Жарылуудан жарадар болгондордун өмүрүнө коркунуч жок.

БИШКЕК. «27-декабрда «Дордой» базарында болгон жарылуудан жапа чеккен адамдардын 23ү борбордогу ооруканаларда дарылануусун улантууда. Алардын экөөсү тез жардам көрсөтүүчү № 4 оорукананын реанимация бөлүмүндө жатат. Бирок алардын өмүрүнө коркунуч жок», - деп билдирди шейшемби күнү саламаттык сактоо министрлигинин башкы хирургу Самат Тойматов «Азаттыкка». Анын айтымында, ооруканадагы адамдар негизинен 27-декабрдагы жарылууда учкан темир сыныктарынан жабырланышкан. Алардын ичинен 8 адамга операция жасалды. «Ооруканадагылардын төртөөнө узак мөөнөттүү дарылануу талап кылынат», деп белгиледи С. Тойматов.