уюмуна жиберүүгө даярданууда.

БИШКЕК. ««Ар-Намыс» партиясынын учурда камакта жаткан төрагасы Феликс Куловдун маселесин кароо өтүнүчү Бириккен Улуттар Уюмунун кароосуна даярдалып жатат», - деп билдирди 31-декабрда Куловдун адвокаты Токторбек Ашыркул уулу. Анын айтымына караганда, өтүнүч даярдоого зарыл көрсөтмө-маалыматтар Адвокаттардын Эл аралык Ассоциациясынан алынды. Бирок, ушул жылдын 11-октябрында өкүм чыгарган Бишкек шаардык соту сот жараянынын жыйынтыгы тууралуу протоколду колго бербей жатат.